ЛУКАШЕНКОДОН БИЙЛИК ТАЛАШКАН СВЕТЛАНА ТИХАНОВСКАЯ ДЕГЕН КИМ?

Эки жумадан бери Беларусь өлкөсүндө элдин толкуусу токтой элек. Мунун аягы эмне менен бүтөрүн дүйнөлүк эксперттер да жоромолдой албай турушат. Беларусту 26 жыл бою башкарган Александр Лукашенкого каршы даап чыгып, элдик лидерге айланган Светлана Тихановская деген ким? Анын элди ээрчите алгандыгынын сыры эмнеде? Учурда дүйнө жүзүнүн назарында турган аял тууралуу сөз кылабыз.

МЕКТЕПТИ АЛТЫН МЕДАЛЬ МЕНЕН БҮТКӨН

Светлана Тихановская (Пилипчук) учурда 38 жашта. Беларуста быйыл 9-августта өткөн президенттик шайлоодо 2-орунду алды (Александр Лукашенкодон кийин эле). Тихановскаянын тарапташтары шайлоодо ал элдин добушуна 100 пайыз ээ болду деп жатышат. Шайлоонун жыйынтыгы жарыя болору менен эл «жыйынтык бурмаланды» деп толкуй баштады. Ошентип бул айым эки жумадан бери дүйнөлүк ЖМКлардын каарманы болуп турган учур.

Светлана жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп-өскөн. Ата-энеси учурда пенсия курагындагы адамдар. Бир сиңдиси бар. Бала чагы бактылуу өткөн. Өтө бардар жашабаса да, ата-энеси анын ар тараптуу өнүгүшү үчүн колунан келгенин кылышкан.

Мектепти алтын медаль менен бүтүп, Мозырдагы Мамлекеттик педагогикалык университеттин чет тилдер бөлүмүндө окуган. Балдарга чет тилден сабак берген мугалим болмок, бирок өз кесиби менен иштөө буюрбаган экен. Жеке фирмаларда котормочу катары эмгектенип жүргөндө болочок жолдошу Сергей Тихановскийди кезиктирип калат. Мына ушу жерден тагдыр анын жолун таптакыр башка нукка бурган.

ҮЙ КОЖОЙКЕСИНЕН САЯСАТКА

«Мен үй кожойкесимин, эч качан саясат менен ишим болгон эмес. Кызыгып да көргөн эмесмин. Муну билбеген адам жок. Турмушка чыкканы эки баламды тарбиялоо менен алек болуп, үйдө отурган кадимки аял болчумун. Анткени жолдошум мени, балдарын бардык жактан камсыз кылчу. Бирок аял жанындай жакшы көргөн адамы үчүн кандай курмандыктарга барса, мен дагы ошондой нерсени кылдым» дейт Светлана Тихановская бир интервьюсунда. Эми үй кожойкесинен президенттикке талапкерликке кантип барып калды, ошондон кеп салалы.

Сергей Тихановский менен Светлана Пилипчук түнкү клубдан таанышып калышат. Бири-бирин жактырып калган эки жаш тез эле үйлөнүшкөн. Учурда 10 жаштагы уулу, 4 жаштагы кызы бар. Буга чейин Сергей «Компас» аттуу жарнамалык студияны жетектеп, ал студия Орусия, Украина жана өз өлкөсүндө мыкты роликтерди тартып келген. Светлана буга чейин жолдошу Сергейдин эч качан президент болом деген ою болбогонун айтат. Бардыгы жөнөкөй эле кароосуз калган үйдү сатып алуудан башталат. Алар жанында көлмөсү бар кароосуз калган үйдү сатып алып, аны конок үйү кылабыз деген максат коюшат. Үйдү сатып алуу үчүн бир топ жыл аракет кылууга туура келет. Бир туруп документтери туура эмес болуп калат, бир туруп салык төлөө боюнча кыйынчылыктар жаралып жатып, жыйынтыгында үйдү ала албай калышат. Ошондо гана Сергей өлкөдө толук мыйзамсыздык, баш аламандыктын орун алганын жон териси менен сезет. Ушул окуядан кийин ал пикирлештерин чогултуп, «Жашоо үчүн өлкө» деген аталыштагы YouTube каналын ачып, ага мамлекет башчысы Александр Лукашенкону, бийликти, өлкөдөгү системди сынга алган видеолорун тартып, жүктөй баштайт. Бул канал аркылуу Сергей Тихановский кайсы бир элдин катмарын, тарапташтарын топтойт.

Президенттикке ат салышууну көздөгөн жаш блогер Сергей Тихановский 2019-жылдын декабрь айында нааразычылык акциясына катышканы үчүн милиция тарабынан камакка алынат. Андан кийин да бир нече жолу бийликтин "жинине тиет". Камакта отургандыктан анын президенттикке талапкер болууга жазган арызын Борбордук шайлоо комитети кабыл алуудан баш тартат. Белгисиз себептерден улам анын командасындагылардын да арызы кабыл алынбайт.

2020-жылдын 15-майында Светлана Тихановская президенттикке аттануу үчүн документтерин тапшырат. Таң калычтуусу – анын арызын БШК кабыл алат. Ал абалды Тихановская «мени шылдыңдап эле документтеримди кабыл алып коюшкан. Анткени «бул үй кожойкесинин колунан эмне келет, көрөлү» дегендей кылышкан. Бирок иш жүзүндө баары башкача болду» деп эскерет. Ал эми Сергей саясатка кызыкпаган аялынын президенттикке ат салышарын укканда таң калат. «Светлана үчүн бул чечим кандай болду билбейм, мен үчүн шок болду. Отурган жеримден тура калдым. Камакта жатканымда идеямды коргоп, ишимди улантуунун бирден-бир жолу ушул деп чечкен экен. Бул менин өмүрүмдү сактоонун жана команданы жолдо калтырбай, алдыга сүрөп кетүүнүн жолу экенин билди. Башында ал үчүн корктум, бирок азыр сыймыктанам. Ал – декабристтин аялы» деген ал кийин интервьюсунда.

ЭЛДИН КОЛДООСУНА ЭЭ БОЛДУ

Светлана жашоосун өзгөртүүгө өзү даяр эмес болгонун айтат. Элдин алдына чыгып сүйлөө, өзүн алып жүрүү, кандайдыр бир чечимдерди чыгаруу кыйын эле. Жолдошу Сергей камактан чыгып, анын штабын жетектейт. Тез арада элдин ишенимине ээ болушкан жубайлар Лукашенконун негизги атаандашы болгонго чейин өсүп жетишет. Ошол үчүнбү, 29-май күнү кол топтоп жаткан учурда Сергей жана анын командасындагы 10 адамды «милиция кызматкерлерине баш ийбөө» деген айып менен кайрадан камакка алышат. Светлана жалгыз калганда гана канчалык коркунучтуу ишке аралашканын түшүнөт. Ага бир нече жолу күйөөсүнүн жана балдарынын өмүрү менен коркуткан телефон чалуулар болгон. «Мени коркуп, артка кайтышы мүмкүн деп ойлошту. Бирок алар Сергейди өлтүрүп коюшмак. Мен президенттикке талапкер болуп жатканда элдин көзү, ЖМКлардын көзү менин үстүмдө болуп жаткандыктан күйөөмдү өлтүрүп коё албайт эле. Канчалык оор болсо да, мен бул жолду улантууну чечтим» деп баяндайт ал бул тууралуу. Күйөөсү жана ишенген командасы камакта болсо да, ал ишин токтоткон жок.

ШАЙЛООДОН КИЙИН

10-август күнү "шайлоодо Александр Лукашенко жеңди" деген жарыя чыкты. Светлана Тихановская бул чечим менен макул болбой, добуштарды кайрадан санап чыгуу талабын койду. Арызы менен Борбордук шайлоо комитетине кирип, ал жерден эки адам менен сүйлөшүү жүргөнү анык болгон. Андан көп өтпөй социалдык тармактар аркылуу Тихановская кайрылуу жасап, элден каршылык акциясына чыкпоону суранды. «Бир да өмүрдүн кыйылышы бул нерсеге татыктуу эмес» деди ал. Аталган видео чыккандан кийин ал эл менен байланышка чыккан эмес. Бир күн өткөндөн кийин, 11-август күнү анын Литвада, балдарынын жанында, коопсуздукта экени белгилүү болгон.

17-август күнү Европарламент Лукашенконун жеңишин тааныбай турганын жарыялады. Шайлоонун ачык өткөнүнөн күмөн санап жатышканын жана бул абалда Беларусь элинин президенти Светлана Тихановская деп баса белгилешти. Ошол эле күнү Светлана элдик лидер болууга даяр экенин, саясатта күрөштү уланта турганын айтты.

УЧУРДА

Сергей Тихановскийдин өмүрү коркунучта экенине карабай Тихановская күйөөсүнүн өмүрү, идеялары үчүн күрөшүп жатат деп айтылууда. «Күйөөм күнөөсүз. Ушунча убакыттан бери карцерде кыйноодо жатат. Бирок ал сынбайт, сына турган адам эмес. Баарыңарды аны колдоого чакырам» деген ал акыркы видео кайрылуусунда. Беларуста абал курч бойдон калууда. Миңдеген жарандар Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылышууда. Үй кожойкеси жеңип чыгабы же Лукашенкобу, азырынча белгисиз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан