ОКТЯБРДАН ТАРТА МЕКТЕПТЕР КАДИМКИ РЕЖИМДЕ ИШТЕП БАШТАШЫ МҮМКҮН

Октябрдан тарта орто мектептер кадимки режимде иштей башташы мүмкүн. Бул тууралуу 15-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүдө билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди. Бул – эпидемиялык кырдаал турукташса гана жасалчу иш экени айтылды. Министрдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата жаңы 14 мектеп пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 13 мектеп эшигин ачып, авариялык абалдагы 21 мектепте оңдоп-түзөө иштери бүтөрүн кошумчалады.

Президент мектептерди кадимки режимде иштетүү сунушун колдой турганын, салттуу тартипте билим берүүнү баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.

Премьер-министр Кубатбек Боронов октябрдан тарта коронавирустун 2-толкуну башталып, өлкөдө эпидемиялык кырдаал начарлашы мүмкүн деп жатат. Азырынча бирдиктүү чечим жок. Мектептерди кадимки режимде иштетүү план бойдон калышы да ыктымал.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан