Күлкү – ден соолуктун мүлкү
Эгер адам орто эсеп менен жылына 100 килограмм эт жесе, алар андан 3 эсе көп жешет. Алар эт жеген боюнча алдына карышкырларды да салышпайт. «Тамашоуго» катышкан биринчи эле сезондо чемпион аталышып, эми жеке концертин бергени жатышат. Кеп кимдер жөнүндө болуп жатканын түшүндүңүз да?..
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
ТАМАШАЛАРЫНАН:
Ырчы Динара Акулова концерт коём деп көчөлөргө жарнамаларды илип жүрүп, кокусунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып кетти.
Жакында 3 семиз аял Нарындагы төрөт үйүндө бекер түнөп кетишиптир.
Эгер көчөдөн сизге тааныбаган эле адам кайрылып ден соолугуңузду сурап, сүйүүсүн билдирип, акча сунуштай баштаса, анда ал – акмак же депутаттыкка талапкер.
Май айындагы «Тамашоунун» финалында «Саяктар»өнөрлөрүн көргөзүү учурунда кызык окуя болгон. Жүздөгөн күйөрмандардын күлгөнүнөн калыстар белдерин шамалдатып алышты.
Сенсация! Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бир да партия жеңип чыккан жок! Анткени шайлоочулар шайлоо бюллетендерин мусор урналарына салышкан.
Түнкү жарнамадан: Сен жалгызсыңбы? Сени өз элиң жек көрөбү? Сенин миллиондогон долларларың барбы? Анда чал, 0809. Александр Лукашенко.
Таластагы музыкалык мектептерде 2 гана нота колдонулат. Алар – фа жана соль...
«КОНЦЕРТИБИЗ ЭЧ КИМДИ КАЙДИГЕР КАЛТЫРБАЙТ»«Саяктардын» жигиттери менен жакындан таанышкандан кийин кызыктырган суроолорубузду узаттык.
– «Тамашоудо» чемпион болгонуңарды кантип белгиледиңер?
– Ммм... Эсибизде жок.
– 2-сезондо башкы атаандашыңар кимдер болчу? Кайсы командадан чочулап турдуңар? Келгиле, моюнга алгыла...
– Башкы атаандашыбыз, биринчиден, Эрмек Нурбаев болду. Анан «Калыстар тобу» командасы. «СБшниктер» да ойлондурду. Өзгөчө жанагы бою узун, чачы жок жигити.
– Айрымдардан «Саяктар» эт, кымыз, Нарын темасынан чыга алышпайт. Алар тажатма» деген кептерди угуп калабыз...
– «Жоргонун тери кургабайт» дегендей эле биз эт, кымызга тойбойбуз.
– Тамашаларды каяктан аласыңар?
– Тамашаларды көбүнчө интернеттен алабыз. Ошондой эле «Тамашоу» командаларынын генералдык репетициясына атайын барып, көп тамашаларды ошол жактан алабыз. Анан, албетте, жашоодон алабыз.
– Эмне кыйын, тамаша ойлоп табуубу, аны мыкты аткаруубу же башкабы?
– Ар кандай болуп калат. Кээде бир тамашаны мыкты аткара албай кыйналабыз. А кээде бир тамашаны 2 саат дегенде араң ойлоп таап, бирок бат эле ойноп коёбуз.
– Концерт берчүдөй мурда эле таанымал белеңер же «Тамашоудон» кийин популярдуу болуп кеттиңерби?
– Биз «Тамашоуго» чыгып жүргөндөн бери кыргыз тилдүү юмор сүйүүчүлөрүнө да тааныла баштадык. Ага чейин Голливудда популярдуу эле болчубуз. Жанагы гандболчу Талант Дүйшөбаев Кыргызстанга караганда Европада популярдуу болгондой эле, биз да Америкада кеңири популярдуу элебиз. Николь Шерзингер, Жастин Тимберлэйк, Бейонс менен «общениебиз» бар.
– Мына, заңгыраган Спорт Ордосуна концерт бергени турасыңар. Элди кантип таң калтырайын деп жатасыңар?
– Биринчиден, концертибизде боорду эзген жаңы жана мыкты тамашалар болот. Жергиликтүү жылдыздардан тышкары жогоруда аталган чет элдик досторубуз да куттуктап келишет. Айтор, концерт эч кимди кайдигер калтырбайт.
КАМЧЫБЕК ЖУМАБЕКОВ
Жашы – Эрмек Нурбаев братишкасы болот.
Лакап аты – Кама.
Кызыкканы – Гитара менен башка чабуу.
Дежур сөзү – «Кечке эле кыздардын ролун ойной беремби?»
Фобиясы – Эт.
Өзүнө жаккан сапаты – Чач жасалгасы.
Жактырган тамагы – Он бармак.
Кумири – Майрык Жекшен.
Жактырган машинасы – Мерсквич
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок карышкыр.
Камчыбек бойдок, «Гансиде» супервайзер жана котормочу.
НУРЛАН АНАРБАЕВ
Жашы – 18 жашка дагы 12 жыл кош.
Салмагы – ∞
Лакап аты – Хабенский.
Кызыкканы – Internet, Microsoft Word.
Дежур сөзү – «Торчубей».
Фобиясы – Нарындагы лифт.
Өзүнө жаккан сапаты – Тактыгы жана дайыма кечиккени.
Жактырган тамагы – Фуа гра.
Кумири – Апасы.
Девизи – Давай!
Үй-бүлөлүк абалы – Ата, бала, таяке, ини, жезде.
Максаты – Уулдуу болуу.
Нурлан үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун маданий борборунда көркөм жетекчи.
РАМИЛЬ ЭЛЕБЕСОВ
Жашы – Аябай көп төгүлөт.
Бою – Өзүнө жагат.
Салмагы – Ойдогудай.
Лакап аты – Кара.
Кызыкканы – «Сall of duty».
Дежур сөзү – «Обязательно».
Фобиясы – Маршруткага батпай калуу.
Жактырган тамагы – Баштын шыйрагы.
Кумири – 1000 кою бар Токо байке.
Девизи – Эт всему голова.
Үй-бүлөлүк абалы – «Менден башка супер эркек жок».
Максаты – 1000 койлуу болуу.
Рамиль үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы. Жеке фирмада эмгектенет.
ТАЛАНТ КАЛДЫБАЕВ
Жашы – Нариман Түлеевдин охранасы менен тең.
Бою – Дөңгөлөктөн өйдө.
Салмагы – Тойота Лэнд Крузер.
Лакап аты – Такая лайф.
Кызыкканы – МАИчи кыздар.
Дежур сөзү – «Тамак барбы?»
Фобиясы – Эти жок гамбургер.
Денесиндеги жактырган мүчөсү – Киндиги.
Жактырган тамагы – Жамбаш.
Кумири – Анжелина Жоли.
Девизи – Айда тооост.
Үй-бүлөлүк абалы – Красавчик.
Максаты – Арыктоо.
Талант үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы. Бишкектеги №4-ооруканада хирург-травматолог.
АБДИН КАЛДЫБАЕВ
Жашы – Жапжаш.
Бою – Мессиникиндей.
Салмагы – Козунукундай.
Лакап аты – Братан.
Кызыкканы – «Тамашоу», футбол.
Девизи – Девизия.
Дежур сөзү – «Йоу!»
Жактырган тамагы – Улууларга тартылган эт.
Кумири – Лионель Месси.
Фобиясы – Кичүүлөргө тартылган эт.
Үй-бүлөлүк абалы – Кичүүсү.
Максаты – Футбол боюнча Дүйнө чемпиону болуу.
Абдин команданын эң кенжеси, Кыргыз экономикалык университетинин 2-курсунун студенти.
ДӨӨЛӨТБЕК САКЕНОВ
Жашы – 2х6=26
Бою – Абдинден узун.
Салмагы – Супер 65 килограмм.
Лакап аты – Дони.
Кызыкканы – «Тамашоу», баскетбол.
Дежур сөзү – «Элестелла».
Фобиясы – Койдун башы.
Өзүнө жаккан сапаты – Кийген шмоткалары.
Жактырган тамагы – Манты (дунган кыз менен).
Жактырган машинасы – Жөө 4.
Кумири – Майкл Жордан.
Үй-бүлөлүк абалы – Ата.
Максаты – Салмак кошуу.
Дөөлөтбек үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы. Жеке фирмасы бар.
Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg