1-сентябрда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Анда быйыл өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык талкууланды. Өлкө жетекчиси саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди үгүт маалында мыйзамды бузбоого чакырды.
"Саясий күчтөрдүн аракеттери өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукка зыян келтирбеши керек. Өзүнүн жеке амбициясы үчүн коомдук коопсуздукту коркунучка туш кылууга жана кыргыз элин бөлүп-жарууга эч кимге жол берилбей турганын эстен чыгарбоо керек",- деди президент. Шайлоочулардын добуштары үчүн күрөштү компроматтарды таратуу, булганыч технологияларды колдонуу менен эмес, программалардын атаандаштыгына негиздеп өткөрүүгө үндөдү.
Добуш сатып алуу, сатуу фактыларына чара көрүлөрүн эскерткен президент: “Сиздердин акыл калчап, кыраакылык менен кабыл алган чечимиңиздер мамлекетибиздин келечегине түздөн-түз таасир этет. Мен жарандарыбызды добуш сатпоого чакырам”,- деп кошумчалады.
Ошондой эле БШКнын парламенттик шайлоону өткөрүүдөгү жоопкерчилигин эскертти.
Айта кетсек, парламенттик шайлоого карата үгүт иштери 4-сентябрда старт алып, шайлоо 4-октябрда өтөт.
Жолдубек Качкынбаев