Банктын ишенимдүүлүгүн кантип баалоо керек? Депозитти кайсы валютада ачкан жакшы? Салынган акчалар “күйүп кетпейт” деп ким кепилдик берет? Ушул жана башка суроолорду биз «Халык Банк Кыргызстан» ААК Башкармалыгынын орун басары Айнагуль Ахматовага бердик.
– Айнагуль Токтосуновна, тажрыйбалуу банкир катары айтыңызчы, депозит түрүндө өзүңдүн акчаларыңды ага ишенип сала турган банк ишенимдүү банк экенин кантип түшүнүүгө болот?
– Чындыгында банктын ишенимдүүлүк деңгээлин аныктоочу көп аспектилер бар, бирок кардар үчүн баалоонун төмөнкү принциптерине таянуу жетиштүү:
• Банктык операцияларды жүргүзүүгө карата коммерциялык банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тийиштүү лицензиясынын болушу;
• Уставдык капиталдын өлчөмү (банктын уставдык капиталынын өлчөмү канчалык чоң болсо, банк ошончолук туруктуу)
• Банктын ишмердиги боюнча тарыхый маалыматтар;
• Банктын негизги акционерлери тууралуу маалымат;
• Биздин өлкөнүн Депозиттерди коргоо системасына банктын катышуусу.
Ушул көрсөткүчтөр банктын ишенимдүүлүгү жана туруктуулугу боюнча кардарга туура жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет деп эсептейм. Аларды банктардын өздөрүнүн расмий сайттарынан табууга болот.
– Жакшы, банк тандалып алынды дейли. Аманат салымдарды кайсы валютада сактаган пайдалуу: азыркы учурдагы рыноктун туруктуу эмес абалын эске алганда, сом мененби же АКШ долларындабы?
– Депозитти тандап алуу үчүн кардар депозиттин артыкчылыктарын аныктап алышы керек, мунун негизинде кардар өзү үчүн чечимди кабыл ала алат.
Рыноктогу алмашуу курсунун өзгөрүлүп турганына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды эске алып, кардар өзүнө коопсуздук кепилдигин түзүп алуусу керек. Башкача айтканда, каражаттарды депозиттерге сом менен да, АКШ долларында да салууну сунуш кылабыз. Учурда банктар сом түрүндөгү депозиттер боюнча бир кыйла пайдалуу чендерди сунушташат, айрым учурларда ал жылдык 12 жана андан ашык пайызды түзөт, бул, албетте, өлкөдөгү инфляциянын көрсөткүчүнөн жогору.
Бирок ошол эле учурда чет өлкө валютасындагы депозиттерге да жайгаштырууну эске алуу керек, анын кирешелүүлүгү анчалык жогору болбосо да, улуттук валютанын курсу өзгөргөндө белгилүү бир киреше алууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, ушул жылдын март айында сом долларга карата дээрлик 10 пайызга девальвацияланган. Ошентип, эгерде март айында доллардын сомго карата курсу 69,9ду түзгөн болсо, учурда ал 79,2 сом деңгээлине жетти. Азыркы учурда доллардын жылдык депозиттик чени 1,5-2%. Бул кардардын АКШ долларында депозити бар жана долларды сомго алмаштырганда учурдагы шарттарда сомдун 10 пайыз девальвациясын жана кошумча 1,5-2% алат дегенди билдирет. Албетте, биз конкреттүү кырдаал жөнүндө айтып жатабыз жана доллардын курсу мындан ары дагы өсө берет деп ишенимдүү айта албайбыз. Ошондуктан кардарларыбызга кеңеш бере турган идеалдуу вариант 70/30 катышы боюнча, башкача айтканда, кардарлар өз каражаттарынын 70% улуттук валютадагы депозиттерге жана 30% АКШ долларындагы депозиттерге жайгаштырганы туура деп ойлойм. Бул валютанын курсу өзгөргөн учурда болуучу тобокелдиктерди минималдаштырат: курс өскөн учурда да, төмөндөгөн учурда да. Ошондой эле салымдардан да сизге туруктуу киреше алууга мүмкүнчүлүк берет. Аманат валютасынын катышы ар башкача тандалышы мүмкүн, бардыгы аманаттын мөөнөтүнө жана максатына жараша болот.
– Аманатты ачуу учурунда дагы эмнелерге көңүл буруу маанилүү?
– Депозитке акча каражаттарды жайгаштырууда кардар өзү үчүн так максатты аныктап алышы керек. Бул акча топтоолор өргүүгө, оңдоого, үй тиричилик техникасын сатып алууга, дарыланууга, ипотека боюнча баштапкы төлөмгө же балдардын билим алуусу үчүн топтолушу мүмкүн. Максатына жараша ал депозит ача ала турган болжолдуу мөөнөттү аныктап алуусу керек.
Банктын адиси ар бир конкреттүү максат үчүн депозиттин эң ылайыктуу вариантын сунуш кылат.
Эгерде депозитте турган акчаны пайдалануу зарылчылыгы чыкса (кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу), анда сом менен “Универсалдуу” депозитин ачкан жакшы, ал акчанын жарым-жартылайын алууга жана толуктап турууга мүмкүндүк берет.
Эгерде сөз акча каражаттарды топтоо зарылдыгы жөнүндө болуп жатса, анда бул учурда "Топтолуучу" депозитине жайгаштырса болот, ал аманаттын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде кошумча салымдарды салууга, ошондой эле күнүнө эсеп боюнча калдыктын суммасынан 20 пайызга чейин акчанын жарым-жартылайын алып турууга мүмкүнчүлүк берет. Депозиттин ушул түрү келечекте балдарын окутууну пландаштырган ата-энелер же өздөрүнүн жеке максаттары үчүн акча каражат топтоону каалаган кардарлар үчүн көбүрөөк актуалдуу.
Пенсионерлер үчүн өзгөчө шарттар берилет, алардын депозиттери боюнча эсепти толуктоо мүмкүнчүлүгүнөн тышкары ушул сыяктуу стандарттуу программаларга караганда эң жогорку тариф сунушталат, бул кардарлардын ушул тобу үчүн жогорку кирешелүүлүктү алууга мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле мен кардарлардын көңүлүн азыркы учурда актуалдуу болуп калган маанилүү аспектке бурууну туура деп эсептейм: кардардын каалоосу боюнча депозит ачуу учурунда кардар "Элкарт" төлөм картасын ала алат, ага депозит боюнча пайыздар которулуп турат, ага жараша банкка ар дайым барып туруу зарылдыгы жоголот, акча каражаттарын каалаган банкоматтан/пос-терминалдан алса болот, андан тышкары кардар төлөм картасынын жардамы менен кызматтар, товарлар жана башка акысын төлөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү алат. Бул дагы абдан ыңгайлуу.
Акчаны үнөмдөө жана топтоо көндүмү келечекте бакубат, ыңгайлуу жашоонун негизин түзүүгө мүмкүндүк берерин өзгөчө белгилеп кетким келет. Эгер сиз акча каражатты өз убагында, мисалы, балдарды окутуу үчүн топтоп баштасаңыз, бул алардын татыктуу билим алышына кепилдик берет. Же дагы бир мисал, эгерде сиз майрамдарда же алдыда боло турган ремонт иштери үчүн алдын ала акча топтой баштасаңыз, анда анча чоң эмес керектөөчү насыяларды алуунун зарылдыгы жок болот.
Жалпысынан пандемия акча каражаттарды топтоону артыкчылыкка алуу менен, калктын жүрүм-турумуна таасирин тийгизет деген пикирлер бар. Адатта кризис мезгилдеринде калктын керектөө психологиясы өзгөрөт. Карантин жана ойлонбой туруп дүкөндөрдү кыдыруудан обочолонуу көптөгөн адамдарды көп чыгымдардын керексиздигин түшүнүүгө алып келет, ал эми кирешелердин төмөндөшү кризис мезгилдеринен кыйынчылык тартпай чыгуу үчүн зарыл болгон "каржы коопсуздук жаздыгын" топтоо жөнүндө ойлонууга түрткү берет.
– Элдин аманаттары “күйүп кетпейт” жана адамдар өз акчаларын жоготпойт деп ким кепилдик бере алат?
– Биринчи кезекте депозиттердин сакталышы боюнча кепилдикти депозитти кармаган банк өзүнө алат, ал анын сакталышы жана өзүнө кабыл алынган бардык милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жооп берет. Мындан тышкары "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргызстанда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги иштейт. Ушул мыйзамдын 4-беренесине ылайык, аманатчыларга 200 (эки жүз) миң сом өлчөмүндө компенсация, анын ичинде депозиттин негизги суммасы жана ага кошулган пайыздар төлөнөт. Ошондуктан депозит ачканда бул банк Депозиттерди коргоо тутумунун мүчөсү болуп саналабы же жокпу деп сурап билүү керек.
– Ал эми "Халык Банкка" карата эмнелерди айтууга болот? Кризис мезгилинде сиздин банк аманатчылардын алдындагы милдеттенмелерин аткарып жатабы?
– Албетте, аткарып жатат. Валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө карабастан, белгиленген шарттарга ылайык банк депозиттер боюнча бардык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткарууну улантууда.
Жогоруда айтылгандай, азыркы учурда экономика пандемия менен байланышкан белгилүү бир кыйынчылыктарды баштан кечирип жатат, бул бүтүндөй экономиканын өнүгүү деңгээлинде чагылдырылат. Албетте, биздин банк кардарларынын алдында кабыл алган милдеттенмелерин аткаруу боюнча өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу түрдө баалоо менен бардык мүчүлүштүктөрдү эске алат. Банк өз кардарларын баалайт жана алардын ар бирине жекече мамиле кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү издейт.
– Биз негизинен жеке жактар үчүн аманаттар тууралуу сүйлөштүк. "Халык Банк" ишкерлер үчүн эмнени сунуштайт?
– Юридикалык жактар үчүн алардын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтардын кеңири спектри сунушталат. Бизнес акча топтогондон көрө акча кыймылына көбүрөөк кызыкдар экендигин эстен чыгарбоо керек, бирок акыркы вариант да болушу мүмкүн. Банк ишкерлерге улуттук валютада да, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн валюталарында да (АКШ доллары, тенге, орус рублу, кытай юаны жана башка) күндөлүк (эсептешүү) эсептерин ачууну сунуш кылууга даяр. Төлөмдөрдү өлкө ичинде да, дүйнө жүзү боюнча да жүргүзүүгө болот.
Учурдагы карантиндик абалды эске алуу менен банк өз кардарларына интернет-банкинг, корпоративдик төлөм карталарын пайдалануу жана башкалар аркылуу аралыктан иштөө мүмкүндүгүн сунуштайт.
Кардарлар үчүн акча каражаттарды сактоого жана топтоого мүмкүндүк берүүчү мөөнөттүү аманаттар боюнча ар кандай опциялар иштелип чыккан. Бул учурда банк ар бир кардарга анын ишинин өзгөчөлүктөрүнүн жана муктаждыктарынын спецификасын эске алуу менен ар бир кардарга жекече мамиле жасоого даяр.
БАНК ТУУРАЛУУ:
• «Халык Банк Кыргызстан» ААК «Казахстан Эл Банкы» АКнын туунду банкы болуп саналат.
• «Халык Банк Кыргызстан» ААК 15 жылдан ашык убакыттан бери биздин өлкөнүн рыногунда өз ишмердигин ийгиликтүү жүргүзүп келе жатат.
• Бүгүнкү күндө «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын 18 бөлүмү бар: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Кара-Балтада, Чолпон-Атада, Караколдо, Өзгөндө.
• «Халык Банк Кыргызстан» ААК универсалдуу банктын статусуна ээ жана өз ишмердигин № 044 банктык лицензиясынын негизинде жүргүзөт.
• Мамлекеттер аралык эсептешүүлөр боюнча Банктын кардарларын тейлөө үчүн Германиянын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кореянын, Грузиянын жана башка өлкөлөрдүн ири банктары менен корреспонденттик мамилелер түзүлгөн.