ПАРЛАМЕНТТЕГИ 120 ОРУНГА 2 МИҢДЕЙ ТАЛАПКЕР АТТАНДЫ

Парламенттик шайлоого 1 айга жетпеген убакыт калды. Борбордук шайлоо комиссиясы 15 партиянын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 1912 талапкер каттады. Анын ичинен 618 талапкер же жалпы талапкерлердин 32 пайызы аял.

Шайлоого катышчу партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү шайлоо алдындагы үгүт иштерин таза, адилет жүргүзүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова меморандумга кол коюу менен партиялар Конституциянын, мыйзамдардын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга жана үгүт иштерин өз ара сый мамиледе өткөрүүгө милдеттенме алышканын белгиледи.

Учурда чет жердеги Кыргыз жарандарынын добуш берүү укугу көңүл борборунда турат. 8-сентябрда Москвада диаспора өкүлдөрү жыйынга чогулуп, алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча талкуу кылышты. Анда добуш берүү процедурасы, ага элчиликтин даярдыгы жөнүндө сөз болгонун билдирди Орусиядагы Кыргыз элчилиги. Маалыматка таянсак, 8-сентябрга карата элчиликте 4774 жаран консулдук каттоодо турат. Анын ичинен 2149у жашы жете элек жарандар. Орусияда шайлоочулардын тизмесине 2625 жаран катталды.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан