Суусамыр өрөөнүнөн чыккан белгилүү көк бөрүчүлөрдүн бири, «Сары-Өзөн» командасынын оюнчусу Кубаныч Султан уулу биздин маек төрүбүздө. Ал көк бөрү боюнча Улуттук курамда жана Чүй облусунун курама командасында мыкты оюн көрсөтүп келет.
УЛАКЧЫ ТУУРАЛУУ:
Туулган жылы – 1992-жыл, 28-октябрь
Туулган жери – Чүй облусу, Жайыл району, Суусамыр айылы
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 82 килограмм
Билими – Орто
Үй-бүлөдө – 5 бир туугандын улуусу, бойдок
Ойногон командасы – «Сары-Өзөн»
Жетишкендиктери – Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2 жолку чемпиону, Президенттин кубогунун жеңүүчүсү
– Кандайсыз, Кубаныч мырза, ден соолугуңуз жакшыбы? Учурда эмне иш менен алексиз?
– Жакшы, рахмат. Учурда айылда чөп жыйнап жатабыз. – Коронавирус илдетинен улам чоң турнирлер өтпөй калды, оюндарды сагындыңызбы?
– Негизи оору башталганга чейин Чүйдө оюндар тынымсыз эле өтүп турган. Сагынгыдай деле алыстаган жокпуз. Жайында жайлоого чыгабыз, жайлоодо жума сайын эле улак болуп жатты. Айылда деле эки күндүн биринде улак тартып жатабыз. Кечээ эле айылда той болуп, улак тарттык.
– Көк бөрүгө кантип келип калгансыз? Бала кезиңизден эле бул оюнга кызыкчу белеңиз?
Айылда улак тартып жүрүп эле кызыгып кеткем. 12-13 жашымдан тартып айыл ичиндеги улак тартыштарда ойноп жүрчүмүн. Командалык оюнга 18-19 жашымда келдим. Алгачкы кадамдар «Суусамыр» командасында башталган. 2015-2016-жылдары «Сары-Өзөндө», 2017-2018-жылдары «Биримдикте» ойнодум. 2019-жылдан баштап кайрадан «Сары-Өзөн» командасында ойноп келем.
– Өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Ата-энеңиз улак ойногонуңузга кандай көз карашта?
– Мен Суусамыр өрөөнүнөн болом. Үй-бүлөдө беш бир тууганмын. Улуусу, анан сулуусумун деп мактана берсем болот (күлүп). Эки иним, эки карындашым бар. Атамдын аты Султан, апамдын аты Эркайым. Апам үй кожойкеси, атам чарбачылык менен алектенет. Башында улак ойногонума каршы болуп жүрүштү. Кийин «ушул жолду тандадың, алдыга жыла бер» деп батасын беришкен. Көк бөрү оюндарын калтырбай көрүшөт.
– Спорттун башка түрүнө кызыгасызбы?
– Футбол ойноп калам. Негизи баскетболго кызыгып жүрөм, буюрса, ойноп көрөбүз го.
– Оюн алдында кандай сезимдер болот? Тай казанга улак салыш үчүн күч мааниге ээби?
– Жаңыдан чоң оюндарда ойноп жүргөндө толкунданып башкача сезимдер болчу. Азыр андай деле болбойт, оюнга жаңы чыкканда бир аз толкунданасың. Аралашып, оюн кызуусуна киргенде максатың утуш эле болуп калат. Тай казанга улак салганда, атаандашты жеңип жатканда өзгөчө сезимдер болот. Аны сөз менен айтып жеткире албайсың. Ал эми улакты салууда мээни иштетип, атты да башкара билип, ыгы менен ташташ керек. Курулай эле күчкө сала берген болбойт. Кээде оңой эле салым жасайсың, кээде кыйынчылык менен саласың.
– Улакчы үчүн ат да мааниге ээ да. Негизи эле аттарды кантип тандайсыңар? Өзүңүз да ат таптаганды билесизби?
– Аттар коргоочуга, чабуулчуга, жекеме-жеке ойноого ылайыкталып, жөндөмүнө жараша тандалат. Командада аттар ар бирибизге бөлүнгөн. Менин тулпарымдын аты Краз. Ал башка аттардан шамдагайлыгы, өжөрлүгү, оюнду көрө билгендиги менен айырмаланат. Улактын колдо экенин ат дагы сезет. Кээде оюндун жүрүшүнө карап аттарды алмашып минүүгө туура келет. Команданын аттарын атайын саяпкер карайт. Өрөөндөгү оюндарда өзүбүздүн аттарыбыз менен эле ойной беребиз. Ат таптаганды саяпкерлердей мыкты деңгээлде болбосо да, кандай кылып багып, кантип "суутуш" керек экенин жакшы эле билем.
– Айылда улакка кызыккан балдар көп болсо керек. Аларга тажрыйбаңыздан бөлүшүп турасызбы?
– Чынында, айылда улак ойнойбуз деген жаш балдар көп. Өсүп келе жатышат. Аларды оюндарга ээрчитип барып, колдон келген акыл-насаатты айтып, оюн ыкмаларын үйрөтүп турабыз. Учуру келгенде бизден ашып түшө турган улакчылар чыгат деген үмүттөмүн.
– Торпок тартышка да түшүп жүрөсүзбү?
– Жок. Бизде, Чүйдө кадимки улак тартыш, анан жер улак көп болот. Жер улакта үч кишиден бир команда болуп ойнойт. Атайын белги коюлган жерге улакты алып барып таштайсың, ошондо упай болуп эсептелет. Кайсы команда катары менен эки жолу улак таштап кетсе, ошонусу жеңүүчү болот. Кээ бир чоң оюндарда катышуучулардын саны 50-60 командага чейин жетип кетет.
– Эсиңизде калган ийгиликтүү оюн?
– Алгачкы жолу «Суусамырдын» курамында чоң оюнга чыккам. Жаңы оюнчу экениме карабай «Мыкты оюнчу» деген наамга ээ болгонум эсимде. Андан бери ийгиликтүү оюндар көп эле болуп келе жатат.
– Жеңилүүнү кандай кабыл аласыз?
– Жеңилүү кимге болбосун оор тийсе керек. Ызаланасың, катачылыгыңды издеп, «бул жерден мындай кылсам болмок экен» деп өзүңдү күнөөлөйсүң. Керели-кечке сүрөп турган күйөрмандардан уяласың, айла жок убакытты артка кайтара албайсың. Оюнда бирде утасың, бирде утуласың.
– Силерде маяна маселеси кандай болот?
– Бизде ай сайын айлык болбойт. Жыл башында бир келишим түзүлөт, ошондо акчаңды бир аласың. Жылдын аягына чейин келишим түзгөн командаңа ойноп бересиң. Ал эми байгелер дароо эле команданын курамына бөлүштүрүлөт.
– Көк бөрүнү кооптуу оюн деп эсептейсизби? Оюнда жаракат алган учурлар болду беле?
– Көк бөрүнү кооптуу оюн деп эсептебейм. Бирок жаракат алган учурлар болбой койбойт. Кээде жеңил, кээде оор, ар кандай жаракат аласың. Колу-бутуңду оорутуп алышың мүмкүн. Айрым оюндарда эч жериң эч нерсе болбой аман-соо чыгасың.
– Үйдүн улуусу экенсиз, жакындар үйлөн деп шаштырбай эле турабы? Кандай кыздар жагат?
– Үйлөн деп эч ким деле айтпайт. Буюрган күнү болор. Кудайдын маңдайга жазганынан эч кайда качып кутула албасак керек. Мындай кыздар жагат деп тизмектеп идеалдуусун таппайсың да. Эми жөнөкөй, жашоону түшүнө билсе болду го дейм. Калганын жашоо өзү көрсөтөт.
– Ортодогу жекеме-жеке оюнчусуз. Сизге кайсы позицияда ойногон көбүрөөк жагат?
– Командада жекеме-жеке ойноочу, кээде чабуулчу да болуп кетем. Каршылашыңдан улакты тартып алып, тай казанга салган – башка. Мага чабуулчулук позицияда ойногон көбүрөөк жагат.
– Көк бөрү федерациясы Президенттин кубогу күзүндө өтөт деп жарыялаган эле. Командада даярдыктар башталдыбы?
– Күздө болот дешкени менен, боло турган датасы так айтыла элек. Азырынча даярдануу тууралуу эч нерсе деше элек. Расмий билдирүү болсо, биз оюнга даярбыз.
– Маегиңизге рахмат. Буюрса, оюндан көрүшөлү.
Динара Акимова