Айдана Дека, ырчы: «ӨКҮНҮП КАЛБАШ ҮЧҮН АРКАНДЫ АЛЫС ТАШТАДЫМ»

Бул кыз биздин көз алдыбызда чоңойду. Клипте кулактары бар ободок тагынып, чачын күлгүн түскө боёп, так секире бийлеген селки сүйүктүү жар болууга, эне статусун алганга жетишти. Чыгармачылыгын, жеке ишкерлигин бирдей ала кетти. Ал – жаш муундун да, улуу муундун да сүймөнчүк ырчысы боло алган Айдана Дека.

– Айдана, салам! Эне болуу бактысына ээ болгондон кийин алгачкы жолу маек берип жатасың...

– Чындыгында, ошондой. Жакында кызыма 8 ай толот. Ушул убакыт аралыгында жанынан чыкпай, жыттап жаттым. Балалуу болгондон кийин башкача болуп калат экенсиң. Жашоого болгон көз карашым өзгөрүп, өзүмдү эки эсе бактылуу сезип калдым. Мүнөзүм да өзгөрдү. Жоопкерчиликтүү болуп калдым. Мурда курбуларым менен көлгө барганда пирстен секирип жыргачумун. Азыр деле экстрим жагат. Бирок бир аз болсо да «кой, бир нерсе болуп кетсем эмне болот? Кызым бар да» деп коркуп калат экенсиң. Бирок мага «балалуу аял үйдө отуруп, ырдабашы, бийлебеши керек» деген стереотип жакпайт. Менин оюмча, мурда жашооң кандай болсо ошондой улана бериши керек. Ар бир адамдын кыялы, хоббиси болот. Аял балалуу болгондон кийин ошонун баарын токтотуп, баш-оту менен күнүмдүк көр тириликке кирип кеткенде депрессияга кабылат. Ошондуктан эне болгондон кийин да ишимди токтоткон жокмун. Тик-токко бийлегенимди чыгарсам «сен эне болдуң, мындай нерселерди токтот» деп жазып калышат. Аларга айта кетейин, мен токтотпойм, бул менин стилим, жашоом. Ошону менен бактылуумун, көңүлүм ачык. Менин көңүлүм ачык болсо, демек, кызым да бактылуу эненин жанында чоңоёт. Кудайга шүгүр, наристеме убактымды толук арнап жатам. Жолдошума, жумушума, чыгармачылыгыма убактымды туура бөлүштүргөндү үйрөндүм.

– Кызыңар кимге окшош?

– УЗИден эле жолдошума окшош экени көрүнгөн. Жүзү 100 пайыз Авазга окшош болсо, мүнөзү мага окшош. Шок кыз. Бала багуучум да «такыр жаны тынбайт» дейт. Жолдошума окшоп калганына сүйүнөм. Анткени атасына окшош кыз бактылуу болот дешет.

– Бала багуучуга баланы тапшыруу канчалык ишенимдүү?

– Мен кызымды өзүм эле чоңойттум. Съёмка учурунда гана калтырганга туура келет. Бирок жалгыз калтырбайм. Апамдын көзөмөлүндө калышат. Апамдын убактысы жок болсо, бала багуучубуз кызымды көтөрүп жанымда жүрөт. Эч качан экөөнү жалгыз үйгө калтырган эмесмин. Ушул жактан апаң эле караса болбойбу деген суроо жаралышы мүмкүн. Кызым тентек, колдон түшпөйт. Апам өтө жаш эмес. Кызымды дайыма көтөрүп жүрө албайт, бели ооруйт. Ошондуктан бала багуучуга муктаждык бар. Айылдан болсо кайненем каралашат.

– Жүзүн элге көрсөтө элексиңер. Ырым-жырымга ишенесиңби?

– Менин жайыма койсо төрөлгөндөн баштап эле көрсөтө бермекмин. Кайнене, кайнатам, жолдошум андайды жактырбайт. «Көз тиет, сөз тиет» дешет. Балаңды ар нерседен сактагың келет. Ырым-жырымга толук ишенбесең да, «чын эле көз тийип калсачы?» деген ой жүрөгүңдү өйкөй берет экен. Ошондуктан жүзүн көрсөтпөйбүз.

– Жолдошуңа карата мамилең өзгөрдүбү?

– Ооба. 100 пайыз өзгөрдү. Баш кошсок деле кыз-жигиттей эле жүрчүбүз. Жаңы баш кошкондон кийин «сен менин жолдошум болуп калдыңбы?» дегендей бир кызык боло берчүмүн. Караңгы кирип баштаганда «үйгө барыш керек, апам урушат» деген ой бир секундга келе берчү. Кызыбыз төрөлгөндөн кийин гана жубай экенимди толук сездим.

Аваз менен 16 жашымдан баштап сүйлөшө баштагам. Ошондон бери кеп-кеңешин берип, тарбиялап келатат десем болот. Ал мени ар тараптан колдойт. «Ырдаганың, бийлегениң жагат. Ушунуңду токтотпо. Ачык жүргөнүңдү, шайыр мүнөзүңдү жактырып алгам» дейт. Бул маегимди жолдошум окуйт. Учурдан пайдаланып ага ыраазычылыгымды билдире кетейин.

– Баш кошконуңарга аз эле убакыт болду. Ошентсе да эркектин психологиясын түшүнө алдыңбы?

– Жолдошум менен 16 жашымдан баштап сүйлөшө баштагам деп айтып калбадымбы. Ошондуктан башкалар менен салыштырганга тажрыйбам жок (күлүп). Жолдошум тууралуу гана айта алам. Динде аял кабыргадан жаралган деп айтылат экен. Өмүр бою кыйшыкпыз. Иши кылып түшүнүксүз болобуз да (күлүп). Эркектер түз айтканды каалашат. Биздин кыйшайтып, «намёк» менен айтканыбызды түшүнбөй калышат экен. Мен мурда ошондой болчумун. Жолдошума бир нерсени айта албай «мындай болуптур да, тигиндей болуптур да» деп айлантып айтып жатканымды такыр түшүнчү эмес. Таарына берчүмүн «түшүнбөйсүң» деп. Азыр оюңду түз эле айтыш керек экенин билдим. Анан эркекти укканды, сыйлаганды, колдогонду билип, айтканынын баарын эп көрүп туруш керек.

– Айылга кирерде дароо келиндин көйнөгүн кийип, жоолук салына калган видеоңду Инстаграм баракчаңа жүктөгөнүң күйөрмандарыңда кызыгуу жаратты...

– Кызыл-Тоо айылынын келини эмесминби. Ошол айылдын кире беришинде арка бар. Ал жактан унааны токтотуп, Айдана Декадан Айдана келинге айланам. Жоолук салынып, көйнөк кие калам. Мунун баары мага кызыктуу. Азыр айылдын жумуштарына бышып калдым. Бир гана казанга аш баса албай калам. Отту азайтып, чоңойтконго жардам керек болуп калат.

– Карантинден кийин сулуулук салондору жабыла баштады. Бизнесиң кандай жүрүп жатат?

– Эгер акчаны ойлосом «мага пайдасы жок. Ижарасын эле төлөй беремби?» деп салонду жаап салмакмын. Көп тааныштарымдын салондору жабылды. Мен мастерлеримди жумушсуз калтыргым келген жок. Кыйын учурда өзүмдүн чөнтөгүмдөн акысын төлөп жаттым. Карантин убагында киреше болгон жок, чыгым тарттым. Андай нерселерге бизнесте жүргөндөр даяр болуш керек. Бирде учуп, бирде ылдый түшүп турасың. Кыска ойлонсок жаап, кайра ача беребиз. Өкүнүп калбаш үчүн арканды алыс таштадым. Анткени оор күндөр да өтөт.

– Жамаатты башкаруу оңой эмес. Жетекчилер башкарма жана лидер деп эки сапатка бөлүнүшөт. Сен кайсынысына киресиң?

– 2 жылдан бери көптү үйрөндүм. Башында бир нерсе жакпай калса уруша кетчүмүн. Бирок андайым 1 айга эле созулду. Апам ишкерликте жүргөн адам катары кеңешин берди. Бирөөгө катуу сүйлөгөн жакшы эмес экенин билдим. Жумуш берип жатсаң эле өзүңдү бийик сезип кетпешибиз керек. Ар бир мастерге сый мамиле кылам. Бирок талапчылмын. Шайыр болгонум менен, салонго барганда өзүмдү кармайм. Алар менен курбу болуп, жакын сүйлөшүп кетсем башыма чыгып тоготпой калышат да. Ошондуктан субординацияны сактайм. Урушчаак жетекчи эмесмин. Ошондуктан өзүмдү лидер категориясына кирем деп айта алам.

– Маекти чыгармачылыгың менен жыйынтыктайлы. Кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Жаңы ыр жаздырдым, стилимди өзгөрттүк. Жаңы образымды жакын арада клиптен көрө аласыздар. Анан белгилүү музыкалык долбоорго калыс болдум. Бул мага чоң сыймык болду. Алдыга умтулууга стимул берип жатат.

– Ийгиликтериң көп болсун! Маегиңе рахмат!

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Araika
2020-09-07 10:20:10
Жаш, сулуу, акылдуу кыз!!! Ийгилик, бактылуу болгула!!!
-1
LunaSun
2020-09-07 13:27:52
УЗИден эде куоосуно окшош экени кызык экен :). Обу жоктуктун дагы чеги бар деп ойлойм.
+15
Izana
2020-09-07 15:53:12
LunaSun,ооба корсо болот УЗИден. Азыр 21 кылым го. Доплер деген бар. Цветной баарын озундой корсотот
+3
Ka2sr1
2020-09-07 14:11:09
Ушул красавицаны абдан жакшы кором. Озгочо чачынын жасалгалары озуно сонун жарашып турат. Сулуулугуна кеп жок. Озгочо чычын кое берип алса, озунчо эле бир золушка болуп калат. Сага ийгилик Айдана. Жолдошун экоон бактылуу болуп журо бергиле Кыздар дайыма ушундай сулуу, келбеттуу, жакшынакай болуп, чачынарды жасалгалап журо бергиле. Кыздарга чач жасалгалары ажайып оздоруно корк берип турат.
-3
asyl1998
2020-09-07 14:21:35
Аял киши эч качан каарыбагыла. Дайыма жаш корунуп, жасанып, сулуу болуп журо бергиле. Озун барктаган аял киши дайыма озун карап, жасанып, жаш корунуп, чачтарын жасап, кое берип же сонун кылып прическа жасап алышса кандай бир сонун. Андай аял киши козго да жакшы корунот. Айдана мыкты сулуу кыз.
-5
Tymar
2020-09-07 17:07:20
Чачын кое берип, озун карап, жасанып сулуу жургон аял кишиге ким гана суктанбасын.
-8
Balam_bakytym
2020-09-07 17:29:52
Akyrky komplimentterdi bir ele adam jazyp jonotup turgandai sezildigo... Aidana Deka iygilik, aialdyk bakyt, joldoshundu ar daiym syilap juro ber.
+10
Bermet01
2020-09-07 22:41:22
Ийгилик Айдана. Ушундай сулуу, жакшынакай болуп журо бер.
+3
Asel69
2020-09-08 19:16:06
Сулуу кыз. Бар бол. Тенирим сени колдосун.
-2
sultan_bek
2020-09-10 02:29:33
Айдана сулуу кыз.
0
Zarina-kasi
2020-09-12 00:04:16
Озгондун келини да тын, азаматсын, ишине ийгилик
0
Tiken
2020-09-16 18:27:44
Ата-энесинин тарбиясын алган, акылдуу кыз экен. Тарбиялуу кыз, эстуу келин деп ойлойм. Жана дагы «бал ширин» жубайлардын (Урмат жана Нэля) кийинки эле улгулуу жубайлардын катарын Аваз экоо толуктайт деп ойлойм. Баардык эле шаарда чонойгон кыздар Айданадай акылдуу келин боло албайт, мен суктануу мн баа берем бул кызга!!! Бактылуу бол, максаттарындын баары орундалсын, уй-булон мн аман бол!!!
0
№ 926, 3-9-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан