СИЗДИ “КАЧАН?” ДЕГЕН СУРОО ТАЖАТТЫБЫ?

Качан?! Окурман, биз бүгүн бир чети кызыктуу, бир чети олуттуу суроонун тегерегинде сөз кылалы деп турабыз. Ушул макаланы окуп отурган ар бирибиз бул суроого кабылганбыз. Бирибиз суроо бергич, экинчибиз бул суроону уккан адам катары. Качан аял аласың (күйөөгө тиесиң)? Качан төрөйсүң? Качан уул төрөйсүң? Качан экинчисин төрөйсүң? Качан үй алып, адам болосуң? Качан оңураак жумуш табасың? Качандын башы да, аягы да көрүнбөйт. Муундан-муунга өтүп келе жатат. Бул суроонун тегерегинде психолог Гүлнара Тентиева менен маектешип, кызыктуу жооп алдык. Эгер сиз “качан?” суроосунан тажап жүргөн болсоңуз, балким, бул макаладан пайдалуу жооп табасыз.

ЭРТЕ ТУРМУШ КУРУУ СТАНДАРТКА АЙЛАНЫП КАЛГАН МААЛДА ЖАШАГАНДАР...

– Абдан кызыктуу суроо. Эми эң көп тараганына токтололу. 20 жаштан өтүп калган улан-кыздардын баары “Качан аял аласың (күйөөгө тиесиң)?” деген суроого кабылышат, туурабы? Постсоветтик өлкөлөрдө, башкача айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн көбүндө эле ушул жагдай. Кыргыздарда болсо байыртан эле эрезеге жеткен уул-кызын, керекпи, сурабай туруп эле үйлөнтүп-жайлантып коюшкан. Ата-энелерибиз, алардын ата-энелери (алардын да ата-энеси) эрте турмуш куруу стандартка айланып калган маалда жашагандыктан, өз балдарын да ошол чийинден чыгаргылары келбейт. Эми бул суроону ким бергенге болот, кимге болбойт, ошону талдап көрөлү.

АТА-ЭНЕ, БИР ТУУГАН

“Качан?” деген суроону эң жакын деп эсептелген ата-эне, бир туугандардан угуу баарынан оор. Анткени аларды кыз да, уул да мени түшүнгөн, колдой турган эң жакын адамдар деп ойлошот. Андыктан жакындарынан бул суроону уга берген улан-кыз көпчүлүк учурда депрессияга кабылат. Же катуу айта албай, же катуу айтып алып эки жактын тең көңүлү ооруйт. Ар бир адамдын өзүнүн укугу, тандоосу болорун ата-эне унутпаш керек.

Балдарга бирөөнүн оюн таңуулоо туура эмес. Кеңеш бериңиз, туура эмес кадам жасап жатса, эмнеси туура эмес болуп жатканы тууралуу ой бөлүшүңүз. Маселени чечүүнүн жолдорун сунуштаңыз.

Баскан-турган сайын “качан эле качан? Мен сенин жашыңда беш баланын ата-энеси болгом”, “Баланчанын кызы эчак эле турмушка чыккан, сен эле калдың” дей берген туура эмес. Эмнеге үйлөнгүсү же турмушка чыккысы келбей жатканын ойлонуп көрүңүз. Көңүлүн оорутпагандай суроонун жолун табыңыз.

Үй-бүлө кура элек адамда коркуу сезими күчтүү болот. Ата-эне балдарына “мындай аял алсаң экен, оокатты тың кылса экен, чайды оң берсе экен” деген сыяктуу толтура талаптарды кичинесинен кулагына куя берет. Билинбегени менен бул баланын коркуу сезимдерин күчөтөт. “Ошол талаптарды аткара албай калсам эмне болот? Аялым жаман чыксачы?” деп бала турмуш кура элек жатып жакындарына карыздар сезимде жашайт. Эмне кылуу керек? Ата-эне балага үлгү болот. Үй-бүлөдө эркектин өз орду, аялдын өз орду болорун, сый мамиле, мээрим, сүйүү, камкордук жашаарын кичинесинен көрүп чоңойгон уул-кыз эч кимдин кеңеши жок эле өзү да ошондой үй-бүлө курганга аракет кылат.

Эң негизгиси, уул-кызыңызга ишениңиз. Сиз ишенбеген балага эч ким ишенбейт, ал жашоодо өзүн жалгыз калгандай сезет. Колдоого ээ адам күчтүү инсан болуп калыптанат. Турмушун да тың алып кетет.

УЛАН, КЫЗДАРГА КЕҢЕШ

Жакындарынан “качан?” суроосун уга берген кыз да, жигит да үй-бүлөсүнүн өзүнө бакыт каалаганын, эртерээк турмуштан өз ордун таап, бала-бакыралуу болушун каалап жатканын билет. Андыктан бул суроону укканда жинденип, нерв коротуунун ордуна ойлонуп көрүңүз, балким, чындап эле убагы келгендир?

Эгер башка себеби болсо, ачыгын айтыш керек. “Мен өз адамымды таба элекмин”, “азырынча карьерамды гана ойлойм, өтүнүч, чечимимди сыйласаңар” деген сыяктуу. Ата-эне, бир туугандар менен ачык сүйлөшүү жакшы жыйынтык берет.

"Шаштырып жатышат, мен үйлөнүшүм же күйөөгө тийишим керек" деп эле чала тааныш адамдын колун кармап кете бербеңиз. Өзүңүздү да, аны да, балким, балдарды да бактысыз кылып алышыңыз ыктымал. Жакшылап таанып, кайсы бир учурда байкатпай сынап көрүп, анан тагдырыңызды байлаңыз.

КОШУНА-КОЛОҢ, ДОС-КУРБУ, ЧАЛА ТААНЫШТАР

Кимдир бирөөгө бул суроону бер же бербе деп көзөмөлдөй албайбыз. “Тилде сөөк жок” дегендей, маек учурунда ар кимдин билимине, акылына, маданиятына жараша кептер айтыла берет. Бирок биз мисал кылган учурларда “качан?” деген суроонун өзү маданиятсыздыкка, оройлукка жатат. Мисалы, жаш келинден “Качан төрөйсүң?”, “Качан экинчиңди төрөйсүң?”, “Качан эркек бала төрөйсүң?”, "Качан кыз төрөйсүң?" деп суроо өтө одоно көрүнүш. Бала дүкөндөн каалагандай тандап сатып алчу буюм эмес. Кудайдын бергени болот. Бул нерсе аял менен күйөөнүн ортосундагы жеке мамиле бойдон сакталышы керек. Эгер келин өзү жардам сурап кайрылса, анда кеңешиңизди берсеңиз болот.

Байкасаңыздар, кээде бой жетип калган жигит, кыздар туугандар чогулган жерге, негизи эле улуу муун чогулган жерге баргысы келбей калат. Эмне үчүн? Анткени ал жакка барганда өзүн ыңгайсыз сезет. Адамдын жеке чек арасы болот, башка адам ошол чек арадан уруксатсыз өтүп кеткенде ыңгайсыздык жаралат. Дал ошол “качан?” деген суроо чек араны буза бергендиктен, адам ыңгайсыздык жараткан чөйрөдөн качат. Мындай чек араны бузган адамдар көп, туугандардан баштап кошуна-колоң, дос-курбу, классташ, тайпалаш, ата-энеңдин тааныштары, айтор, толтура. Кезиккен жерден оозуна келген биринчи сөздү ойлонбой туруп “качан?” деп балп эттирип салат.

БУЛ УЧУРДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Актанбаңыз. Калыптанган, өз ою, принциби бар адам катары сылык жооп бериңиз. Орой жооп берип, маданиятсыз суроо берип жаткан адамдын деңгээлине түшүүнүн кереги жок.

Тамаша. Эң натыйжалуу жооп болуп тамаша эсептелет. Мисалы, “болсо эле, тойго чакыруу кагазын биринчи сизге жиберем”, “миллион табайын, анан дароо үйлөнөм”, “сиз таап берсеңиз эле” деген сыяктуу жооптордон камдап алыңыз.

Чындыкты айтыңыз. Мисалы, “билбейм” деңиз. Чынында эле качан күйөөгө чыгарыңызды же качан эркек же кыз төрөөрүңүздү билбейсиз да.

Абстракттуу жооп табыңыз. Так бир нерсени айтпай, болжолдуу жооп тапканга аракет кылыңыз. Мисалы, “Кудай буюрган күнү”, “жакынкы келечекте” деген сыяктуу.

Эгер ал адамга дароо чек коюп койгуңуз келсе, мамиле бузулат деп кыжалат болбосоңуз, анда “Сиз үчүн менин үй-бүлө курбаганым маселе жаратканына таң калып жатам” же “жеке жашоомду ар ким менен талкуулагым келбейт” деп так кесе эле жооп берип коюңуз.

Эң негизгиси, кандай жагымсыз суроо болбосун, жүрөккө жакын алып, капалануунун, депрессияга түшүүнүн кереги жок. “Тирүүлүктүн өзү бакыт” дегендей, ар бир көз ирмемден бакыт таап жашаңыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА