Султан Садыралиев, ырчы: “КЫЗЫМ ЖҮРӨГҮМДҮ НАЗИК КЫЛДЫ”

Казакстандын жайлоосунан Саргалдак деген атты минип эне-бала айылга түшүп келатышты. Энеси учкашып алган шок баланы кулап кетпесин деп жоолук менен белинен байлап алган. 3-4 сааттык жолдо зериккен экөө алмак-салмак ырдап баратышты. Бала жолдун узактыгына кайыл. Айылга жетишсе, андан ары районго барып көптөн бери самап жүргөн балмуздагын алдырып жейт. Самаганы эле балмуздак, ичинен бала кудуңдап алды... Ырчы Султан Садыралиевдин балалыгынын таттуу күндөрү коңшу өлкөнүн тоолорунда калды. Апасынын мээрими менен эр жеткен Султан мырза бул сапар жашоосундагы аялзаттар тууралуу баяндайт.

“АПАМ ООРУГАНДА ӨЗҮМДҮ ТАППАЙ КАЛДЫМ”

– Апамдын аты Гүлмария. 1953-жылы туулган. Азыркы тапта Казакстандын Көкдөнөн деген айылында жашайт. 5 баланын апасы. Мен эң кенжесимин. 3 эжем, агам бар. Апам казак кызы. Кээде казактарды жамандап калышса энем үчүн эмнегедир казактарга болушуп кетем. Апам казак болгонго казактарга да жан тартып турам. Балалыгым Казакстанда өттү. Ата-энем кичинекей кезибизде колхоздун малын багып, жайлоодо чоңойдук. Апам өзүнүн өмүрүн бизге арнап койгондой сезилет. Карып жатканын көрүп жүрөгүм ооруйт.

Пандемия күч алып жаткан маалда апам пневмония болуп ооруп калды. Аябай жаман болдум. Бул дүйнөдө өзүмдү таппай, жерге батпай калдым. Мен Бишкекте, апам Казакстанда болгондуктан, жете албай койдум. Жол мен үчүн узак болуп туруп алды. Баргандан кийин оорукананын терезесинин түбүнөн чыкпай калдым. Ошондо “апама жакшы көрөм деп дайыма айтсам болмок” деп өкүндүм. Ооруганга чейин апам 1 күн мурун мага чалган. Анда ызы-чуу жакта жүргөм. “Апа, 1-2 саатта өзүм чалып коём” дегем. Ошону менен кайра чалганды унутуп калыптырмын. “Эмнеге чалбай койдум?” деп өзүмдү жей бердим. Үйүмдү сатып, айылга барып жашагым келди. “Өзүмдү мыкты сезип кимге ырдап жүрөм? Чоңойтуп эрезеге жеткирген энеме эч нерсе кыла албай кайсы арыма жүрөм? Бул жашоодо киммин?” деп өзүмө суроо бердим. Кудайга үнүм жетти. Күндө суранып, жалынганымды кабыл алгандай болду. 3 күндөн кийин аппараттан чыгарып, күндө бир маал аппараты жок бастырып, акырындык менен көндүрүштү. Ошондо терезеден кирип барып апамды кучактап өөп, жыттап алдым. Чыдабай калдым. Ар кайсы нерселер оюма келип туруп алды.

Апамды үйгө чыгарып келгенден кийин массаж, маникюр, педикюр жасап берем деп кыялдангам. 3 күндөн кийин апам “20 күндөн бери ушул жакта жүрөт экенсиң. Үй-бүлөңө бар” деп жөнөтүп жиберди.

“АПАМДЫН ЖАНЫНДА ЖАШ БАЛА БОЛУП КАЛАМ”

– Апам мени өзгөчө жакшы көрөт деп эсептейм. Биринчиден, кичүү баласымын, “кенжетайым, Султашым” деп турат. Экинчиден, бир туугандарымдан алыс жашайм. Алардын баары бир айылда жашашат. Бир эле мен Кыргызстанда турам. Дал ошол кишинин баласы болуп калганыма сүйүнөм. Энем мени төрөбөгөндө мынчалык эл тааныган адам болбойт элем. Тарбиясы да бийик. Атага, элге, тууганга кандай мамиле кылыш керектигин жүрүм-туруму, элге кылган мамилеси менен үйрөттү. Апам азыркы күнгө чейин айылда кыйналып жаткан үй-бүлөнү көрсө, ошол үй-бүлөгө үйдөгү азык-түлүктү ташып барат. Көчөдө бирөө кыйналып жатса, алып келип жардам берет.

Апам кичинемден “сен кыргызсың, Кыргызстанга кетишиң керек” деп кулагыма куюп турчу. Атам экөө мени Кыргызстан үчүн тарбиялагандай сезиле берет. Себеби бул атамдын да кыялы болсо керек. “Бир балабызды кыргыз кылалы” деп келишишкен окшойт (күлүп). Кичинемден эле калпак кийгизип, улуттук кийимдерди тигип берчү.

Апама барганда анын мээримин, сүйүүсүн сезип келем. Бул жакта отуруп алып “35 жашка чыгып калдым, чоң киши болдум” деп кайгырсам, апама барып кичинекей бала болуп калам. Атам сүрдүү киши, эмоциясын такыр билдирбейт. Ичинен жакшы көрөрүн билем. Бирок сыртынан сыр бербейт. Кичинемден ортого түшүп, элчи болуп маселебизди бүтүргөн апам. Биз апама айтабыз, ал атама айтат. Эртеси жообу келет. Ошол кишиге да чыдап берген апам. Ар бир үй-бүлөнү аял гана сактайт. Эркек сактай албайт. Аялзаты туруктуу, күчтүү болсо ошол үй-бүлө бактылуу болот. Азыр ата-энем бактылуу карылыкты кечирип, төрүбүздүн көркү болуп жүрүшөт. 20дан ашык неберелүү, 3 чөбүрөлүү болушту.

“УЛУУ ЭЖЕМ БИЗДИН АТАМАН”

– 3 эжем бар. Улуу эжем Жакшыгүл 48де, Таттыгүл эжем 46да, Бурул эжем 44тө. Алихан аттуу агам 40 жашта. Улуу эжем Жакшыгүл ата-энемди сен деп сүйлөйт. Себеби кемпирдин кызы да. 6 айынан баштап чоң энем баккан. “Мыктыбек, Гүлмария” деп алардын бир тууганындай эле болуп калган. Угловой районунда медайым болуп иштейт. Бирок биздин үйдүн врачы. Бир нерсе болсо ошого айтабыз. Чоң энем 1986-жылы каза болуп, Жакшыгүл эжем ата-энемдин колуна келгенде кыйналып жүрүптүр. “Силер менин ата-энемсиңерби?” деп сурачу экен. Анткени аларды “байкем менен жеңем” деп ойлоп жүрүптүр. Мүнөзү өтө татаал. Мени көп урушат. Бир нерсем жакпай калса эле чалып такалап турат. Маектерден да кемчиликтерди таап турат. Орусча айтканда, “капризная”. Аны “биздин атаман” деп коёбуз. Өзү кичинекей болуп алып баарыбызды башкарат. Баарыбыз коркобуз, сыйлайбыз, жакшы көрөбүз.

Биздин үйдө сарылар, анан каралар деп бөлүнөбүз. Атам сары, апам кара тору. Кара торудан экинчи эжем Таттыгүл экөөбүз. Ал мектепте казак адабиятынан сабак берет. Бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз. Кемчиликтериме көз жумуп коёт. Үчүнчү эжем Бурул мугалим, домбраны жакшы чертет, жакшы ырдайт. Мага домбра черткенди ошол эжем үйрөткөн. Бул эжемдин мүнөзү такыр башкача. Эч ким менен иши жок. Өз дүйнөсүндө жүрө берет.

“ЖУБАЙЫМА СҮЙҮҮМ КҮЧӨП БАРАТ”

– Атам айткандай, Кудай сүйгөн пендемин. Жакшы жубай берди. Асел Болотовна 3 баламдын апасы. Мени жакшы түшүнөт, катуу сыйлайт. Мен да сыйлайм, жакшы көрөм. Кол кармашып келатканыбызга 10 жылдан ашты. Мен аны алдап койдум деп ойлойм, ал мага калп эле алданымыш болуп кала берет. Аны да сезем, анткени ал алданбайт. Мени тун баласындай көрүп калды. Эркелешип жашайбыз. Бала кезде кыздар менен сүйлөшкөндө тажап кетчүмүн. Анан “кыздардан бат эле тажап жатсам, үйлөнгөндө кантип жашайм? Жакпай калса ажырашамбы?” деп ойлочумун. Жок, бул аялдан такыр тажабайм. Жылдан жылга сүйүүм күчөп баратат.

Жубайымда мен каалаган назиктик, жумшактык бар. Сүйлөгөнү, үнүнөн бери жагат. Тембрин укканда кулагым эс алат. Балдарга болгон мамилеси да сонун.

Бир жолу чыгармачылыктагы дос балдарым үйгө келип калышты. Уулум менен кызым сүйлөшүп жатышкан. Балам 3-класста, кызым 1-класста “Себатта” окушат. Алар англисче, түркчө аралаштырып сүйлөп жатышса досторум мени карап “эй, доске, сен да ушундай балдарды тарбиялай аласыңбы?” дешет. “Эмне, биздин балдар билимдүү болсо болбойбу?” дедим. Мунун баары Аселдин тарбиясы. Анткени мен көбүнчө сыртта жүрөм. Жубайым “сени элге бербедикпи, элдиксиң да. Эң башкысы, үй-бүлөң бар экенин унутуп калба. Биз сени элден талашпайбыз” дейт. Ийгилик жараткан эркектин артында жакшы аял турат, алардын бири менин аялым. Экөөбүздүн “көз өткөнчө жетелешип жүрсөк экен” деген жакшы кыялыбыз бар.

“КЫЗЫМ МЕНИ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАТ”

– Кызымдын аты Айсанат, 7 жашка чыкты. Акылдуу, зээндүү кыз. Ал менин командамда. Аялымдын командасында 2 уулум бар. Азыр кызым апасын кыйнап жүрөт, “бир кыз төрөп бер, 3:3 бололу” деп.

Уулум төрөлгөндө 3 күн катуу майрамдаган элем. “Эркектен эркек төрөлөт” деп катуу кыйкыргам. Кызым төрөлгөндө унчукпай калган элем. Элдин баары “кырк жылкы кут болсун!” дешти. Эмнеге кырк жылкы дешерин ошондо билдим. Кыз чоңойбосо экен дейт экенсиң. Бирок жүрөктү түшүрүп чоңоюп келатат. Кызганам аябай. Келинчегиме “банктан эсеп ачып, азыртадан акча жыйнай берейин. Кызым каякка турмушка чыкса жанынан үй алам. Ошондо тынч жашайм” дедим. Уулдарымды урушуп коё берем. Кызыма катуу сүйлөй албайм. Үйгө таңкы 5те келсем, кызым үчүн кайра 7де туруп сабагына жеткире алам. Кызым жүрөгүмдү назик кылды. Кыз кишини аяганды, аялзатына аяр мамиле кылганды үйрөттү. Уулдарымдан айырмаланып ырларымды угат. “Мен Султан Садыралиевдин кызымын” деп мени менен сыймыктанат. Тили таттуу, сонун сүйлөйт. Жүзү, мүнөзү мага окшош. Өткөндө телефонду маңдайына коюп алып TikTok деген балекетке бийлеп жатса жүрөк түштү. “Эмне кылып жатасың?” десем, “ата, менде TikTok бар, катталып коюңуз” дейт. “Аа, кокуй, башталыптыр” дедим.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
albinochka2015
2020-09-21 09:48:26
Кандай создор мн суроттогон аял кишини...укмуш...ушундай эле бактылуу уйбулоо болуп журоберсин...
+18
ainura220888
2020-09-21 22:45:10
Бир дем менен окуп салып тойбой калдым. Соонун интервью болуптур.
+10
Mirzita81
2020-09-22 01:30:07
Бактылуу болгула соонун орунду маек болуптур . Ырларынды суйуп угамын Султан онорун оркундой берсин
+5
Jazu90
2020-09-22 02:25:49
Эркектер аял затын ушундай сыйлашса, заманыбызда ажырашуу, уруш талаш жок болот. Баардык уйбулолор бактылуу болушсун!!!
+8
narynbek2001
2020-09-22 09:40:36
Кызын абдан жылдыздуу, жакшынакай экен. Кызын бактылуу болсун.
+8
Gospozhatsetok
2020-09-25 16:57:31
Кээ бир адамдардын маегин окусан кадимкидей эс аласын, жашоого болгон коз карашын жогорулайт,айтылган созунун сага таптакыр тиешеси болбосо да кубанасын, кулосун,анын бактысына ортоктош болосун,сонун сезимдер
+3
Nurbany
2020-09-26 13:30:21
Эн сонун маек экен бар бол уй булон мн бактылуу бол
0
Gulzina1993
2020-09-27 14:52:12
Бир дем менен окудум, бактылуу болушсун ар дайым.
0
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан