Нурмат Садыров, ырчы: “АПАМДЫ СЫЙЛАЙ АЛГАН КЫЗДЫ ИЗДЕП ЖҮРӨМ”

Нурмат Садыров карантин маалында элге кол сунган ырчылардын катарында болду. Эпидемия күчөп турган маалда да ден соолугун тобокелге салып, бейтаптарга дары ташып жүрдү. Бул сандын апта каарманы болгон ырчы мырза жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маек курду.

– Нурмат, салам! Жакында Ысык-Көлдө эс алып жаткан медицина кызматкерлерине концерт коюп келиптирсиң...

– Салам! Мамлекет "кызыл зонада" иштеген медицина кызматкерлерине Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо берген экен. Биз ыктыярчы катары өнөр адамдарынын атынан ыраазычылык билдирүү максатында чын дилибизден барып, жылмаюу тартуулап келдик. Анткени алар азыркы учурдун баатырлары десем болот.

– Ырчылар тойдо кызмат кылып жүргөн видеолорун Инстаграм баракчасына киргизе башташты. Тойлор жандандыбы?

– Жакшылык болуп турганы сонун экен. Үйгө камалып турган жакшыбы же той болуп, эл күлүп-жайнап турганы жакшыбы? Майрам эле болуп турганы жакшы эмеспи. Бирок “той сезону башталды” деп айта турган маалга келе элекпиз. Биз дагы ошол кезди сагындык. Мурда күзүндө элдин кызматында болуп жаныбыз тынбай, бир туруп Ошто, бирде Жалал-Абадда, Бишкекте кызмат кылып жүрчүбүз. Азыр андай учур жок. Бирин-экин жакшылыктарга барып турганыбыз болбосо, эл деле той-топур бергенден коркуп жатат.

Көөп бараттык эле. Коронавирус желибизди чыгарып, отургузуп койду. Той жок болсо деле ар бир адамдын тиричилиги өтө берет экен. Дасторконуңда чай, наның болсо болду. Көп ысырап кылчу экенбиз.

– Апаң жакшы жүрөбү? Жоолугун камдап, келин күтүп жатса керек?

– Апамдын ден соолугу жакшы. Келин күтүп жатканына, менин үйлөнөйүн деп шашканыма көп болду. Бул нике кайыптан да. Убакыт-сааты буюрбай жатат окшойт. Өмүр бою бойдок жүрө бербейм. Буюрса, апамды келиндүү, неберелүү кылуу максатым бар. Апам кылган ишиме, чыгармачылыгыма, баскан-турганыма ыраазы. Келиндүү кылсам, колу узарып, мындан да сүйүнөт го деп ойлойм.

– Көз салып койгон кыз барбы?

– Апамдын тааныштары “биздин кызыбыз менен сүйлөшүп көрсүн” деп сүрөттөрүн жөнөтүшөт. Апам “сени кыйнабайбыз. Чыгармачылыгыңды түшүнгөн, көңүлүңө жаккан кызга үйлөн. Сени сыйласа, бизди сыйлайт деп ойлойм” деген.

Чыгармачылыгымды түшүнгөн, табитиме төп келген кызды издеп жүрөм. Чыгармачылык мен үчүн хобби эмес, өмүр бою аркалай турган кесибим. Күйөрмандар жоголуп кетет деп үйлөнбөй жаткан жерим жок.

– Пандемия күчөп жаткан маалда бир топ ырчылар кайрымдуулук менен алек болушту. Сен кандай жумуштарды кылдың?

– Инстаграм баракчабызда катталуучуларыбыз көп болгондуктан карантин маалында “сиз элдин адамысыз, посттон өткөрүшөт” деп кыйналгандар жардам сурап жазып жатышты. Ден соолугумдан кооптонгон деле жокмун. Жугузуп албасам экен деп апамды эле ойлоп жаттым. Кайрымдуулук фонддорго жардамга муктаж жарандардын номерин берип, “акча которот элек” дегендерге себепчи болуп жаттым. Постко келип, тамак-ашын алып кеткен мекендештерибизди көрүп жүрөк ооруду. Мен өз чөнтөгүмдөн көбүрөөк каражат чыгарып жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүм болбосо да, себепчи болгонго мүмкүнчүлүк түзүлдү. Элден алган акчаны элге таратып бердим.

Оору күч алып кеткенде түнкү саат 3-4кө чейин ооруп жаткандарга дары ташып жүрдүм. Бирөөнүн көңүлүн алган бакыт экен.

– Чыгармачылыкка кайталы. Жаңы ырлар жазылып жатабы?

– “Тутанган махабат” деген ырымдын бет ачарын кылдым. Бул ырда меңи бар сулуу кызды сүрөттөдүк. Жакында ырга клип тартам.

– Ырларыңдын ээси барбы?

– Ээсин күтүп жүрөбүз. Жолукканда “ушул ырдын баары сага арналган” деп айтам. Негизи ырды көркөмдөп жазасың. Репертуарымда менин калемиме таандык ырларым бар. Кесиптештериме да ырдын сөзүн же обонун жазып берип калам. Эргүү келип турган убакта жан дүйнөң менен кооздоп, ширин сөздөр менен жазасың. Кайсы бир окуяны чагылдырасың. Кээде бир кызга ашык болуп жазылган ырлар да болот. Жүрөгүмдү кытыгылап кеткен карлыгачтар болгон да. Көңүлгө жагып, бирок буйрубай калган махабаттар көп эле болгон.

– Мурдагы сүйүктүүңө жолугуп калган учур болду беле?

– Бетме-бет болгон эмес. Мен көрбөсөм да, мени көрүп жатат деп ойлойм. Башкага турмушка чыгып кетсе да, чыгармачылыгымды, адамдык мамилемди сыйлайт болуш керек. Анткени анын көңүлүн калтырган эмесмин. Тагдырга бирге баш ийгенбиз. Кээде маегимди окуп, клиптеримди көрүп жатат болуш керек.

– Инстаграмдан кыздар менен таанышып, жолуккан учур болду беле?

– Таанышып гана эмес, жакшы көрүп калган кыздар болгон. Сүрөттөрүн, баскан-турганын карап аябай жакшы көрүп калган учурлар бар. Жолукканда жан дүйнөбүз төп келишпей, самаганы, эңсегени башка болуп калган учурлар да кездешет. Жан дүйнөмдү, чыгармачылыгымды түшүнгөн, апамды сыйлай алган кызды издеп жүрөм. Менин жан дүйнөм чыгармачылык менен ооруйт. Аны туура түшүнсө дейм.

– Өзүңдөн улуу кызга үйлөнөт белең?

– Өзүмдөн улуу же кичүү кыз алам деп айта албайм. Бирдей түшүнүктөгү кызга баш кошсом жакшы деп ойлойм. Өтө кичүү болсо, аны менен суу чачышып ойнош керек болуп калат. Бирок эми бул буйруктан да. Улуу-кичүү деп тандабайм. Нике кайып болсо качып кутула албайсың.

– “Менин кызым бар. Таанышып көрбөйсүңбү?” дегендер барбы?

– Тойдон жолугуп калып “балам, номериңди берчи. Мен сага эртең чалам. Кызым менен таанышып көрчү” деген апалар бар. Жакшы билбесе да өзүнүн кызын мага ыраа көрүп жатканына чындап жүрөгүң жылыйт. Ар бир эне кызын жөн эле бирөөгө бере салгысы келбейт да. Бул, балким, мени ырчы катары жакшы көрүшкөнү үчүн болуш керек.

– Маегиңе рахмат! Өз бактыңа жолугуп, жан шериктүү болушуңа тилектешпиз!

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
mela
2020-08-31 10:00:51
Азамат,ото ой-жугуртуусу кенен экен. Жакчу эмес эле.
+3
Ziregim
2020-08-31 14:49:03
Азамат терен ойлонуп суйлойсун! Негизи эле жакшы баласын!
+3
gafurova01
2020-08-31 15:35:26
Шустрый, кыйын бала негизи
+2
i1urp
2020-08-31 15:38:04
Кыздар дайыма сулуу, келбетуу, жасанып, жап жаш, татынакай болуп журо бергиле
0
Tymar
2020-08-31 15:41:58
Жараткан Тенирим колдоп, бактылуу бол.
-3
Tymar
2020-08-31 15:46:07
Нурмат сен озун дагы аялынды сыйлагандай бол.
+2
fanatka19
2020-09-01 00:42:05
Апама уй белек бердим деп хайп кылганда жаман коруп журдум.Апасын ажыга алып баргандан бери кайра жакшы коруп журом))).
+2
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан