Атасын же апасын ээрчип, колуна гүл көтөрүп алып биринчи жолу мектеп босогосун аттаган толкундантчу көз ирмемдер... Азыр биз 1-сентябрды ушундай элестетебиз. Бирок улуу муундагы ага-эжелерибиздин эсинде мектеп босогосун аттаган алгачкы күн башкача сакталыптыр. Андагы сезимдер да, адамдар да башкача экен. Атактуулар менен бирге алардын 1-класска барган учурун эстедик.Назира Мамбетова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “БАЛДАРДЫ УРУП, ЫЙЛАТЫП КОЙЧУМУН”
– Мен 1955-жылы мектеп босогосун аттадым. Ата-энем мал багып, жайлоодо элек. Жайлоодон келип гүлдүү көйнөк, анын үстүнөн чыптама, чүпүрөктөн тигилген гүлдүү баштык, кытайдын жылтыраган батинкесин кийип алып мектепке барганым эсимде. Чачым тармал болчу. Анысы аз келгенсип эркектердикиндей кыска кыркып салышкан. Мектепке мени байкем ээрчитип барган. Алып барды да, классымды көрсөтүп, “сен бул класска киресиң” деп койду. Өзү 2-класста окуйт эле, өзүнүн классына кетип калды. Мен тың, ачык, шайыр кыз болчумун. Таанысам да, тааныбасам да бардык адамдар менен сүйлөшүп кетер элем. Өтө тентек окуучу болдум. Балдарды уруп, ыйлатып койчумун. Муну классташтар азыр да эстеп күлүшөт. Классташтарыбыз менен 4 жыл мурун жолугушуп, мектепти аяктаганыбыздын 50 жылдыгын чогуу белгиледик. Айрымдары мени тааныбай калышыптыр. Бири мени көрүп“тың аял экен. Ушул кафенин кожойкеси окшойт” дептир (күлүп). “Ал Назира” дешсе, таң калышыптыр. Мектептеги учур сонун болчу. Абдылда Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “БУТУМДУ ООРУТУП АЛЫП 1-СЕНТЯБРДА МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ КАЛГАМ”
– Мен Токтогулдагы Толук орто мектебинде окудум. Биринчи класска барарда биз жайлоодо болчубуз. Атам жылкычы болчу.
1-сентябрга жакын жайлоодо чуркап жүрүп, бутумду ташка уруп оорутуп алып мектепке барбай калгам. 2-3 күндөн кийин же бир жумадан кийин барсам керек. Мектепте тентек элем. Кыздардын чачын партага байлап, бир буюмун катып коюп, партадан партага секирип эле жүрчүмүн. Тентектикти мугалимдер жок кезде кылчубуз. Ал кезде агайды, эжейди укпай коюу деген жок болчу. Агайлардан токмок жечүбүз. Бирок аны үйгө айтып барсак, үстүнө дагы токмок жейт элек. Мугалимге каяша айтылчу эмес. Азыр бир нерсе болсо эле ата-эне кошо видеого тартып, интернетке чыгарып, мугалимдерди каргап-шилеп жатышпайбы.
Дагы эсимде калганы – бизди “кол жазмаңар бузулат” деп азыркыдай кадимки калем сап менен эмес, сыя калем менен жаздырышчу. Калемди сыяга малып жазчубуз. Ойлоп көрсөм, тескерисинче, ошондон кол жазма бузулмак экен, такыр ыңгайсыз эле. Оозу-башыбыз, көйнөгүбүз сыя болуп эле жүрчүбүз. Анын бурап коймой оозу да жок. Оозуна кагаз тыгып алчубуз. Чуркаганда сыя төгүлүп калчу. Сабакты 4-класска чейин жакшы окудум. Андан кийин оюнга, башка нерселерге алаксып, сабакка көңүл бурбай калдым.Алина Жетигенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АТАМ ЖОНУНА КӨТӨРҮП АЛЫП БАРГАН”
– Мен 1972-жылы мектеп босогосун аттадым. 1-сентябрда атам (ред.: чоң атасы) жонуна көтөрүп алып мектепке алып барган. Атам мени минтип 3-класска чейин мектепке көтөрүп алып барып, көтөрүп алып келип жүрдү. Анда да атамды “чачыңды өстүрбөйсүңбү, чачыңдан кармап алат элем” деп урушчумун. Атам таз болчу. 3-класста кыздар шылдыңдаганда гана бул адатымды койдум. 1-класска барарда мага форма кийгизе албай убара болушкан. Ага чейин эркек балдар менен ойноп шым кийип жүрө берип, көйнөккө көнбөй калыптырмын. “Кийбейм” деп ыйлаган элем. Анда мектеп формасы күрөң, чатыраш көйнөктөр болчу. Мектепте жакшы окудум. Бирок эрке болчумун. Бирөө тийишсе, урушса атамды ээрчитип бара берчүмүн. Мугалимдер да “Алинага тийбегиле. Жанынан катуураак өтүп кетсең эле атасын ээрчитип келет” дешчү. Алгач Талас районундагы Арал айылында Дайыр Асанов атындагы орто мектепте, 5-классымдан баштап Бишкекке келип окудум. Бул жакта сабактар орусча болгондуктан жакшы окубай калдым. Кийин 10-классты Талас шаарынан аяктадым. Канча мектепте окусам да айылдагы классташтарым менен бир туугандай мамилени сактап калдык. Жолугуп турабыз. Мектеп мага аябай кызыктуу болчу. Күндө майрамга бараткандай маанай менен барчумун.Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны: “БИЗДИ МЕКТЕПКЕ АТА-ЭНЕБИЗ ЭЭРЧИТИП БАРЧУ ЭМЕС”
– 1957-жылы Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин босогосун аттагам. Азыркыларды ата-энеси коштоп, колуна гүл көтөртүп алып барат эмеспи. Биздин учурда биринчи класска көчөдөгү балдарга кошулуп алып эле “окуйбуз” деп барчубуз. Мени да портфелимди колума карматып, көчөдөгү балдарга кошуп жиберишкен. Анда мончо жок. Үйдөн жуунтуп, чачымды алып, жаңы кийим кийгизип жөнөтүшкөн. Кийин ойноп жүрүп эле жылаңаяк мектепке кирип барган күндөрүбүз болду. Эстесем, анда сентябрь айында күн жылуу болчу. Жылаңаяк жүрө берчүбүз. Агайыбыз ат менен келип, атын мектептин жанына байлап койчу. Агайлардын урганы да, тилдегени да бар эле. Азыр биз ошону сагынабыз. Анда агай-эжейлердин кадыр-баркы бир укмуш болчу. Азыр мугалимдерди киши катары көрбөй жатабыз. Анда билимге деген талап катуу болчу да. Бир класстан көчпөй калса, окуучу ошол классты кайталап окучу. Азыр окуучулар сабакка телефон менен кирип жатышпайбы. Ошого да тыюу сала албаган кандай мамлекетпиз? Баары мектептен башталат, эң алгач мектепке көңүл бурулушу керек.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg