ОМУРТКА АРТЕРИЯСЫНЫН СИНДРОМУ. МОЮН КАН ТАМЫРЫ КЫСЫЛЫП КАЛСА ЭМНЕ БОЛОТ?

Акыркы он жылда аталган дарт аз кыймыл образын карманып, убактысынын көбүн компьютердин маңдайында өткөргөн адамдардын арасында көп жолугуп жатат. Мурун аталган дарт жашы улууларда гана кездешсе, азыр кеңсе кызматкерлеринде, студенттерде, компьютердик оюндарга кызыккан жаштарда жана башкаларда жолугууда. Бул жолу моюн артериясынын синдрому эмнеден келип чыгары тууралуу сөз козгойбуз. Маектешибиз Улуттук госпиталдын 3-неврология бөлүмүнүн врач неврологу Дариха Бакаева.

ОМУРТКА АРТЕРИЯЛАРЫ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНҮК

– Акырек артерияларынан башталган 2 артерия өйдө, моюн омурткаларын көздөй кетет. Экөө эки жактан моюн омурткалардагы тешикчелер аркылуу өтүп, кежиге тешикчесинен баш сөөктүн ичине кирип, андагы артерияга кошулуп, базилярдык артерияны түзөт. Базилярдык артерия мээнин координация, угуу жана көрүүгө жооп берүүчү арткы бөлүгүн кан менен жабдыйт. Мына ушундай функциясы маанилүү моюн артериясынын биринин же экөөнүн тең кысылып, ичкерип же жанчылып калышынан баштын арткы бөлүгүнө кан жетишерлик барбай калат. Башкача айтканда, кан тамырларда жана башта кан айлануу бузулат. Жыйынтыгында гипоксия (кычкылтек жетишсиздиги), ал тургай микро же кеңири инсульт келип чыгышы мүмкүн. Айтылгандар эс-тутумду, акыл-эсти, координацияны начарлатат, оорутат, айрымдарды майыптыкка чейин жеткирет.

Омуртка артериясынын синдрому акырындап башталып, дарылабаса улам күчөп, оор түрүнө өтүп кетет.

СИНДРОМДУН ЖАРАЛЫШЫНА ЭМНЕЛЕР СЕБЕПКЕР?

Түйүлдүк кезинде баланын киндик боосунун моюнуна оролуп калышы

Секиргенден, жыгылгандан, кулагандан, жол кырсыгына кабылгандан жана башкадан улам моюндан алган жаракат

Остеохондроз, анын ичинде спондилолистез. Мында омуртка кемирчектери кан жана азык заттар менен убагында толук камсыз болуп турбагандыктан кургап, акырындап жешилет. Кемирчектер омуртканы жакшы кармай албай калат да, омуртка жылып кетет. Омуртка алдыга, артка, капталга же тепкич сындуу болуп катарынан жылып кетиши мүмкүн.

Омуртка артериясынын тубаса кыска болушу же узун болуп бүктөлүп калышы

Моюн грыжасы

Моюндагы рак дарты

Атеросклероз

Моюн булчуңунун дайыма чыңалып жүрүшү

Гипоплазия жана башка

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

– Моюн артериясынын синдромунун белгилери оорунун эмнеден улам келип чыгышына жараша бир нече вариантта болот:

1) Базилярдык шакый: кежиге тараптагы оорутуу, кулактын чуулдашы, көңүл айлануу. Баштын оорушу "аура" менен коштолот: көз алдында туман пайда болот же жылтыраган чекиттер көрүнөт.

2) Вестибулярдык атаксикалык синдром: баштын айланышы, өзгөчө башты ары-бери бурганда күтүүсүздөн тең салмактын жоголушу, басканда теңселип басуу, бир орунда түз тура албоо, кусуу күтүлүшү мүмкүн, көз караңгылайт. Айрымдар боюн кармай албай кулап калышат.

3) Барре-Льеу синдрому: кежиге тараптагы оорутуу, анын моюнда да сезилиши. Оорунун белгилери башты ары-бери бурганда, ыңгайсыз жаздыкты жазданып уктаганда күчөйт.

4) Вестибуло-кохлеардык синдром: кулактын чуулдашы, угуунун бузулушу, баштын айлануусу, тең салмактын жоголушу.

5) Офтальмиялык синдром: көрүүнүн бузулушу, жылтыраган чекиттердин, толкундардын көз алдында көрүнүшү, бир нерсени узакка караганда көздүн чарчап, тиктей албай калышы.

6) Вегетативдик синдром: кежиге тараптан башталган оорутуу башта да сезилет. Баш чыңалып, андагы кан тамырлар лукулдатып оорутат, спазм (кан тамырлардын жыйрылышы) башталат. Кан айлануунун бузулушунан улам кол, бут үшүп, муздайт, мезгил-мезгили менен аба жетпей калуу сезилет, кан тамырлардын жыйрылуусу дененин ысып, кайра бат эле өтүп кетиши менен коштолот. Кан басым түшүп-жогорулап, жүрөктүн согушу катуулайт, уйку бузулат, дүрбөлөңгө түшүү жаралат.

7) Транзитордук-ишемиялык атака. Мезгил-мезгили менен тең салмактын жоголушу, сүйлөөнүн, кыймылдын бузулушу, булдуруктоо, сөлөкөттөр эки болуп көрүнүү, сезимталдыктын азайышы.

8) Дроп-атака. Башты чалкалатканда күтүүсүз жерден кол-бутта алсыздык жаралат.

9) Аралаш синдром. Бул көбүнчө остеохондроздон болот. Жогоруда аталган оору белгилери аралаш жүрөт.

Моюн артериясы синдромунун жаралышына көбүнчө моюн остеохондрозу себепкер болот.

Замандын талабы менен жумушу компьютерге байланышкан адамдар көп. Бир орунда, бир калыптан жазбай узакка отуруу, туура эмес тамактануу адатка айланганда организмде зат алмашуу бузулат. Кемирчектерге керектүү азык заттар, суу калыптагыдай барбайт. Кемирчектерге туздар уюп, анын айынан кан тамырлар кысылат, ичкерип баштайт.

Моюн остеохондрозунун алгачкы белгилери моюн, кежигенин уюп, чымырашы. Моюнду бурганда жеңилденүү сезилет. Моюн, кежигенин талып оорушу түштөн кийин күчөйт. Эгер айтылган белгилерден кийин дарыланбаса, массаж албаса, оору күчөй баштайт. Жогоруда айтылган оору белгилерине моюндагы артерия кан тамыры, нервдер кысылгандыктан колдун булчуңдарындагы алсыздык, чымыроо, баш оору, көздүн караңгылашы кошулат. Азык зат калыптагыдай барбай, омурткадагы кемирчектер жукарып, жешиле баштайт. Омуртка сөөктөрдүн үстүнө сөөктөр (остеофит) өсө баштайт. Мында да дарыланбаса, остеохондроздун айынан кан тамыр кыйшык кетип, жолун өзгөртүүгө аргасыз болушу ыктымал. Өсүп кеткен сөөктөрдөн кысылган, өйкөлгөн кан тамыр баштын кежиге тарабын толук кан менен камсыз кыла албай, кычкылтек тартыштыгы жаралат.

Моюн остеохондрозунан моюн артериясы синдрому келип чыгат. Мунун белгилери: Кежиге тараптан башталган оорутуу башка, чыкый, чокуга чейин жетет. Кулактын чуулдап башташы, башты бурганда, көтөргөндө баш айланат, тең салмак бузулуп, адам теңселип түз баса албай калат, кескин бурулганда кулап түшүшү мүмкүн. Жүрөк бат-бат согуп, көкүрөктө оорутуу жаралат. Кан басым көтөрүлөт. Калтырап-титиреп үшүү, желкеден баштап башка тараган приступ менен коштолот. Кан тамырлардагы спазм анда-санда денени ысыктын каптап өтүшү менен да коштолот. Айрымдарда бул белгилерге сүйлөй албай калуу, булдуруктоо кошулат. Башкача айтканда, башта жана моюнда кан жүгүрүү убактылуу бузулат.

Оорулуу ооруканага жатып дарыланышы зарыл.

ДИАГНОЗ

– Неврологго көрүнүү, башты магниттик-резонанстык ангиографияга тарттыруу, баш мээнин кан тамырларын компьютердик томографиядан өткөрүү, баштын жана моюн артерияларын допплерографиядан өткөрүү, моюн омурткаларын магниттик-резонанстык томографиядан тарттыруу керектелет. Булардан тышкары кандын анализи, көздү окулистке текшертүү зарыл.

ДАРЫЛОО

– Дарылоо комплекстүү жүргүзүлөт. Ооругандардын көбүнө башты түз кармап, кан айланууга жардам берчү атайын Шанц жакачасын (воротник Шанца) тагынуу сунушталат.

Башка кандын барышын жакшыртуучу, оорутууну басуучу, сезгенүүнү кетирүүчү, кан тамырды кеңейтүүчү, баш айланууну басуучу, нервди тынчтандыруучу, уктатуучу дары-дармектер жазылат.

Физио-дарылоо, дарылык физкультура да кошулат.

Эгер комплекстүү дарылоо жардам бербесе, анда хирургиялык ыкма колдонулат. Мисалы, моюн омурткалардагы өсүп кетип кан тамырды кысып калган сөөктөр кесилип, кан тамыр бошотулат. Моюндагы грыжа чоң болсо, операциялык жол менен алынат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА