Жадыбалдын сап башынан «Барселонанын» көзүрү аргентиналык Лионель Месси орун алды. Оюнчунун жылдык кирешеси 126 миллион долларды түздү. Анын 92 миллиону – каталондук клубдан алган маянасы. «Ювентустун» жана Португалия курамынын чабуулчусу Криштиану Роналдунун жылдык кирешеси 117 миллион долларды түзүп экинчи катарда жайгашты. Ал эми үчүнчү орунду ПСЖнын мыкты оюнчусу Неймар ээлеген. Анын кирешеси 96 миллионду түздү.
Ошондой эле бул тизмени “Ливерпулдун” чабуулчусу египеттик Мохамед Салах (37 миллион доллар), "Манчестер Юнайтеддин" оюнчусу франциялык Поль Погба (34 миллион доллар) жана испаниялык дарбазачы Давид де Хеа (27 миллион доллар) толуктады.
Динара Акимова