Сулуу, жаш, энергиясы ашып-ташкан кыз. Маектешиме ушундай мүнөздөмө жарашчудай. Тез, ойлонбой, эркин жооп берип жаткан Кызсайкалдын жашоосунда өзгөрүү пайда болгонун байкадым. Ал өзгөрүү эмне экенин маекти окусаңыз сиз да билесиз.
– Кызсайкал, салам. Жакшы жаңылыктарың менен келдиң болуш керек?
– Саламатсызбы? Ооба, биздин үйдө жакшы жаңылык болду десем болот. Атама мага жаккан жакшы машина сатып бердим. Азыр атамдын «беш эркек бала жасай албаган нерсени жасап коё турган кызым бар» деп сүйүнүп жаткан кези. Алты ай мурун атамдын туулган күнүн өткөрбөдүк беле, ошондо эле белек кылмакмын. Бирок бир аз каражат жетишпей калган. "Жакшылыктын эрте-кечи жок" дегендей, убагы эми келиптир. Кыз киши өзү ата-энеге күйүмдүү болот тура.
– Эл карантинде жатса деле клип тарттырып, иштеп жүрдүң...
– Бир жылдан бери эле чыгармачылыктын үстүндө катуу эмгектенип жатам. Он чакты ыр жаздырдым, клип тарттырып жаттым. Карантин убагында сыртта эл аз болуп, клип тартканга жакшы экен. Азыр мурункудай эле той-топур башталды. Эми эл тынч болсо жеке концертимди берем деп пландап жатам.
– Чыгармачылыгыңды кайра жандандырганыңа бир жыл болду деп жатасың. Жеке концертиңди бергенге даярмын деп ойлойсуңбу?
– Чыгармачылыкка мен алты жашымда келгем. Жеке концертимди берүү убагынан өтүп, ал тургай кеч болуп кетти. 15 жашымда беришим керек эле. Азыр берсем туура болот деп ойлойм.
– Интернет айдыңында «ырчы Кызсайкал менен модель Айкөл Аликжанова урушуп кетишти» деген маалыматтар тарап кетти. Чырдын себеби эмне болду?
– Чырга Айкөл Аликжанованын өзүнүн баракчасына мен тууралуу жаза бергени себеп болду. Мурун эле жазган болчу, көңүл бурган эмесмин. Менин урушканга убактым деле жок. Акыркысында чыдабай калдым. Телефон номерин таап, вотсабына жазсам жооп берген жок. «Ушул кыздын менден башка кыларга иши жокпу?» деп өзүмдүн баракчама жаздым. Эмнеге ал мен тууралуу жазып, а мен ал тууралуу жазбашым керек? Ал «келгиле, бул кызга дуба кылалы» дегендей мааниде сын жазыптыр. Ар бир адам өзүнө-өзү жооп берет. Кыска киеби, узун киеби, ырдайбы же ырдабайбы, жоолук салынабы же салынбайбы, өзү билет. Мусулман адам бирөөнүн кемчилигин көрүп калса, аны эч качан жарыя кылбашы керек. Зарыл болуп ичине батпай баратса, өзүнө байланышып айткан туура. Коомчулукка жарыялабашы керек эле. Баарыбыз эле турмушта туптуура кадам таштабайт экенбиз. Бардыгыбыз адашабыз. Ал дагы, мен дагы, башка дагы. Аны ар ким түрдүү жолдор менен оңдойт.
Учурда экөөбүз байланышып чечишип алдык. Мен ал адамды чынында буга чейин тааныбачу элем. Таанышып, мамилебиз бири-бирибизге бир аз өзгөрүлдү деп ойлойм. Азыр 21-кылым, ар кандай чөйрөдө иштеп келе жатабыз. Мен жоолугумду чечип салып же уят ырларды ырдасам бир жөн. Ырларым жубайларды ынтымакка чакырган, адамдарды адептүүлүккө үндөгөн ырлар. Кээде сөз менен жеткире албаганыңды ырдап жеткирүү да бир ыкма деп билем. Чубак ажы деле сөз менен же ыйлап жеткире албаганын күлкү менен тамашалап айтып жеткирчү эмес беле. Ислам дининде чектөө жок. Жаман нерселерден тыйыласың, бирок чектөө болбошу керек. Жоолук салынган аял ыр жаздырбашы керек деген нерсе жок. Чубак ажы тууралуу ырдасам да эки жаат бөлүнүп алып ызылдап кетишти. Бирок ал ыр жүрөктөрдө калды деп ишенем. Көптөр мага ыраазы болушту.
– Чубак ажы ырдоо маселеси тууралуу эмне деген?
– Жашоомдо бир топ оор кырдаалдар болгон. Ошол учурда мен ага кеңеш сурап кайрылгам. Ал бир гана жоолукту чечпешимди өтүнгөн.
– 20 жашта эле көп ийгиликтерге жетиштиң, жашоону эрте баштадың окшойт?
– Мен иштегенди эрте баштадым. 14-15 жашымда эле эч кимден көз каранды болбой акча тапчумун. Кызды тагдыр өзү эле тарбиялап коёт экен, турмушка чыкканда эки эсе күчтүү боло баштадым, кызым төрөлгөндө үч эсе күчтүү болдум. Башкаларды көрүп, «менин мындан эмнем кем?» деп төрт эсе күчтүү болот экенсиң. Ошентип отуруп күчтүү Кызсайкалга айландым. Кээде өзүмдү аяп «эмне мынча жаныңды сабап иштеп жатасың? Эмнеге өзүңдү аябайсың?» деп калам. Кызым үйдөн чыгып баратсам «иштебе, кетпей эле койчу» деп калат. Жанынан чыгаргысы келбейт. Бирок негизги мотиватор ошол.
– Азыр эки аял менен жашагандар болуп жатпайбы, сага ушундай сунуш түшсө эмне кылат элең? Деги эле ушул маселе сенин көз карашыңда...
– Сунуш өтө көп түшкөн (күлүп). Аябай күлкүм келет. Экинчи аял болууну ушунча оңой сезгендер бар. Мен ушул нерсеге жакшы көз карашта эмесмин. Бир аял менен бир эркек эле бактылуу болуш керек деп ойлойм. Мисалы, болочок жолдошумду бирөө менен бөлүшкүм келбейт. Башкага карап сүйлөп койсо жаман болуп кетесиң. Анын жүрөгүндө сенден башка дагы бир аял бар экенин билүү оор болсо керек.
– Мурунку жолдошуң Эрнис бизге берген маегинде кызыңардын фамилиясын кайра өзүнө жаздырып ала турганын айтты эле. Бул процесс эмне менен аяктады?
– Ал процесс ошол боюнча эле калды. Ал маекти окуп мен да сүйүнгөм. Анткени кызымдын атасы бар болгону жакшы да. Бирок сөз боюнча калды. Андан кийин «өзүңдүн фамилияңа котортосуңбу?» деп сунуштадым. Бирок эч кандай аракет кылган жок. Эми келсе кеч. Анткени кызым аны тааныбай калды. Жакында телевизордон көрүп тааныйт болду бекен деп «бул ким?» деп сурасам, «байке» деп койду. Психикасын бузбаш үчүн фамилиясын ошол боюнча эле калтырам деп ойлойм. Кызымдын мүнөзү мага аябай окшош, эч кимге жемин жедирбейт. Жүзү Бекзат деген байкеме окшош. Буюрса, чоңоюп келе жатабыз. – Алмаз Шаадаев менен чогуу ырдап, клип тарттыңар...
– Экөөбүз көп жылдан бери жакшы мамиледебиз. Чогуу ырдап чыгалы дедик. Экөөбүздү көрүп шыбырашкандар көбөйдү (күлүп).
– Менимче, ал сенин табитиңдеги жигит эмес, туурабы?
– Эмнеге (күлүп)? Табитимдеги жигит эмес деп айтып алып, эртең ага турмушка чыгып калсам эмне болот? Жашоо биз билбеген толтура сюрприздерге бай эмеспи. Эртең эмне болот, эч ким билбейт.
– Өтө эркин адам экениңди байкадым...
– Эркин, эрке кыз болчумун. Өзгөрүлдүм, ал дагы жеке жашоомо байланыштуу болду. Турмуш көргөзгөндөй аял киши эркин боло албай да калган учур болот экен. Өзүм каалаган нерсеге чейин эркинмин, чектөө жок. Азырынча ушундай, кийин кандай болот, ким билет?..
– Ийгилик! Көп ийгиликтерди багындыра аласың деп ишенем.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg