23-августта Португалиянын Лиссабон шаарында футбол сезонундагы жылдын эң маанилүү беттеши орун алды. Мюнхендик «Бавария» менен Париждин «ПСЖ» командасы финалда Чемпиондор Лигасынын кубогу үчүн күч сынашты. Эсеп 0:1. «Бавария» чемпион!
АКЫР АЯГЫНА ЧЕЙИН КҮРӨШКӨН «ПСЖ»
Чемпиондор Лигасы. Адатта эки беттештин натыйжасында чечилчү оюндар бул сезондо коронавирус пандемиясынан улам чейрек финалдан баштап бир эле оюн менен жыйынтыкталды. Беттештер мурдагыдай конокто жана үйдө эмес, бир эле өлкөдө, тагыраагы, Португалиянын Лиссабон шаарында күйөрмандарсыз өттү. Чейрек финалда Франциянын «Пари Сен-Жермен» клубу италиялык «Аталанта» менен кез келди. Утулуу алдында турганда «ПСЖнын» багыты дароо жеңишти көздөй өзгөрдү. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө коргоочу Маркиньос (90-мүнөт) жана чабуулчу Шупо-Мотинг (90+3-мүнөт) тарабынан орун алган удаалаш голдор эсепти 2:1ге айландырып, «ПСЖ» жарым финалга жолдомо алды. Анда германиялык «Лейпцигди» 3:0 эсебинде жеңип, тарыхында биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты.ТАРЫХ ЖАРАТКАН БЕТТЕШ
Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында «Барселона» «Бавария» менен кез келди. Оюндун 4-мүнөтүндө Томас Мюллердин голу менен Бавария 1-0 эсебинде алдыга чыкты. Барселонанын жообу узакка созулган жок. Жорди Альбанын айып аянтчасына жиберген тобун чыгарып салууну көздөгөн Давид Алаба 7-мүнөттө өз дарбазасына автогол киргизип, эсеп санын теңеди. Бирок Алабанын бул катачылыгы «Бавария» үчүн маселе деле жараткан жок. Эң кызыгы, оюндун жүрүшүндө «Барселонанын» дарбазасына голдор жамгырдай жаап жатты. «Баварияда» ижарада жүргөн «Барселонанын» оюнчусу Филиппе Коутиньо голдук пас чыгарып берип, ага удаа эле 2 гол (85, 89-мүнөт) киргизүүгө үлгүрдү. Оюн «Бавария» үчүн ийгиликтүү аяктап, 8:2 эсебинде жеңишке жетишип, тарых жаратты.
«Бавария» жарым финалга өтүп кубанса, «Барселона» өз тарыхындагы эң оор жеңилүүгө дуушар болду. Беттештен кийин «Барселонанын» башкы машыктыруучусу Кике Сетьен клубдан кетти. Көп өтпөй клуб 57 жаштагы голландиялык машыктыруучу Рональд Куман менен келишим түзгөнүн жарыялады.
БЕДЕЛИ АСМАН ЧАПЧЫГАН «БАВАРИЯ»
«Барселонаны» жеңген соң «Бавария» жарым финалда франциялык «Лион» менен кез келип, 3:0 эсебинде утуп, финалга чыкты.
«Бавария» менен «ПСЖнын» финалдык таймашы кызуу жүрдү. Мбаппе менен Неймардын аракети текке кетти. Тилекке каршы, «ПСЖ» атаандашы «Бавариянын» дарбазасына гол киргизе алган жок. Беттештин жүрүшүндө маал-маалы менен кооптуу абалдар жаралып жатты, бирок Мануэль Нойер өз дарбазасын мыкты коргоду. Оюндун 2-бөлүгүндө жалгыз голду бавариялык жарым коргоочу Кингсли Коман (59-мүнөт) гол жаратты. Голдун автору өз карьерасын «ПСЖда» баштаган. Ал Парижде төрөлүп, жети жашында академияга өткөн. «Бавария» ушуну менен алтынчы ирет Чемпиондор Лигасында Кубокту утуп (1974, 1975, 1976, 2001, 2013, 2020), Европадагы эң мыкты команда аталды.
«Бавария» бул сезондо «Чемпиондор Лигасын», «Германиянын чемпиондугун» жана «Германиянын улуттук кубогун» жеңип, өз тарыхында экинчи ирет требл жасады. Буга чейин 2012-2013-жылкы сезондо требл жараткан эле.
Учурда клубдун башкы машыктыруучусу – Ханс-Дитер Флик. Ал 2019-жылдын 3-ноябрынан тартып «Баварияда» башкы машыктыруучулук кызматты аркалап келет.
«БУНДЕСЛИГА». ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖАШ ОЮНЧУСУ
«Бавариянын» жарым коргоочусу Альфонсо Дэвис Чемпиондор Лигасынын кубогун жеңгенден кийинки сезимдери менен төмөнкүчө бөлүштү:
«Канаданын Эдмонтон шаарынан ушундай бала чыгат деп ким ойлоптур? Көпчүлүк ал шаардын кайда экенин билишпейт. Кар жаап, абанын температурасы -40 градус. Эми бул жигит Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү. Азыр бир нерсени кыялданган ар бир адам мага карашы керек. Кыялдар орундалат. Мүмкүн болбой жатса дагы багынбаңыз».
Белгилей кетсек, канадалык футболчу болгону 19 жашта. Ал бул сезондо «Бундеслигадагы» «Жылдын мыкты жаш оюнчусу» деп табылды.
УРУНТТУУ УЧУРЛАР
Жумабай Акимов
sport@super.kg