КОЙ (21.03-20.04)
Ишке жөндөмдүүлүгүңүз жогорулап, маселелерди стандарттуу эмес ыкмалар менен чечүүгө жетишесиз. Бул, албетте, ийгиликти камсыздайт. Жеке жашооңузга аз да болсо өзгөртүү киргизчү жаңылыктар, жолугушуулар күтөт. Жеке жашоодо да, ишкердикте да алданып калуудан абайлаңыз. Агрессивдүүлүктү токтотуңуз, жакшы жыйынтык бербейт.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Буга чейин көңүл бурбай, убагында маани бербей келген маселелер калкып чыга келет. Маселени чечүүдө кеңешчилердин сөзүн угуу ашыкча болбойт. Келечекке бизнести түптөөгө ылайыктуу кез. Белгиленген жолугушуу сиз күткөн үмүттү актайт. Акчаны үнөмдөй туруңуз, алдыда күтүлбөгөн чыгашалар бар.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Абалды туура баамдап, ошого жараша иш кылуу кажет. Болбосо бирге иштешкен же жакын адамыңыз менен мамилеңиз салкындайт. Максатка жетүү үчүн адамдар менен туура мамиле түзүңүз. Үйүңүздө майда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө туура келиши мүмкүн. Айрымдарды айттырбай келген конок шаштысын алат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Өнөктөштөр менен чогуу баштаган иштер ийгилик алып келет. Жеке жашооңуз турукташат. Кыйынчылык менен кез келгенде салкын кандуулукту сактап, уруш-талашка жол бербеңиз. Аптанын экинчи бөлүгүндө достукка айлана турган таанышуулар болот. Киреше кирет. Эски тааныштардын бири конокко чакырышы ыктымал.
АРСТАН (23.07-23.08)
Ишке жөндөмдүүлүк, активдүүлүктүн арты менен көп иштерди бүтүрүп, жыйынтыгына ыраазы болосуз. Кооптуу маселени чечүүдө таасирдүү адам кол сунат. Сизди жаманатты кылгысы же жаман ишке аралаштыргысы келгендерден абайлаңыз. Ичкен тамак-ашка көңүл бөлбөсө, айрымдардын ашказан-ичеги оорулары козголот.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бирөөлөргө жаман көрүнбөйүн деп тынч отуруп калгыча акыйкаттыкты талашып чыксаңыз утасыз. Жакшылык алып келчү адамдар менен таанышуулар күтөт. Каржылык абалды оңдоого болгон аракетиңиз үзүрүн берип баштайт. Аласа-бересени такташууга даяр туруңуз. Балдардын талабы боюнча аларга өз колуңуз менен бир нерселерди жасап берүүгө туура келет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чогуу эс алуу же чогуу бир жакка барып келүүгө сунуш түшөт. Артында өзүңүздү актап же жемелебей тургандай болуп ойлонуп сүйлөп, эки жакты карап иш кылыңыз. Жакын адамдарыңыз алдап коюшу мүмкүн. Шаршемби – негативдүү күн. Бирөөлөрдүн таасирине кирбей, ызы-чуу компаниядан алыс болгон оң. Ден соолугуңузга кам көрүңүз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Өз күчүңүзгө ашыкча ишенүү, мамилелерде оройлук кетирүү иштердин бүтпөй, ара жолдо каларына жеткирерин унутпаңыз. Чыгармачыл жолугушуу, жакындар менен баарлашуу оң энергия тартуулайт. Коомдогу орунду чыңдоо үчүн аракетти күчөтүү керектелет. Чарба иштерин бүтүрүү үчүн акча жумшайсыз. Үйдөгүлөр менен бир жакка барып келүүнү пландайсыз.
Энергияны жана убакытты үнөмдүү жана туура багытка пайдалансаңыз ар тараптуу ийгиликке жетишип, аброюңузду бекемдейсиз. Жумуштагы маселелерди чечүү үчүн ыңгайлуу апта. Көптөн бери ойлонуп, бирок ишке ашыра албай жүргөн идеяларыңызды ишке ашырууну баштасаңыз жакшы болот. Жаңылыктардан кабардар болуп туруу кажет, керектүүсү чыгып калышы мүмкүн.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Катуу талапчыл болбоңуз, кекирейбеңиз, болбосо чөйрөдөгүлөргө жаман көрүнөсүз, ишиңиз артка тартылат. Буга чейинки жакшылыгыңыз үчүн бирөөнүн сыйына татыйсыз. Акча менен бүтүрүүчү иш чыгып калышы ыктымал. Бойдоктор достук мамиле сүйүүгө айланганын баамдашат. Спорт менен алектенүүгө, сейилдөөгө көңүл буруңуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын башы кубаныч тартуулайт. Апта ортосунда балдарды эркин коё бербей көз салыңыз, жаракатка жакын кез. Жоголгон буюмуңуз табылышы мүмкүн. Өзүн жакшы сезбегендер үйдөн чыкпай, дарылануулары зарыл. Жаратылыш коюнунда эс алуу жакшы натыйжа берет. Кесиптештериңиз жаңы иш баштооңузга жардам беришет.
Жакындарыңызга камкордук көрөсүз. Банктан насыя аласыз же туугандар акчалай жардам кылышат. Айрымдардын ишинде кадрдык алмашуулар жүрөт. Апта ичи уурулардан сак болуу кажет. Кээ бирлердин аброюна доо кетирчү сырлар, жагымсыз фактылар ачылат. Маанилүү тандоо алдында калышыңыз мүмкүн. Жүрөгүңүз тарткан тарапты тандаганыңыз туура.