Лира SEVEN, ырчы: “ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ АЯБАЙ СУЛУУ ЭКЕНСИҢ ДЕП МАКТАГАН”

Ырчы, обончу, модель, дизайнер-модельер, деги койчу, Лира Seven өзүн бир топ тармакта сынап келет. Ал көпчүлүктүн эсинде эпатаждуу образдары менен да калган. Ырчы катары чет өлкөдө ырдап, чет жактагы мода жумалыктарын багынтып жүргөн Лира Seven кезектеги коногубуз.



– Лира айым, саламатсызбы? Социалдык тармактардагы баракчаңыздан жаныңыз тынбай эмгектенип, чет өлкөлөрдө жүргөнүңүздү көрүп калабыз. Айтып бериңизчи, кайсы өлкөдө эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. 5 жылдан бери келишим боюнча Түркияда иштейм. Ал жакта отелдерде ырдайм. Келишим менен чет өлкөгө чыккандар аз. Жыл сайын чакырылган мен гана деп мактанып койсом болот. 2019-жылы кезектеги келишим боюнча Түркияга барганымда Париждеги мода жумалыгына дизайнер-модельер катары чакырып калышты. Келишимге кол коюп койгондугум үчүн жана каражат маселесине байланыштуу Парижге баруудан айла жок баш тарттым. Нью-Йорк мода жумалыгына да чакырышкан. Ал жакка да каражаттын айынан бара алган жокмун. Андан кийин Араб мода жумалыгынын президенти Антонио Рубел Араб мода жумалыгына Дубайга чакырып калды. Дубайга бардым.

– Ал сизди кайдан көрүптүр, кантип чакырып калды?

– Мен 2017-жылы Араб мода жумалыгына барууга кызыгып, кантип барса болорун изилдегем. Ал иш-чарага дизайнер катары катышам десең, бери дегенде эле 14-15 миң доллардын тегерегинде акча керектелет экен. Андай шартым болбогондуктан, шагым сынып отуруп калгам. Ошондо долбоордун Инстаграм баракчасына катталгам. Бир күнү эле Антонио Рубел өзү мага жазып, Дубайда өтчү Араб мода жумалыгына чакырып калды. “Менде демөөрчү жок болгондуктан, баруу мүмкүнчүлүгүм жок” десем, “сизде талант бар экен. Иш-чарага VIP-конок катары чакырам” деди. Түркиядагы келишимдин аяктаарына аз калган, жумуш берүүчүлөргө абалды түшүндүрүп, келишимди токтотуп, өткөн жылдын октябрь айында Дубайга бардым. Кызыл килемден өттүм. Антонио Рубел таанып, өзү учурашты, кыскасы, баары жомоктогудай болду. Минтип баарына өз күчүм менен жетип жатам. Байдын кызы эмесмин, демөөрчүм жок, бирөөнүн токолу эмесмин. Өз күчүң менен көтөрүлүү аябай кыйын. Күнү-түнү идеялардын үстүнөн иштемей, келген эргүүнү кармап калып, ишке ашыруу жеңил эмес. Бирок чоң эмгек менен келген “тамак” жакшы аш болот.

Мындан тышкары Дубайда жүрүп, “СССР ханышасы” сулуулар сынагынын тандоо туруна катышып, өтүп кеттим. Сынактын өзү ушул жылдын октябрь айында болот деп жатышат.

– Жолдуумун деп ойлойсузбу?

– Жашоо кызык, бир туруп хан көрбөгөн укмушту көрөсүң, бир туруп ит көрбөгөн кыйынчылыктан өтөсүң. Чет жерде өзүңө гана ишенишиң керек, көп кыйынчылыктар болот. Ачка калган күндөрүм да болду.

– Өзүңүздүн музыкалык талантыңызга кандай баа бересиз? Кыргыз ырчыларынан кимдин ырларын угасыз?

– Кыскача айтсам, мен бардык жанрда ырдай алам. Репертуарымда 1000дей ыр бар. Ал эми кыргыз ырчыларынын ырларын укпайм. Дүйнөлүк ырчылардын ырларын угам. Биздин ырчылар жаңы өсүп келе жатышат. Сындагым келбейт, баары аракет кыла беришсин. Арасында начар ырдагандар, сапаты жок ырлар көп. Бул өкүндүрөт. Бирок андайларга көңүл бурбаганга аракет кылам. Бизде шоу-бизнесте маселе эмне билесиңерби? 2-3 адам бар, алар телеканалдарды ээлеп алышкан. Телеканалдардан өздөрүнүн гана ырчыларынын ырларын беришет. Башка ырчылардын чыгармаларын көрсөтүшпөйт. Анан улам бир ырды кайталап бере берсе, эл “ушул ыр популярдуу турбайбы, ушул ырды угуш керек экен” деп калышат. Элдин түрдүү музыка угуусуна шарт түзүп, дүйнө таанымын кеңейтиш керек.

– Сиздин ырларыңызды да эфирден кетирбей коюшту беле?

– Ооба, мен да ырларымды берип көргөм. Эфирден кетирбей коюшкан, акча сурагандар болду. Көңүлүм чөгүп ыйлаган күндөрүм болду. Бирок менин ырларым ансыз эле популярдуу болуп кетти. Жакшы ырлар ушинтип эле чыгып кетет экен. Бизде бардык тармак коррупциялашып кеткен. Андан тазаланбасак, өлкөбүз оңолбойт. Коррупционерлерди канталага салыштырам. Жылма кирип алып, кан соруп жата беришет. Коррупционер жыргабайт. Жегени бир жагынан чыгат, өзүнөн болбосо, баласынан чыгат.

– Ошол коррупционерлерди, элди сындап, “өлкөнү өнүктүрүш үчүн Манастын экинчи версиясын 34 жашымда төрөгүм келет” деп баракчаңызга жазып, талкууда калдыңыз.

– Жакында ата-энем менен Ысык-Көлдүн ыйык жерлерине барып калдым. Ошол жерден мага ошондой ой келди, ичимдегини гана жазып койдум. Бизге кыргыз калкынын башын бириктирген Манастын духу жетпей жатат.

– Экинчи Манастын энеси болушуңузга ишенип жатасызбы?

– Ооба, Манастын өзүн төрөй албайм, ал кайталангыс. Бирок экинчи версиясын, Манаска окшоштуктары бар баланы төрөй аларыма толук ишенем. Ал чыныгы Манаска жакын, акылдуу, күчтүү болот, сатылып кеткен жерлерибизди кайра кайтарат. Мен ишенем. Негизи кыялданып, пландап, аракет кылыш керек. Мен эмнени пландасам баары ишке ашат. Аябай сурансаң Жараткан берет.

– Атасын кайдан табасыз?

– Аны айтпайм. Сыр болуп турсун. Манас төрөлөрдө деле душмандар тыңчыларын аңдытып жиберет турбайбы, жок кылгыла деп. Кээде бул оюмду эрте айтып алдымбы деп кетем.

– Кыска, ачык кийингендигиңиз үчүн көп сынга кабыласыз...

– Негизгиси, алакандай жерди сактап, таза жүрсөң болду. Кийим деген чүпүрөк. Фото, видеого жылаңач түшпөсөң болду. Адамдын ичиндегиси маанилүү. Жамынып алып деле ыплас иштерди жасагандарды билем. Бизде эл консервативдүү түшүнүк менен жашайт.

– Бул ырчы катары элдин көңүлүн буруу аракети беле?

– Жок, стилим ошондой болчу. Өзүм ысык мамлекеттерде көп жүрөм. Ал жактарда кыска юбка, чолок шым кийип жүрүү кадимки көрүнүш. Мен жылдан жылга өсүп жатам, көз караштарым да, кийимдерим да өзгөрүп жатат.

– Кийим демекчи, улуттук кийимдерди тигип, көргөзмөлөргө катышып жүрөсүз...

– Ооба, улуттук кийимдерди заманбапташтырып тигип жатам. Башында “ачык шөкүлөлөрдү тигип жатасың” деп көптөр сындашкан. Кийин ошолор менин идеяларымды уурдашты. Мен тиккен шөкүлөлөрдү кие элек афроамерикалыктар гана калды көрүнөт. Аларга да кийгизиш керек. Көп эл шөкүлөнүн тарыхына кызыга башташты. Минтип кыргызды таанытып жатам. Мен элим, жерим деп күйгөн адаммын. Кыргызстанымды жакшы көрөм. Бирок кээде жинге тийген абал болот, болбогон майда нерселер үчүн тытышкан элди көрүп кейип кетем. Китептерде кыргыздар айкөл, жогорку деңгээлде ойлонгон, аң-сезими бийик калк деп сыпатталат. Майдаланып кеттик.

– Сөз арасында Чыңгыз Айтматовдон мактоо укканыңызды айтып калдыңыз...

– Ооба, Чыңгыз Айтматовду кайсы бир иш-чарада көрүп калып, автограф алып калдым. Ошондо Чыңгыз Айтматов мага “аябай сулуу кыз экенсиң” деп мактаган.

– Мактоолорго ээ болуп жүрө бериңиз! Ийгилик коштосун!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Imon7
2020-09-14 09:53:09
Мээ дегенден грамм жок
+11
sultan_bek
2020-09-14 10:24:52
Лира абдан сулуу экенсин. Сендей болуп өзүн карап, чачтарын жасап, кое берип, өзүн сулуу алып жүргөну жакшы. Прическан озуно жарашат экен. Кыздар да силерда дайыма чачынарга кам коруп, кое берип жакшынакай кылып алып журо бергиле, башынарды ороп, чумкоп албай. Какая прическа, такая и внимания женщинам.
-13
Janyl98
2020-09-14 10:34:21
Аял кишинин чач жасалгасы ар убакта бааланып келген. Божественная стрижка! У тебя отличный парикмахер.
-7
Mister-X
2020-09-14 13:16:51
Мен ушул кызды чет жерге барганда кыргызмын деп айтпай эле коюшун суранат элем.Азыр баарыбыз эле чет жерлерди көрүп келдик.Дүйнөлук цивилизацияны биз да жакшы түшүнүп калдык.Демократия өнүккөн АКШда деле белгилүү адамды жарым жыланач кийингенин сындады.Орустарда Пугачева,украинка Ротару жарым жыланач сахнага чыккан эмес.Кыргыздар жыланач жургонду цивилизация катары баалап калдык.Адамдык аруу сапаттарды жок кылбасак экен.
+21
Ka2sr1
2020-09-14 14:54:11
Mister-X,Мусулманмын деп ооз коптуруп, баштарын чумкоп алган кыздарды туз журот деп ким айтты. Ал гарантия эмес. Баштарын чумкобой, тескерсинче чачтарын жасап, кое берип, оздорун сулуу алып, жаркырап, жылдыздуу жургон кыздардын эмнеси жаман. Жэ эмне чачтарына прическа жасатып алып террор уюштуруп жургону жок да.
-13
Mister-X
2020-09-21 01:05:12
Ka2sr1,Төө десе бээ дейсин да.Ыйман менен террорду айырмалап бил.
0
Hanzada.sabih
2020-09-15 11:34:32
Mister-X,жыланач жургондор элден озунун ан сезими бийик деп эсептеп калган турбайбы,кокуй!)))
+5
Janyl98
2020-09-17 15:23:38
Hanzada.sabih,
Бети башын чумкоп алгандан коро, как она есть жургон жакшы. Аял киши дайыма чачын кое берип, жасатып, тарап жургону жакшы. Андан эч бир жамандык корбойсунор.
0
Tyty1990
2020-09-14 13:49:57
Дагы бир теңирчи. Манастай уул төрөш үчүн Манас сени пакылдатыш керек. Манас аян берди Каныкей жеңем түшүмө кирди деп Ошентип мазар мүрзөлөргө сыйынып жүрө бергиле
+1
Timon
2020-09-14 15:27:59
Рамен жегим келди))
+5
jemile
2020-09-14 16:00:31
Арстан Алайдын "карындашы" окшойт бул
+5
Egizderim-baktim
2020-09-17 03:28:53
Арыстан Алайга окшоп маек бериптир. 1000дей ырындын бирин дагы укпагам чын айтамын ээй.
+2
Aibako937
2020-09-18 13:15:25
Чё то "кыргыздын Демин" эсиме салып Кетти...
0
Nursul
2020-09-19 23:12:16
Шпаклёвка тартып алса эле сулуу боло берет бекен. Айтматов сулуу экенсиң дегени такыр окшошпой калыптыр. 1000 дей ырыңдын бирин эмес азыр көрүп атам ушул ырчы дегенинерди кыскасын айтканда мактанчаак неме окшойт
+1
Asmat84
2021-12-30 12:08:07
Манасты төрөгөн Манастын энеси сага окшоп жылаңач жүргөн эмес көк мээ
0
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан