4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар талапкерлеринин тизмесин жарыялашты. Ким кайсы партия менен баратат? Жол баштап, элди ээрчите турган лидерлер кимдер? Келиңиз, үңүлүп көрөлү. “БИРИМДИКТИН” ТИЗГИНИ 32 ЖАШТАГЫ ЖИГИТТЕ
Жаш, элге таанымал лидерлерди тизменин алдынкы сабына коюу – партиялар үчүн тренд болууда. “Биримдик” партиясын 32 жаштагы Акылбек Жамангулов баштап баратат.
Жамангулов 2015-жылкы шайлоодо Жогорку Кеңешке “Республика-Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2017-жылдан бери “Мегаком” компаниясынын жетекчиси болуп иштеди. Жылдызы “жарк” деген учур 2019-жылга туш келет. Экс-премьер Мухамедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин аты аталган чуулгандуу окуяны коомчулукка ачыктап, элден жылуу пикирлерди уккан. Экинчи сапта экс-депутат, мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров баратат. Кочкоров 5-чакырылышта өзүн жакшы көрсөтүп, 3 жыл мурун президенттик жарышта да ат салышкан эле. “Мен 2017-жылы президенттикке талапкер катары сунуштаган идеяны “Биримдик” өз программасына негиз кылып алды” дейт Улукбек мырза. Алдынкы саптарда Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Төрөбай Зулпукаров, учурда вице-спикер Аида Касымалиева, депутаттар Евгения Строкова, Марат Аманкулов, Айбек Алтынбеков жана Бакирдин Субанбеков, Ош шаардык кеңешинин вице-спикери Сухбатила Мирзаев, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонова бар. Жаңы жүзчү десеңиз, ишкер Улан Бакасов, көк бөрү боюнча Кыргыз улуттук курамынын мурдагы жетекчиси, белгилүү балбан Канат Бегалиевдин агасы Талас Бегалиев тизмеде ондун бири. Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков да “Биримдиктин” тизмесинде экени айтылат, бирок маалымат расмий ырастала элек.ЖАҢЫ ЖҮЗДӨРҮ КӨП “БИР БОЛ”
2019-жылдын этегинде “Ата Мекенден” кеткен Алмамбет Шыкмаматов шайлоого “Бир бол” партиясын баштап жөнөдү. Экинчи сапта юрист, партиянын съездинде гүлдүү байпагы менен талкууга түшкөн Жоомарт Жолдошев болсо, ондукту Алтынбек Сулайманов өзү жабат. Тизмеде депутат Дүйшөн Төрөкулов да бар. “Бир болдун” курамын учурда камакта жаткан Сапар Исаковдун премьер кезиндеги кеңешчилери “көркүнө” чыгарууда. Исаковдун экс-акыл кошчулары Гүлнура Төралиева 12-катарда, Эсен Момункулов 15-сапта талапкер. Партия дикторлорсуз өзүн ыңгайсыз сезет өңдүү. 2015-жылкы шайлоодо “Бир бол” диктор Лунара Мамытованы алдынкы катарда талапкер кылса, бул жолу топ 20га диктор Чынар Капарова кирди. Алдынкы жыйырмалыкта коомдук ишмерлер Руслан Акматбек, Советбек Рустамбек уулу, Нурсултан Кубанов, Мирбек Асангариев сыяктуу жаңы жүздөр басымдуулук кылса да, партия экс-депутат, мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев өңдүү “эскилерден” дагы куру эмес. ЧЕЧЕНДЕР ЖОЛ БАШТАГАН “АТА МЕКЕН”
“Ата Мекенди” быйылкы шайлоого журналист-депутат Жанар Акаев баштап баратат. Партияны 30 жылдай жетектеген Өмүрбек Текебаев лидерликти Акаевге өткөрүп бердим деп жарыялады. Текебаев өзү шайлоого катышпайт, Атамбаевдин тушунда башталган соттук иши аягына чыга элек. Тизмеде экинчи сапка ишкер Тилек Токтогазиев, үчүнчүгө уйкаштырып сүйлөөнүн устасы, 6-чакырылышта Алмазбек Атамбаевдин партиясынан депутат болгон Рыскелди Момбеков турду. Алдынкы ондукта парламент депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко, Абдывахаб Нурбаев, экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров, Эсептөө палатасынын аудитору Акылбек Түмөнбаев жана башкалар бар. “Ата Мекендин” улуу мууну “жаштарга жол бошоттук” деп шайлоого катышпаганы менен, алардын жакындары жарышка түштү. Тизмеден “Ата Мекенди” түптөгөндөрдүн бири Дүйшөнкул Чотоновдун кызы Турсунбүбү Чотонованы, экс-спикер Абдыганы Эркебаевдин уулу Азат Эркебаевди, Садык Шернияздын бир тууганы Абылкасым Шерниязовду көрүүгө болот.ЖАШТАРГА БАСЫМ ЖАСАГАН “МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН”
2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Өнүгүү-Прогрессти” жеңишке жеткиргендердин бири – вице-спикер Мирлан Бакиров “Мекеним Кыргызстан” партиясын жетектеди. 10 жылдык депутаттык тажрыйбага ээ Бакировдун саясий салмагы ушул шайлоодо сыналат. Алдынкы саптарда Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары Улан Садалиев, элчи Ибрагим Жунусов, белгилүү журналист Элнура Алканова, парламенттин 6-чакырылышынын депутаттары Марлен Маматалиев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов, Табалды Тиллаев, Гүлкан Молдобекова, Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы жетекчиси Канат Аманкулов, Бишкектин мурдагы вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев, Финансылык чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси Гүлмира Шакирова жана башкалар бар. Талкуу, кызыгуу жаратканы – “Ата Журт” партиясынын лидери, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун “Мекеним Кыргызстанды” тандаганы болду. Келдибеков 14-катарда талапкер. Ал эми “Бирик” партиясынын лидери, жаш муун ишеним арткан Кылыч Исамамбетов, Өмүрбек Текебаевдин мурдагы юристи, Атамбаевдин тушунда “каардуу” мамлекеттик машинага каршы турган адвокат Канатбек Азиз алдынкы жыйырмалыкта жарышка аттанды.ИШКЕРЛЕРГЕ ИШЕНИМ АРТКАН “ЗАМАНДАШ”
“Замандаштын” талапкерлеринин сап башына партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов турду. Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев 3-катарга, аталган партиянын түптөөчүсү, маркум Мухтар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева 4-катарга, парламенттин 6-чакырылышында “Республика-Ата Журт” партиясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев 5-сапка, учурда парламентте “Ата Мекендин” депутаты болуп турган Айсулуу Мамашева 8-сапка жайгашты. Алдынкы ондуктагы 4 талапкер ишкерлик менен алектенгендер, коомчулукка таанымалы өлкөдөгү курулуш компаниялардын биринин жетекчиси Имамидин Ташов. “Замандаштын” катарынан мурдагы башкы-прокурор, 7-Апрель окуясынан кийин соттолуп жаза мөөнөтүн өтөп чыккан Эльмурза Сатыбалдиев да бар.
P.S.: Калган партиялардын талапкерлери менен кийинки сандарда тааныштырабыз.
Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg