ИРАНДА БАЛБАН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА ТАРТЫЛДЫ

13-сентябрда Иранда грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону Навил Афкари өлүм жазасына тартылды. Афкари 2018-жылы өкмөткө каршы уюштурулган көчө демонстрацияларына катышканы үчүн күнөөлүү деп табылган. Мындан тышкары спортчу бийликти кулатуу үчүн атайын топторду уюштурган деп күнөөлөнгөн. Балбандын жазага тартылуу алдындагы акыркы сөздөрү интернетке тарады. "Эгерде мен өлтүрүлсөм, анда сиз акыйкат үчүн күрөшкөн жана аны угуу үчүн бардык күч-аракетти жумшаган бейкүнөө адамды өлтүргөнүңүздү билиңиз. Бирок эч ким уккусу келген жок",- деген ал.

Ага чейин аны жазадан куткарууга Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах, UFC башчысы Дана Уайт жана АКШ президенти Дональд Трамп да аракет кылган. Бирок Иран бийлиги өкүмдү ишке ашырды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан