Кыргыз өлкөсү Кытайдан алынган карыздарды төлөөнүн мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу 14-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алууда билдирди. Кыргыз тарап COVID-19 илдети экономикага терс таасир тийгизгени үчүн тышкы карызды төлөөдө жеңилдик сурап жатат.
Президент Кыргыз-Кытай кызматташтыгы мындан ары да өнүгүшү керектигин айтып, айыл чарба, транспорт жана жол тармагындагы долбоорлор тууралуу сөз кылганын президенттик аппараттан жарыялашты.
Расмий маалыматка таянсак, 2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын жалпы карызы 4 миллиард 616 миллион долларды түздү. Мунун 1 миллиард 794 миллион доллары Кытайдын Экспорт-импорттук банкына болгон карыз. Эксперттер Кыргызстан үчүн тышкы карызды төлөөнүн оор мезгили 2023-жылы башталат деп жатышат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн тышкы карызын бөлө келгенде ар бир Кыргыз жаранына 705 доллардан тиет.
Жолдубек Качкынбаев