СПОРТТОН САЯСАТКА КИМДЕР АТТАНДЫ?

Алдыда парламенттик шайлоо. Талапкерлер түрдүү – элге таанымалы, жаңы жүздөрү бар. Бул жолу спорттон чоң саясатка аттангандар тууралуу маалымат берели дедик. Өлкөнү, анын ичинде спортту өнүктүрүүгө салым кошчулар кимдер?

Канатбек Маматов – Кыргыз футбол союзунун президенти

Кыргыз футбол союзунун президенти Канат Маматов депутаттыкка аттанды. Коомчулук Маматовду Кыргыз футболун жаңы деңгээлге чыгарган инсан катары тааныйт. 46 жаштагы талапкердин эмгек жолу көпчүлүккө тааныш: спорттук карьерасын Оштун «Алай» футболдук клубунан баштап, кийин Индиянын алдыңкы клубдарында оюн көрсөтүп, ийгилик жараткан. Спорттук карьерасы менен бирге мамлекеттик кызматты ала жүргөндөрдүн бири. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин Дене тарбия кафедрасын жетектөөдөн башталган кызматтык тепкич 2019-жылы мамлекеттин эл аралык аренада жүзү болгон Кыргыз футбол союзунун президенти кызматына чейин жетти. Бул арада Канатбек Маматов эл аралык долбоорлордо эксперт, аймактык директор, бизнес долбоорлордун негиздөөчүсү жана жетекчиси, Жогорку Кеңеште фракция лидеринин жардамчысы сыяктуу түрдүү кызматтарды аркалаган. Ал Футбол федерациясынын президенти болуп дайындалгандан кийин Кыргыз футболу жаңы деңгээлге чыкканына Улуттук курамдын соңку оюндары далил. Мисалы, Улуттук курам Мьянма командасын 7:0 эсебинде утту. Бул курама команданын тарыхындагы эң ири жеңиш. Канатбек Маматов Кыргыз өлкөсүнө футбол борборун, заманбап стадион куруу демилгесин көтөрүп чыгып, анын үстүндө иштеп жатканы менен да коомчулукка белгилүү. Парламентке барса, Кыргыз спортун өнүктүрүүгө салым кошот деп ишеним арткандар көп.

Канат Аманкулов – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин экс-жетекчиси

Канат Аманкулов 1966-жылы Чүйдүн Кемин районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Кесиби – юрист. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, эмгек жолун Юстиция министрлигинде адис болуп иштөөдөн баштаган. 1995-2000-жылдары Чүй облустук прокуратурасында тергөөчү, прокурор, бөлүм башчы, 2000-2006-жылдары Башкы прокуратурада бөлүм башчы, башкармалык жетекчиси, башкы прокурордун орун басары кызматтарын аркалаган. Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы кызматын 2006-2010 жана 2011-2016-жылдары аркалап турган. Канат Аманкулов 2016-жылдан 2020-жылга чейин өлкөнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигин жетектеди. Ал жеңил атлетика боюнча көптөгөн турнирлерге катышып, СССРдин спорт чеберине талапкер болгон. Бир топ ийгиликтүү жөө күлүктөрдү таптаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу, өлкөдө Жеңил атлетика федерациясынын президенти.

Талас Бегалиев – Көк бөрү боюнча Улуттук курамдын мурдагы жетекчиси

Спортто ийгилик жаратып, быйылкы шайлоодо Жогорку Кеңешке аттангандардын бири – Талас Бегалиев. Талапкер 1977-жылы Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Эмгек жолу милицияда иштөө менен башталган. 1998-жылы ИИМдин алдындагы академияны бүтүргөн. Өмүрүнүн 23 жылын күч органдарында иштөөгө арнап, бул тармакта тажрыйба топтогон. Көпчүлүк Талас Бегалиевди спорт тармагындагы иш-аракеттеринен улам жакшы тааныйт. Ал кыргыз күрөшү боюнча өлкөбүздүн 4 жолку чемпиону, Самбо боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпиону, Көк бөрү боюнча Улуттук курамдын мурдагы жетекчиси, көк бөрү боюнча Президенттин кубогунун 3 жолку ээси. Самбо жана кыргыз күрөшү боюнча спорт чебери.

Абдурахман Муртазалиев – Жиу-житсу федерациясынын президенти

Белгилүү балбан Абдурахман Муртазалиев да депутаттыкка талапкерлигин койду. Учурда 26 жаштагы спортчу Бишкек шаарында төрөлгөн. Бишкек гуманитардык университетин, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган. Спортто ийгилик жаратып, Кыргыз өлкөсүнүн желегин чет өлкөлөрдө желбиретип жүргөндөрдүн бири. Өлкөнүн Жиу-житсу федерациясын жетектеп келет. Муртазалиев 2019-жылы Нур-Султанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда грэпплинг боюнча Кыргыз өлкөсүнүн алгачкы чемпиону болду. Абдурахман Муртазалиев деген ысым өлкөдө коронавирус эпидемиясы учурунда көп айтылды. Коомчулук аны оор кырдаалда элге жардам колун сунган ыктыярчы катары да тааныды.

"Супердин" сурак бурчу

СПОРТ ӨКҮЛДӨРҮНҮН ПАРЛАМЕНТТЕ ДЕПУТАТ БОЛУШУН КОЛДОЙСУЗБУ?

Турусбек Маразыков, профессор:

– Спорт өкүлдөрүн мен сыйлайм. Ар бир жаран өмүрүн спортко байлашы зарыл. Менин оюмча, саясатка коомдун бардык өкүлдөрү аралашуусу керек. Ошондо саясат толук кандуу болот. Спортчунун активдүү фазасы жана аяктаган фазасы болот. Өлкөгө эмгеги сиңген спортчулар эмне үчүн саясатка аралашпашы керек? Путин деле спортчу. Кесиби кандай болсо да, саясатка аралашуу адамдын өзүнүн тандоосу. Спортчулардын парламентке барышына көз карашым түз.

Максат Кулуев, акын:

– Албетте, колдойм. Негизи Жогорку Кеңешке бардык тармактан өкүлдөр барышы керек. Кандай адамдар барат, ал башка сөз. Бирок спорт тармагынан саясатка сөзсүз барышы абзел. Себеби спорт жаатында көптөгөн көйгөйлөр көмүскө калып жатат. Спорт жаатында мыйзамдарды жазууда спортту түшүнгөн, билген адам гана маселе көтөрө алат. Өлкөдө спортту өнүктүрүш керек. Улуттун жүзү – спорт менен маданият да.

Курманбек Карабалаев, ишкер:

– Мен колдойм. Мисалы, Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канат Маматов да депутаттыка аттаныптыр. Футболду көтөрүү өлкө үчүн кандай экономикалык пайда алып келерин билет. Жер-жерлерде футбол ийримдери жок. Канат аганын ошонун баарын көрүп, билип жүргөнүнөн күмөн санабайм. Коңшулар болсо бизден ат чабым алдыга кетти. Качанга чейин чемпиондуктарда Орусияга жан тартып жүрө беребиз? Айылдарда таланттуу балдар көп. Канчалаган Роналду, Неймарлар уй кайтарып, кой жайып жүрөт.

Үмөталы Кебекбаев, ишкер:

– Колдойм, спортчулардын арасында билимдүүлөр, татыктуулар көп. Мисалы, Кыргызстанда көк бөрү, футбол жакшы өнүгүп келе жатат. Спорт тармагын билген, патриот адамдар парламентке барып керектүү мыйзамдарды жазып, спортчуларды колдосо жакшы болмок. Өлкөбүз спорт менен гана дүйнөгө таанылып жатканда аларга жакшы колдоо керек. Болгону жогорку билими бар спортчуларды шайлашыбыз керек.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан