БИР БҮРКҮМ. ОКУУЧУЛАР НОЯБРДА 1 АПТА ЭС АЛЫШАТ...

  • Өзбекстанга ЕАЭБде байкоочу-өлкө статусун берүү маселеси каралып жатат.
  • Өлкөдө 2020-жылдын алгачкы 7 айында 20 158 адам каза болду.
  • 2023-жылы Кыргызстанда орточо айлык 19 577 сом болору күтүлүүдө.
  • COVID-19: 7-сентябрга карата Кыргыз ооруканаларында 601 бейтап дарыланууда.
  • Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7-сентябрга карата 15 миллиард 24 миллион метр кубду түздү.
  • Кыргыз-Казак чек арасындагы “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү бекети 7-сентябрда кайрадан иштей баштады.
  • Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалардын иштөөсүнө уруксат берилди.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков 9-10-сентябрда эки күндүк иш сапары менен Ош облусун кыдырат.
  • Баткендин алыскы Зардалы айылына электр чубалгысы тартыларын “Ош электр” ишканасы билдирди.
  • Өлкөдө 2137 орто мектептин 2106сы интернетке кошулганы расмий маалымдалды.
  • Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган деп шектелип 20 жаштагы жигит кармалды.
  • Быйылкы окуу жылында мектеп окуучуларынын күзгү эс алуусу 2-9-ноябрь күндөрү болот.
  • Болотбек Узакбаев Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.
  • Бишкектеги Фучик атындагы сейил бак толугу менен мэриянын карамагына өткөрүлдү.
  • 8-сентябрда Аламүдүн районунда жеңил унаа каналга түшүп кетип, ичиндеги эки адам изделүүдө.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан