– Мага көп ата-энелер кайрылышты. Айрым көп балалуу үй-бүлөлөрдө бир гана телефон болгондуктан, балдарынын онлайн окууга шарты жок болуп жатыптыр. Кээ бирлеринде бир да телефон жок болуп калууда. Эптеп нанга акча таап жаткан үй-бүлөлөрдүн балдары билим албай калышы мүмкүн. Ошондуктан мен бул балдарга телефон белек кылайын дегем. Башында аябай муктаж болгон 15 балага берейин дегем. Бирок 20 бала келиптир. Аларга да алып берүүгө туура келди. Бергенге жараша жакшысын берейин деп ар бир телефонду 6300 сомдон алдым. Азыр телефонго муктаж болгон балдардын тизмеси түзүлүп, саны 1600 балага жетти. Жалгыз бой энелер, кээде аталар да кайрылып жатышат. Булардын баарына телефон алып бере албайм да, ошондуктан кыргыз элимди, кесиптештеримди бул демилгени колдоп беришин каалайт элем. Анткени балдар – биздин эртеңки келечегибиз. Окубай калышса келечеги эмне болот? Кайдыгер эмес жарандарды балдардын келечегине салым кошууга чакырат элем.