КОРОНАВИРУС ЭПИДЕМИЯСЫНЫН 2-ТОЛКУНУ БАШТАЛАБЫ?

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну башталышы мүмкүн экенин эскертип жатат. Ал тыюу салынганына карабай элди массалык түрдө чогултуп жаткан кафе-ресторандардын ээлерине жазаны күчөтүүнү тапшырды.

“Адистердин божомолу боюнча, коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Эгер ден соолугуна кайдыгер караса, эл сентябрь айынын аягында массалык түрдө оорушу мүмкүн. Бул коомдук унааларда тийиштүү нормалардын сакталбагандыгына жана кафе-ресторандарга элдин көп баруусуна байланыштуу. Кафелер 3000 сом айып пул төлөп коюп келгендерди кадимкидей эле кабыл алышууда. Биз элдин кайрадан массалык түрдө ооруй башташына жол бербешибиз керек”,- дейт Боронов.

Коомчулук Кыргыз жеринде COVID-19 эпидемиясы жаңы башталгандагыдай шалаакылыкка жол бербөө керектигин, оорукана, дары-дармектерди жана адистерди алдын ала даярдоо керектигин эскертүүдө. Белгилүү болгондой, август айында аталган илдетти дарылоо боюнча төртүнчү протокол даярдалды. Адистер бул протокол дүйнөлүк акыркы тажрыйбалардын негизинде даярдалды, илдет менен күрөшүүдө жакшы натыйжа берет деп жатышат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан