“БААРЫНА ӨЗҮМ КҮНӨӨЛҮҮМҮН”. ТАШТАНДЫДАН БӨТӨЛКӨ ИЗДЕГЕНДЕРДИН БАЯНЫ

Эртең эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Бүгүн заңгыраган үйдө жашап, маянасы жакшы жумушта иштеген бирөө эртең үй-жайсыз кишиге айланып, көчөдө калбайт деген кепилдик жок. Бүгүн биз сөз кылчу каармандар деле убагында жакшынакай турмушта жашашчу. Болгону тагдыр сыноосуна жеңилип беришкен. Бишкекте таштанды чукулап, бөтөлкө чогултуп сатып жан багып жаткандардын мурдагы жашоосуна кызыгып көрдүк.

“КЫЗДАРЫМ, МЕНДЕН КАБАР АЛЫП КЕТКИЛЕ”

Жол боюнда өскөн бактарды аралап жүрүп, алдыларына жаман төшөк таштап, баштыктагы күрүч боткосун жеп отурган эки селсаякты көрүп, кепке тарттым. Бутун сындырып алып, араң басып жүргөн каарманым Динара А. тагдырын мындайча баяндап берди:

– Мен, Динара А., 1966-жылы Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөм. Кичине кезимде атам апамдын өлүмүнө себепкер аталып түрмөгө түшүп, бир туугандарым менен таенемдин колунда чоңойдук. Мен 8-класска чейин Токмоктогу Токтогул Сатылганов атындагы жатак-мектепте окудум. Ошол жактан 8 баланы Москвага окууга жөнөтүштү. Ал жерден мен дагы Технологиялык окуу жайга тапшырып, аскердик билим алдым. 3-курстан кийин каникулга Кыргызстанга келгенде күйөөм ала качып кетип, окуумду кийин бүтүрдүм. Жолдошум экөөбүз эки кыздуу болдук. Тилекке каршы, күйөөм 1990-жылы кайтыш болуп калды. Кантта үйүбүз бар, ал жерде азыр кызым жолдошу менен турат. Мен 2000-жылы Бишкекке келип, түрдүү жумуштарда иштедим. Тамак жасадым, базарга чыктым, негизинен, жакшынакай эле жашоом бар эле, эмне болуп бөтөлкө терүүгө өтүп кеткенимди билбейм. 2010-жылдан бери желим бөтөлкө терем. Бөтөлкөнүн өзү жакшы, бирок жолу жаман экен. Жалаң ичкен, чеккендер менен жүрүп, мен дагы ичкиликке берилип кеттим. Эч ким оозума куйган жок, баарына өзүм күнөөлүүмүн. Ушинтип жүрүп батирден чыгып калып, Гоголь көчөсүндөгү бир гаражды жамап, жанымдагы жигит (жанында отурган 40 жаштардагы жигитти жаңсап) экөөбүз жашап жатканбыз. Ушул жылдын март айында бөтөлкө чогултуп жүрүп тайгаланып жыгылып, жамбашым сынып кетти. Башында аны билбей жүрө бериптирмин. Жанымдагы жигит да ооруп ооруканада жаткан. Кийин бутум шишип тура албай калганда “Тез жардам” чакырдым. Бирок алар селсаякка келишмек беле? Тааныштарым эптеп №4 шаардык ооруканага алып барышты. 16-мартта сынык жериме бир жарым саат операция жасашты. Акчам жок, оорукананын эсебинен гуманитардык жардам болуп, бекер дарылап беришти. Барар жерим жок, карантин маалы да болуп, ооруканада бир жарым ай жаттым. Медайымдар менен дарыгерлер мени жакшы карап, кийин гаражга чейин өздөрү жеткирип, колума 300 сом карматышты. Ооруканадан чыккандан кийин гаражда дарыланып жаткам, жанымдагы жигит экөөбүз сыртта жүргөндө гаражды атайлап эле белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишти. Анткени электр жарыгын колдончу эмеспиз. Кыскасы, акчаларыбыз, кийимдерибиз бүт тыптыйпыл болуп күйүп, эч нерсеси жок калдык. Бутум толук айыга элек. Араң басып жүрөм. Кайыр сурап көп болсо 200 сом табам, ал тамак-аштан ашпайт. Кыйналганда дагы башкалар эмес, биз, кыргыздар, кыйналдык. Ысык шорпо ичким келет. Карыганда ушул мага керек беле?.. Мен мындай тагдырга туш болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Ушунун баарына арак алып келди. Эң негизгиси, бутум айыкса эле иштеп, жаңы турмуш баштайм деп отурам. Бул кебетем менен кыздарыма бара албайм, алардын эл караган бетин жер караткым келбейт. Кыздарым, келип менден кабар алгыла.

“МЕН ПРЕЗИДЕНТТЕЙ ЭЛЕ АКЧА ТАБАМ”

Кийинки каарманымды бөтөлкө кабыл алуучу жайдан кезиктирдим. Ал “мен такыр ичпейм жана чекпейм” деп, туш болгон тагдырын айтып берди:

– Мен, Ишен И. Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөм. Кесибим боюнча куруучумун. Союз мезгилинде Ак үйдүн, Тарых музейинин, филармониянын курулуш иштерине катышкам. Жеке секторлордо да көп иштедим. Кийин катуу ооруп калып, ден соолугума байланыштуу көчөдө бөтөлкө терүүгө өттүм. Жыйырма жыл мурун аялым менен ажырашып кеткем. Бир кызыбыз бар. Токмок шаарында жашачубуз. Азыр ал үйдө бир тууган иним турат. Жакшынакай эле жашоом бар эле, мындай турмушка туш болушума күнөөнү өзүмдөн издейм. Таңкы саат 4тө туруп бөтөлкө чогултууга киришем. Аябай жакшы иштедим дегенде 4000 сомго чейин акча табам. Селсаяктарга “мен президенттей эле акча табам” деп тамашалап коём. А мындай 1500 сомду ойноп эле таап алам. Бул иштен намыстанбайм. Анткени маңдай терим менен акча таап, жан багып жатам. Башка селсаяктарга да кол кабыш кылам. Айрымдарынын ич кийимдерине чейин алып берем. Кээде тапкан акчамды кайрымдуулукка жумшайм. Бөтөлкөнү көчөдөн каалаган жеримден чогултам. Айрым кафе-ресторандар өздөрү чогултуп беришет. Карантин маалында дагы ишибиз үзгүлтүккө учураган жок. Бөтөлкөлөр баягыдай эле чыгып жатты. Болгону коронавирустан коркуп, коргонуп бет кап кийип жүрдүк. Мен бир туугандарыма жүк болгум келбейт. Ар кимдин өз турмушу бар. Көчөдө жакшы кийинип жүрсөм, эч ким мени селсаяк деп ойлобойт. Бирок селсаяк болгонум анык. Алдыда жакшы ой-максаттарым бар. Бир келин менен сүйлөшүп жүрөм. Мени өкүндүргөнү – айрым жаштар аракка берилип кетишти. Арак жакшы жолго алып барбайт.

“ТАШТАНДЫ АРАСЫНАН КИШИНИН БАШЫН ТААП АЛДЫМ”

Кийинки каарманымды таштанды кутусунан бөтөлкө чогултуп жүргөн жеринен жолуктурдум. Белгилүү себептер менен атын атагысы келбеген 43 жаштагы киши паспорт алып, бөтөлкө кабыл алуучу жай куруп алсам деп кыялданат.

– Менин үй-жайсыз адамга айланганыма 10 жылдын жүзү болду. Туугандарым бар, бирок катташпайм. Аялым менен ажырашып кеткениме 12 жыл болду. Үйдү таштап чыгып кеткем. Бир уул, эки кызым бар. Андан соң ызанын айынан ичкиликке берилип кеттим. Жанымда шеригим бар (жанындагы аялды көрсөтүп), эки жылдан бери биргебиз. Кесибим айдоочу, электро-монтёр. Буга чейин курулуш тармактарында иштедим, колумдан иш келет. Ширетүүчүлүк менен алектенип жүрүп көрүүм начарлап калган. Колумдан иш келгени менен, паспорт жок короо шыпыргыч кылып да жумушка алышпайт экен.

10 жылдан бери көчөдө жүрөм. Катуу суук түшкөндө жылуулук өтүүчү трассанын кудуктарына кирип кетебиз. Андай трассада кышкысын кирип жашаган үй-жайсыздар абдан көп. Көпчүлүктө кийим-кечектерибизди уурдап кетишет. Паспортумду да ошентип уурдатып жибергем.

Негизинен бөтөлкө, түрдүү металлдарды чогултуп өткөрүп, жан багабыз. Таштандынын арасынан эмнелерди гана көрбөйсүң. Бир жолу таштанды казып жүрүп кишинин башын таап алгам, денеси жок экен. Анан милицияны чакырып, сурак берип үч күн жүрдүм. Андан сырткары көптөгөн үй-жайсыз селсаяктардын өлүмүнө күбө болдум.

Тапкан акчабыз тамагыбыздан артпайт. Келечекте бөтөлкө кабыл алуучу жай ачып алгым келет. Мага ошол эле жетиштүү. Карантин маалында да бөтөлкө чогултуп эле оокат кылдык. Бизге эч ким көңүл бурган жок. Вирустан корккон жокмун, 3 маал арак ичип, коргойт деп аракка ишендим. Бет кап сатып алдым, бирок дүкөнгө кирген учурда гана кийип жаттым.

Мына окурман, көчө селсаяктарынын тагдырлары ушундай ар түрдүү. Макаланы бирөөнүн тагдыры башка бирөөгө сабак болсун деген ойдо даярдадык. Ийгиликтүү адам, ишкер же жогорудагы каармандарга окшоп үй-жайсыз адамга айланыш ар бир адамдын өз колунда.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aimani
2020-09-21 13:44:48
Баарына арак анан өзүлөрү күнөөлүү. Ошол тапкан акчаларына кв таап алып жашашса деле болот да бомж болгончо. Жуунуп тазаланып, арак алганча тамак алып жешип.
+4
Aliha
2020-09-24 21:49:13
Уй жайсыз калганыма 10жыл болду деген адамдын аты жону Ким экен.
+1
momun74
2020-09-28 00:08:45
Динара деген аял биз тараптагы гараждарда жашайт экенда гаражы орттонгон кезде мен 101ге чалган болчум бирок бул адамдардар жок болчуда кантседа кыздары бар экен кыздарына барсада болчудайго
0
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан