ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 21-СЕНТЯБРДАН 27-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Аптанын башы азгырыктарга жакын. Күтүүсүз кырдаал чыгат. Эмнеси болсо да ачууңузду ичке жутуп туруңуз. Болбосо абалды ого бетер оорлотосуз. Жалпы кызыкчылык үчүн сизге жагымсыз сунушка макул болууга туура келет. Апта акырында жашооңузду шаңга бөлөгөн кечеге чакырык түшөт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жашоого өзгөрүү киргизүүгө, жаңы иш баштоого ылайыктуу апта. Сизди тең салмактан чыгаруучу жаңылык күтүлүүдө. Сизди колдонуп ишин бүтүрүп алгысы келгендер чыгат. Керексиз сүйлөшүүлөрдөн качыңыз. Курулуш же оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүүгө акча издешиңиз мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Материалдык абалды оңдойм деп жүрүп, жеке жашооңузду арткы планга калтырбаңыз. Иште ката кетирсеңиз жетекчиликтин каарына каласыз, так болуңуз. Эч ким менен айтышпай, компромисске барыңыз. Маселе чыкса, сизге колдоо көрсөтө алчу адамдарды өзүңүзгө тартыңыз. Гардероб жаңыртууңуз ыктымал.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Апта башында чоң ишти колго албай, чечим кабыл алууну артка жылдыруу керек. Анткени кырдаалды туура баамдоо, туура чечим чыгаруу кыйынга турат. Жашооңузга өзгөртүү киргизүү жагын ойлонуңуз. Сиз күткөн тараптан материалдык колдоо болот. Үйүңүзгө коноктордун келиши мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)

Апта башындагы жагымсыз кырдаал же сиз ишенген адамдын эки жүздүүлүгү жан дүйнөңүздө бороон жаратат. Ачуу менен күнөөсүз адамдарга катуу тийип албаңыз. Апта ортосунда тааныштарды колдоп, жардам берүүгө туура келет. Апта аягында башка жакка көчүүнү пландагандардын тилеги ишке ашат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Кыйынчылыкты жеңип, бирөөлөргө кол кабыш кылып олжо арттыра аласыз. Аз да болсо киреше кирет. Бир жакка барып келүүнү кийинкиге калтырыңыз, ойдогудай болбойт. Малга, сырттагы буюмдарга көз салбасаңыз жоголуу коркунучу бар. Аптанын аягы жакшы жаңылыктарга бай болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Апта башында алдоо, өз ара түшүнбөстүк, каралоолор мамилелерге доо кетирет. Өз принциптериңизди коргоп калыңыз. Көптөн бери сатып алсам деп жүргөн буюмуңуз колуңузга тиет. Тилектердин бирин орундатуу үчүн ортого бирөөнү саласыз. Апта акырында жакын санаалаштар менен жолугушуу күтөт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жаңы таанышууларды, чыгармачылыкты тартуулоочу апта. Мурун кол жетпеген бийиктиктерге жетүүгө, жашоого өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Эски достор менен байланыш жанданат. Соода менен алектенгендер өнөктөштөргө ишеним артпай, эсепке так болуулары зарыл.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жуманын башында иште кечигүүлөр, тапшырылган иштин убагында бүтпөшү, адамдар менен болгон түшүнбөстүктөр сизди кыйнайт. Чакан белектер келиши ыктымал. Апта аягы бир топ жаңылыктарды тартуулайт. Өзүңүзгө кам көрүүгө, жакындарыңыз менен баарлашууга убакыт табасыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Катуу айтылган сөздөрдү жүрөккө жакын кабыл албаңыз. Баарын ийгиликтериңиз жууп кетет. Балдардын ден соолугуна кам көрүңүз. Керектүү документтерди топтоо же бүтүрүү маселеси чыгат. Бойдоктор сүйүү жаатында чечим чыгарбай туруулары керек. Сүйүктүүңүздөн жагымдуу белек алышыңыз мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада суранычтардан баш тартпоо, эгоисттик кылбоо керек. Кеңештерге кулак салып, керектүүсүн пайдалануу сунушталат. Достор бир маселе боюнча сиздин пикирге кызыкдар болушат. Көргөн түшүңүздүн бири туура чыгышы мүмкүн. Жакындарыңыздын бирин врачка текшертүүңүз күтүлөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Күмөн саноону жыйыштырып, чечкиндүү кадамдарды жасаңыз. Кызыктуу адамдар топтолгон кече же иш-чаранын катышуучусу болосуз. Күтүлбөгөн чыгымдарга даяр турууну жылдыздар эскертишет. Көз салбасаңыз балдар электр шайманын бузуп же керектүү буюмду жоготуп жибериши мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА