Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилди. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-сентябрда аталган партияны “талапкерлердин тизмесин түзүүдө катачылык кетирген” деп тапты. Тагыраагы, БШКнын жумушчу тобу “Бүтүн Кыргызстанды” каттоодон баш тартуу сунушун берип, комиссия мүчөлөрү сунушту көпчүлүк добуш менен колдоого алышты. Аталган партиянын төрагасы Адахан Мадумаров БШКнын бул чечимин мыйзамсыз деп билдирди. Партия БШКнын үстүнөн сотко кайрылып, чечимди жокко чыгартууга аракет кылууда.
9-сентябрда Бишкектин административдик соту БШКнын чечими боюнча “Бүтүн Кыргызстандын” доо арызын карады. Бул күнү сот имаратынын алдына чогулган аталган партиянын жана тилектеш айрым партиялардын өкүлдөрү адилеттүү чечим талап кылып турушту. Аталган партиянын лидери жана тарапташтары "Бүтүн Кыргызстандын” шайлоого катышуу укугунан ажыратылышын атайын жасалган иш деп баалашууда.
Буга чейин 24-августта БШК “документ тапшырууда катачылык кетирди” деп “Кыргызстан” партиясынын документтерин кабыл албай, артка кайтарган. Партия БШКны сотко берип, эки инстанцияда тең утуп алды. Мындан кийин БШК аталган партиянын документтерин кабыл алып, каттады.
Гезит басууга кетерде сот "Бүтүн Кыргызстан" партиясы боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кеткен.
Жолдубек Качкынбаев