Бул ырдын жаралганына 20 жылдан ашты. Ыр азыркыга чейин эл чогулган жерде ырдалып, ырчылар жаңылап ырдап жүрүшөт. Макалада сөзү Эсенгул Ибраевге, обону Арзыбек Бедияровго таандык «Барам сага» ырынын тарыхы тууралуу сөз болот. Бул тууралуу ырдын обонун жараткан Арзыбек Бедияров, чыгарманы элге жеткире аткарган ырчылар Шахра Талипова жана Динара Акулова айтып беришет.
Арзыбек Бедияров, Кыргыз Эл артисти: «АР БИР АДАМДЫН ЖАШООСУНДА УШУЛ СЫЯКТУУ ОКУЯЛАР КЕЗДЕШЕТ ДЕП ОЙЛОЙМ»
– «Барам сага» 1995-1996-жылдары жаралган чыгарма. Сөзү Кыргыз Эл акыны Эсенгул Ибраевге таандык. Ырда үй-бүлөсү бар, турмушу өз нугунда бара жаткан адамдын капыстан кыялында эңсеген адамга жолугуп калып, аны идеал тутуп, эч нерсеге карабай ошол адамга баргысы келгени тууралуу айтылат. Ошол адамдын арманы берилген. Мен да ырды өз тагдырыма окшоштургам. Ошол себептүү өзүмө жакын болуп, обон чыгарып калдым окшойт. Ал окуя сыр бойдон калсын. Менимче, ар бир адамдын жашоосунда ушул сыяктуу ар кандай окуялар болот. Биз ырларыбыз, обондорубуз менен айтып калабыз. Башкалар жүрөгүндөгү сезимди айта албай калышы мүмкүн. Бирок ал сезим жүрөгүндө жашай берет. Алар көксөгөн адамына ушул ыр аркылуу сезимдерин жеткире алышат.
Ырга кантип обон жазып калдым? Бир жолугушууда Эсенгул Ибраев мага «Эсенгулдун ырлары» деген жыйнагын берген. Ошол китептен алып, обонун жазып калдым. Кийин өзү чалып, «Арзыбек, абдан сонун обон чыгарыптырсың. «Күлгүн жаштан» кем калбаган, андан ашып түшө турган чыгарма экен» деп айткан.
Ооба, ырда менин тагдырым баяндалган. Мүмкүн, Эсенгул байкенин тагдырында да ушундай окуя болгондур, аны билбейм. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» деген кеп бар го. Балким, болгондур. Ошон үчүн жазган деп ойлойм.
Эсенгул Ибраев менен биз чыгармачылык да, үй-бүлөлүк да байланышта болуп калдык. Үйүнө барып калганда аккордеонду колго алып «Барам саганы», «Күлгүн жашты» ырдап калчубуз. «Күлгүн жаштын» сөзүн да Эсенгул байке, обонун мен жазгам. Бул ыр дагы азыркы күнгө чейин ырдалып келе жатат.
Биз сөз кылып жаткан «Барам сага» чыгармасын Шахра Талипова элге жеткире аткарды. Шахра экөөбүз «Күлгүн жаш» эстрадалык тобунда чогуу иштеп калдык. Бул топту мен негиздеп, жетектедим. Шахра Талипова «Күлгүн жаштын» коштоосунда «Барам саганы» ырдады. Кийин Динара Акулова ырдап, жакшы клип тарттырды. Динара башында сурабай эле ырдаган. Бирок ырдап чыккандан кийин мен «жакшы ырдаптырсың» деп ыраазычылыгымды билдирдим. Жаш ырчылар да жаңыртып ырдап жүрүшөт. Демек, чыгармада айтылган сезимдер аларга жакын сезилип жатат. «Менин тагдырым, башымдан өткөргөн жакшы учурлар баяндалган, мен ырдай турган чыгарма экен» деген таризде өз ыры катары кабылдап, ырдап жүрүшөт деп түшүнөм. Башка улуттагылар да ырдап жүрүшөт. 70тен ашкан Тамара Сомова деген орус аялдын ырдаганын интернеттен угуп калып кубандым. Ал эч бузбай, абдан жакшы ырдаган, тойлорго барып да ырдайт экен.Динара Акулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЫРДЫ КОНОККО БАРГАНДА УГУП, ЖАКТЫРЫП КАЛГАМ»
– Бир ирет конокко барып калсам, бир эже ушул ырды ырдап калды. Мага ыр аябай жакты. Башында эл суранганда өзүм үчүн ырдап жүрдүм. Кийин Арзыбек байкеге жолукканда «ушул чыгарманы ырдап жатам» десем, «ырдай кой» деди. Шахра эжеге да жолугуп, «эже, ырыңызды жакшы көрүп ырдап жатам» десем, «болуптур, алтышкам, ырдай бер» деди. Биздин учурда авторлордон, аткаруучулардан чыгармаларды уурдачу эмеспиз. Бул мыйзам болчу. Ошондуктан башында өзүм үчүн гана ырдап жүрдүм. Агай, эжелердин алдынан өткөндөн кийин жаздырып ырдап чыктым. Ырды эл жакшы кабыл алды. Арзыбек байке да «жакшы ырдаптырсың» деп ыраазы болду. Андан кийин «Келем сага» деген ырды жазып берди. Аны ырдап чыгып, Арзыбек байкеге «ушул эки ыр менен эле жүрө беремби?» десем, «Динка, мунун 3-сериясы пайда болду» деди. 3-сериясы «Жетем сага» деген ыр экен. Ошентип 3 сериялуу ыр ырдап калдым. Үчөө тең элдин жүрөгүнөн орун алган жакшы ырлар. Ушул чыгармаларды ырдап калганыма кубанам. Эми «Жеттим сага» деп ырдайын десем, андай ыр жазып бербей жатат (күлүп). Элдин жүрөгүнөн орун алган, эл сүйгөн чыгармаларды жараткан таланттар аз. Бул чыгармалар менен сыймыктанам, авторуна ыраазычылык билдирем. Арзыбек байкенин өмүрү узун болсун, дагы далай жакшы ырларды жаза берсин.
Шахра Талипова, Кыргыз Эл артисти: «АЗЫР ДА «БАРАМ САГАНЫ» ЫРДАП БЕРЧИ» ДЕП СУРАНЫШАТ»
–Арзыбек экөөбүз чогуу иштешип калбадыкпы. Ыр жаралып калды, менин үнүмө туура келип, ырдап калдым. Чыгарманын жаралганына 25 жылдай болду. Ыр чыккандан 1 же 2 жылдан кийин КТРдин версиясы боюнча «Жылдын мыкты ыры» аталды. Ырдын даңкы, аты азыр да өчпөй келе жатпайбы. Обон менен ыр айкалышып калса, аранжировкасы, аткаруучусу бири-бирине жарашса, ыр өчпөйт. Айрым ырлар кичине ырдалып, элге да сиңбей, тез өчүп калып жатпайбы. Ыр өзүмө жагат, үнүмө жарашат. Биз кандай аткардык? Ыр, обон, аткаруучу төп келгенби? Аны эл баалайт. Азыркыга чейин «Барам саганы» ырдап бериңиз» деп көп суранышат, ырдап жүрөм.
“БАРАМ САГА”
Сөзү: Э.Ибраевдики
Обону: А.Бедияровдуку
Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап,
Кызгалдактар гүл ачканда.
Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп-жана.
Бар-жогума кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.
Жылдыз көктө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.
Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп-жана.
Бар-жогума кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.
Дайра толкуп агылганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.
Кайырма:
Перизат Музуратбекова