Мирбек Атабеков: “БИР ДАГЫ ПАРТИЯНЫН КУРАЛЫ ЭМЕСМИН”

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Кыргыз өлкөсүнүн Эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабеков депутаттыкка талапкер болот деген маалыматтар тараган. Буга байланыштуу Мирбек Атабеков өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу элге төмөнкүчө видео кайрылуу жасады:

“Мирбек Атабеков депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат, депутаттыкты эмне кылат?” деген ар кандай талкуулар жүрүп жатат. Мен бир дагы партиянын тизмесинде жокмун. Саясатка кызыкпайм, өзүмдү келечекте саясатчы катары көрбөйм деп башынан эле айтып келем. Ошол эле позициядамын.

Ал эми жалган маалыматтарды таратып, ой-пикир чубаштырган адамдарга рахмат. Демек, сиздер мени депутат катары көргүңүздөр келет экен. Кечирип коюңуздар, тилекке каршы, сиздердин үмүтүңүздөрдү актап депутат боло албайм. Мен бир гана элимдин, күйөрмандарымдын астында көз карандымын. Бир дагы партиянын куралы эмесмин. Мени каралап жаткандар SMM адамдарынан түзүлгөн, 1 адам 10 аккаунт ачып алган боттор.

Ал эми жакында ырдап чыкканым тууралуу айта кетсем, мени партиянын иш-чарасына гимндин автору катары чакырышкан. Ырчылык милдетимди аткарып келдим. Бул шайлоого байланыштуу бир дагы партиядан акча алган жокмун. Саясаттын оюндары ушунчалык начар, сасык экенине биринчи жолу күбө болуп жатам.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан