"Иним кечээ түнү жүрөгүм ооруп жатат деп калды. "Тез жардам" кызматын чакыртып, ооруканага алып бардык. Көп өтпөй эле көз жумду. Жүрөгү да ооручу окшойт. Негизи астма оорусунан жабыркап келген. Эркин 19 жашта эле, Эл аралык мамилелер академиясында окучу",- дейт ырчы.
“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Эркин Садыбакасовдун кырчындай курагында мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу анын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.