БАЛБАН ТАШЧАЙНАР ЭСИН ЖОГОТУП ООРУКАНАГА ТҮШТҮ

Ташчайнар каймана атка ээ болгон балбан Нурлан Алишеров өткөн аптада ден соолугу начарлап оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү тууралуу кабар тараган. Кант диабети менен жабыркаган балбан акыркы учурда балдак менен басып калган эле. Андан тышкары 5-6 оору менен күрөшүп келет. Абалын билүү үчүн өкүл баласы Алымбек мырзага байланышып, буларды билдик:

– Өкүл атам 2-сентябрь күнү эсин жоготуп жыгылган. Ооруканага жеткиргенде врачтар кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Негизи кант диабети менен ооручу. Врачтар микроинсульт алганын айтышууда. 4-сентябрь күнү палатага которулду. Азыр абалы туруктуу, басып, бир аз сүйлөп калды. Толук жакшы болуп кетишине бир топ убакыт керек деп жатышат.

Нурлан Алишеровго жардам берүү үчүн телефон номери: 0776553535 – ЭЛСОМ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tynchtykbek8484
2020-09-14 23:06:38
Сакайып кетсин
+1
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан