Анжелика “эртең менен турсам да, тамак жесем да, бир буюм алсам да хайп болот” дейт. Ал жаңы унаалуу болду. Ал унааны алганга мурдагы жолдошу Урмат Бекболиев менен чогуу барганы ырчы айымдын күйөрмандарында "экөө жараштыбы?" деген суроолорду жаратты. Жоопторду ырчынын өзүнөн угалы.
– Салам, Анжелика! Тулпар кут болсун! Жаңы унааң тууралуу айтып берсең. Башынан эле Lexus UX 200 үлгүcүндөгү унаа сатып алам деп издедиңби?
– Салам, рахмат. Бул унааны кантип алып калдык? Кыздарымдын атасы жаңы унаа алам деп, көпкө унаа издедик. Караштырсак, баалары унаанын абалына төп келбей жатты. 10 жылдай жүрүп калган, урунган, салону тытылган болуп жатып, көңүлүбүзгө төп келгенин тапкан жокпуз. Заводдон жаңы чыккан унаа минип калгандан кийин бирөө айдаган, 5-10 жыл жүрүп калган унаага отура албай калат экенсиң. Ошол себептүү кайра эле заводдон жаңы чыккан унаа сатып алууну чечтик. Lexus 570 же 460 алабыз деп барганбыз. Бирок бул унаага отуруп көргөндө чыккым келбей калды. Мага эң биринчи отургучтары жакты. Мындай салонго чет мамлекеттен отуруп көрүп, кыялданып койчумун. Мен социалдык тармактардагы баракчаларымдан түз эфирге чыгам, стористерди тартам. Мындай отургучтарда өзүмдү трондо отургандай эле элестетип видео тартып жатам. Унаа 2019-жылы чыккан. Жапжаңы, эч ким айдай элек унааны экинчи жолу сатып алып жатам. Баасы 40 миң долларга турду. 5 жылга насыяга алдым. Бирок мүмкүнчүлүгүм болуп калса, 1 жыл же жарым жылда деле төлөп коюшум мүмкүн. – Буга чейинки унааң Lexus NX 300 кайда?
– Ал деле үй-бүлөдө калды. Аны Урмат айдап, бул унааны мен айдайм деп сүйлөштүк. Бирок 2 унаа тең кыздарыбыздыкы.
– Жакшы. Мурунку жолдошуң Урмат Бекболиев тууралуу өзүң да айтып калдың. Унаа сатып алганы да чогуу барганыңар күйөрмандарыңдын көңүлүн бурду. Алардын суроолоруна жооп алып берели, жараштыңарбы?
– Урмат экөөбүз расмий түрдө ажырашканбыз. Бирок бизди ажыраштырбай турган 3 кызыбыз бар. Ортодо бала бар болсо, эки адам түбөлүк бири-бирине байланат. Турмушу эки бөлөк болсо да, бала үчүн дайым байланышып турушат. Балада ата да, эне да болушу кажет. Тирүү кезибизде балдардын жанында болушубуз керек. Тирүү туруп эле жок кишидей катташпай койгон ата-энелерди же балдарды түшүнбөйм.
Урмат экөөбүз чынында кыйын күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Кудайдан коркпогон адамдар бар экен. Алар үй-бүлөбүзгө кол салып, алдап, жолдошумдун маңдай тери менен тапкан эмгегин тартып алган күндөр болду. Ошол окуялар расмий түрдө ажырашуубузга себеп болду. Буюрса, соттун акыркы чечимдерин күтүп жатабыз. Кандай чечим чыгат, билбейм. Бирок жашап жаткан үйүбүздү да жөн эле алдырып алганыбыз бар. Баары жакшы болот деп үмүттөнүп жатабыз. Кандай болгон күндө да кыздарыбыздын ата-энеси тирүү, алар ар дайым кыздарынын жанында болушат. Айрымдар “кыздарынын көздөрү муңайып турат” деп айтышат. Андай болгон эмес. Менин кыздарым кайгырган жок. Адамдар кандай көргүсү келсе, ошондой көрөт экен. Бизде баары жакшы. Болгону жеке жашообуз азыр эл үчүн жабык. “Мен бактылуумун, үй курдук, экөөбүз бул жакта жүрөбүз” деп эл алдына чыгара берген жоруктарды жасабайбыз деп чечкенбиз. 10 жыл бою жашообузду элге сериал сымал эле көрсөттүк окшойт. Азыр кулпуладык.
– Мунун баарын Анжелика пиар үчүн жасап жатат деген комментарийлерди көп окуп жатам...
– Анжелика эртең менен ойгонсо да, тамак жесе да, унаа сатып алса да, күйөөсүнүн жанында жүрсө да, күйөөсү жанында жок болсо да хайп, пиар. Кандай кабыл алгыңыздар келсе, ошондой кабыл алыңыздар. Жашоо меники. Жашоо бир келет. Андыктан Жараткан берген мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланышыбыз керек.
– Жакшы. Анда унааң тууралуу сөздү уласак, Lika деген өзгөчө номериң көңүлдү бурду.
– Бул номерди шеринелештерим белек кылышты. Мындай номерлер 100 миң сом турат экен. Биз негизи 100 миң сомдон шерине ойнойбуз. Ал акчаны жакында эле алгам. Ага карабай мага ушундай жагымдуу белек кылышты. Өзүм да ишене албай турам. Бул номер менен мени эми кайда жүрсөм да таанышат го.
– Кандай айдоочусуң?
– Тажрыйбасы чоң айдоочумун, жакшы айдайм. Бирок жүргүнчү катары жаманмын, айдоочуга үйрөтө берем. Кээде рулду талашам. Жашоодо адамдын тыңдыгы унаа башкарганынан билинет. Эрежелерди бузбай, унааны тың айдаш керек.
– Эреже демекчи, айып пул көп келеби?
– Пандемия учурунда 35 миң сом айып пул келди. Себеби ыктыярчы топко унаамды берип жаттым. Алар адам өмүрүн сактап калалы деп жол эрежесин бузуп жатышты. Арыз жаздык, айып пулду кечип беребиз дешти. Жай турмушта 2000-3000 сомдон айып пул келип турат. Бирок кээде гана.
– МАИ кызматкерлери көп токтотобу?
– Унаамды жаңы эле салондон айдап чыкканда токтотушту. Бирок эреже бузганым үчүн эмес. Эстеликке сүрөткө түшүп алуу үчүн жана ыраазычылык билдирүү үчүн. Бирөөсү “пандемия учурунда бир тууганыма жардам бердиңиз, сиз берген дары менен сакайып кетти” деп рахмат айтты. Мени эреже бузбасам деле токтотушат (күлүп).
– Эми акыркы жаңылыктарыңа кезек берели. 5 партиядан талапкер болууга сунуш түштү дедиң...
– Ооба, алар акырына чейин мени макул болот деп күтүп жатышты. Бирок мен ишенген, тизмесинде мыкты жаштар бар партия башка партияга кошулуп кетти. Ошол себептүү артка кадам таштадым. Тизмедеги алдыңкы орундарды берип, ишеним көрсөткөндөргө ыраазы болдум. Мен бийликке барбай эле элиме кызмат кыла берем.
– Кечээ “Инстаграм баракчамды башка бирөө башкарып жаткандай болуп жатат, түз эфирге да чыга албай жатам” деп жаттың эле...
– Ажо менен жолугушуудан кийин телефондорум иштебей калды. Бирөөгө чалсам, үнүм угулбайт. Элсомго байланган номерим такыр иштебей калды. Эмнеге андай тоскоолдуктар болуп жатканын билбейм. Көзөмөлгө түшүп калдым окшойт. Кайсы жерден туура эмес сөз сүйлөп, бирөөнү жамандап коёт деген аңдуудамын. Аны ачык айтам. Ошондуктан факт менен гана сүйлөйм. Каалоо-тилектерди жазышса, ал комментарийлер өчүп калып жатат. “Анжелика баланча буюмду элдин акчасына алдыбы? Элдин акчасын эмне кылды?” деген сыяктуу негативдүү комментарийлер жазылып жатат. Мен отчёт бердим. Азыр да бере алам. Элсом аркылуу 6 миллион сом чогултсак, мен өзүмдүн маңдай терим менен тапкан акчадан миллион сом элге жардам үчүн жумшадым. Кудай алдындагы жоопкерчилигим күчтүү. Биз минтип отчёт бергенди үйрөнсөк, мамлекет да элге отчёт бергенге өтөт деп ишенем. Азыр да сурайм, чет жактардан келген жардамдар кана? Мен суранган социалдык дарыкана эмне болду? Биз мамлекетке көмөктөшүп, жакшы иштерин бекер жарнама кылып берүүгө даярбыз.
– Алар да жооп берет деп ишенели. Маегиңе рахмат. Ийгиликтер көп болсун!
Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg