Туулган күнүндө таң эрте ойгонгон сулуу айым жашоосун көз алдынан өткөрүп, саресеп салып жатты. “Аял үчүн 35 жашында эмнелер керек экенин билбейм. Бирок мен кыялданган нерселердин баарына жеттим. Бактылуумун” деди. Чындап ал баарына жетти. Ал жубай, эне, бизнесвумен болду. Сөз ырчы Бактыгүл Бадыева тууралуу болууда.
– Бактыгүл айым, тун кызыңыз Ширин мектеп босогосун аттады. Биринчи жолу баласын мектепке алып барган энеде кандай сезимдер болду?
– Ширин кызымды карап алып “сени кечээ эле төрөбөдүм беле?” деп толкундандым, ыйлагым келди. 1 жыл бою кайсы мектеп жакшы болорун изилдедим. Курбуларым менен кеңештим. Көпчүлүк курбуларымдын балдары жеке мектепте окушат. Алар балдар эрке болуп каларын айтышты. Ошондуктан мамлекеттик кыргыз мектепке бердим. Кыргыз болгондон кийин эне тилин билиши керек. Кызым кыргызча жакшы түшүнөт, бирок сүйлөй албайт. Түшүнгөн жетиштүү эмес, таптаза сүйлөсүн деп кыргыз мектепке бердим. Орус бакчага барганы үчүн, атасы да орус тилдүү болгону үчүн орусча сүйлөп калган. Азыр мектептен келери менен “тапшырмамды аткарышым керек” деп сабагын окуп калды. Аткарып жатканда көз салып турам. Азырынча “ө, ү, ң” тамгаларынан бир аз кыйналып жатат. Бирок аракети күч.
– Коронавирус менен күрөшүүдө шоу-бизнес өкүлдөрү чоң салым кошушту. Ден соолукту тобокелге салып жардам бергенге эмне түрткү болду?
– Бой жетип, акча таап баштагандан бери колумдан келишинче кайрымдуулук иштерин коомчулукка жарыялабай эле жасап келем. Оору күчөп кеткенде 2 аппарат алып бердим. Ошондо Австралия, Италия, Америка, Казакстан, Орусияда жашаган социалдык тармактагы катталуучуларым “биз дагы жардам бергибиз келет, сизге акча жөнөтөлү” деп жазып башташты. Мен аларга кайрымдуулук фонддорду сунуштасам, “жок, сизге эле жөнөтөбүз” дешти. Курбуларыма да “биз баарыбыз бир командабыз, жакшы адамдар” десем, “жок, аларды тааныбайбыз. Сен ишенимдүүсүң, ар бир тыйыныбызды элге жеткиресиң. Ошондуктан сага алып барып беребиз” дешти. Эл ишеним артып жаткандан кийин алар жөнөткөн акчаларды чогултуп, кайрымдуулук менен алек болдум.
– Жалаң кычкылтек концентраторун алып жаттыңыздарбы?
– Концентратор, дары дагы алып жаттык. 24 саат бою 1 мүнөт тынбай телефонго чалуулар келип жатты. Таңкы 5ке чейин “Клексан, Гепарин барбы? Бул дары керек, тиги дары керек” деп чалып жатышты. Түнү ойгонуп алып дары издеген күндөр болду.
Дары-дармек, концентраторлорду ар бир облуска жөнөттүк. Бир маалда “сен Токмокко эле жардам берип жатасың” деп чыгышты. Мен аппарат алган күнү “Токмокко аппарат керек” деп чалып калышты. Бул кокустук болду. Токмок Бишкекке жакын болгондуктан дары-дармекти алып өзүм жеткирип келдим. Мен үчүн трайбализм жат көрүнүш. Мисалы, атам Алайдан, апам Кочкордон болот. Өзүм Токмокто чоңойгом. Ошондуктан эл-жерди, улуттарды бөлбөйм. Сулуулук салонумда бир нече улуттун өкүлдөрү иштешет. 10 жылдан бери алар менен бир туугандай болуп калдым. Ар бирин жакшы көрөм. Ошондуктан “жаман улут жок, жаман адамдар болот” дегендей, жаман аймак болбойт. – Ооруп калган жоксузбу?
– Кудай сактады, ооруган жокмун. Кээде түнкү 12де үйгө барчумун. Ошондо менден өткөн бактылуу адам жоктой сезилчү. “Соопчулук иштеримдин баары 3 кызыма жуксун, бактылуу болушсун” деп тилек кылдым.
– Бул кайрымдуулук ишиңизди жолдошуңуз кандай кабыл алды?
– Башында апам “балдарыңды ойлобойсуңбу?” дегенде “апа, эгер Кудай кааласа, азык-түлүккө чыкканы барып деле жуктуруп алышым мүмкүн. Эл мага ишенип жатканда жардам беришим керек” дедим. Апам ошондо “мен балдарыңды карайм, элиңе кызмат кыл” деди. Жолдошум болсо кайрымдуулук иштерин көп кылгандыктан мени колдоду. Ал түшүнүктүү, ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Уюштуруу иштери колумдан келип, эл мага ишенип жатса кантип үйдө отуруп аласың?
– Пандемияда чакан бизнес ээлери гана эмес, ири компаниялар да кризиске кабылышты. Сиз жеке ишкер катары ишмердүүлүгүңүздү кантип сактап калдыңыз?
– Сулуулук салонумдун 10 жылдан берки кардарлары бар. Алар жөн гана кардар эмес, дос болуп калышкан. Мастерлеримдин 20-30 жылдык тажрыйбасы бар. Ошончо жыл иштеген мастердин өзүнүн кардарлары болот да. Албетте, кардарларыбызда да кризис болду. Мурда бардык процедураларды бир учурда кылдырса, азыр бирде чачын кестирип, бирде тырмагын жасатып кетип жатышат.
Кийим саткан дүкөнүмдүн 7 жылдан берки өз кардарлары бар. Алар да кардар эмес, дос болуп калышкан. Түркияга барганда кийимдерди ар бир кардарым үчүн сатып алам. Келерим менен “мени кийинт” деп келишет.
– Сизди жакшы тааныгандар “жүрөгү кенен” деп сыпатташат. Бул табияттан берилген сапатпы же өзүңүздүн үстүңүздөн иштедиңизби?
– Жок. Мен кандай болсом ошондоймун. 15 жылдан бери шоу-бизнесте жүргөндөр “3 баланын энеси болсоң да, дагы деле ошол бойдонсуң” дешет. Тааныштар “ушунча ийгиликтерге жетсең да Токмокто жашап жүргөн баягы эле Бакулясың” дешет.
– Бала кыял мүнөзүңүздөн жапа чегип калбайсызбы?
– Убагында жапа чеккем. Бирок ар ким өзүнө кылат да. Бала кыял деп пайдаланып кеткендер да өзүнө кылат. Жашоо бумеранг эмеспи. Бара-бара психолог болуп калдым. Адамдын кандай экенин бир сүйлөшүп эле билип коём.
– Кандай адамдар жакпайт?
– Бой көтөргөн, жоопкерчиликсиз, алдамчы, эки жүздүү адамдарды жактырбайм.
– Чыгармачылыктан алыстап кетсеңиз да, азыркыга чейин күйөрмандардын көңүлүндөсүз. Бул жагымдуу болсо керек?
– Бул өтө жагымдуу. Кээде ушундай жакшы сөздөрдү жазышканда ыйлагым келет, ыйлап да алам. Жашоодо күчтүүмүн. Бирок жан эргиткен жакшы сөздөргө сезимтал адаммын.
– Сиз жарата турган ийгиликтер али алдыда. Маегиңизге рахмат!
Динара Абдыкадырова