Назбек Кенчинбаев, комузчу: “ЖУБАЙЫМ ЭКӨӨБҮЗ НАРИСТЕ КҮТҮП ЖАТАБЫЗ”

Кыргызды комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Бирок ошол көөнөргүс мурасыбыз болгон керемет аспабыбызды келечек муунга өткөрүп берүү жагынан аксап жаткандайбыз. Комузга болгон жаштардын кызыгуусу аз. Ушул багытта эмгектенип, кыргыздардын комузга болгон кызыгуусун гана арттырбастан, улуттук аспапты дүйнөгө таанытууну максат кылган комузчу Назбек Кенчинбаев кезектеги коногум. Каарманым комузда кол ойнотуп гана тим болбостон, өзү комуз чапканды үйрөнүп жатат. Ал азыр өз күүлөрүн жаратуунун үстүндө да иштеп жаткан чагы. Таанымал комузчу жеке жашоосундагы жаңылыгы менен да бөлүштү.

– Саламатсызбы, Назбек мырза? Кепти комуз тууралуу баштасак. Өткөн апта комуз жумалыгы болду, кандай өттү?

– Саламатчылык. Биздин Комуз күнүн белгилегенибизге 2 гана жыл болду. Ошол майрамдын урматына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги быйыл комуз жумалыгын уюштурду. Онлайн концерт өттү, залкар комузчулар эскерилип, илимий-практикалык конференциялар жана видео сабактар уюштурулду.

Ата-бабалардан мураска калган кыргыз искусствосунун туу чокусу – бул комуз. Кыргызды комузу жок элестетүү мүмкүн эмес. Комуздун урматына майрам белгиленгени кыргыз үчүн жакшы жаңылык. Мисалы, Казакстанда домбра күнү белгиленет. Ал күнү эл бардык жерде, көчөгө чыгып алып да домбра ойноп майрамдашат. Биздин майрам да жылдан жылга жакшырып келе жатат.

– Жаштардын комузга кызыгуусу кандай?

– Азыр техниканын өнүккөн заманы. Заманга жараша биз да эски күүлөрдү аранжировкалап, жаштардын табитине ылайыктап, шоуну аралаштырып жатканыбыздан улам жаштардын комузга болгон кызыгуусу артып жатат. Мага “комуз үйрөнөйүн дедим эле” деп кайрылгандар көп. Алардын арасында жаштар гана эмес, улуу муундагы ага-эжелерибиз да бар. Биз кийинки муундун комузга кызыгуусун жаратабыз десек, анда заманга жараша өнүгүшүбүз керек, жаштардын кызыгуусун, техниканын өнүгүп жатканын эске алып, ошого жараша багыт алышыбыз зарыл. Бизде комузчулар көп. Бирок заманга ылайыктап черткендер 2 же 3 эле адам. Артистизм жок, чапан кийип алып, чампалап, чаңкылдатып ойной берүү азыр элге өтпөйт. Идея, креативдүүлүк, аракет жок. Талыкпаган эмгек керек. Иним Дастан Кенчинбаев экөөбүз дүйнөлүк хиттерди комузга салып ойноп чыккандан кийин көптөр “комузду да ушинтип ойносо болот экен” деп таң калышты. Менин аракетим менен комузда ойноо жаңы деңгээлге чыкты десем жаңылышпайм. Жаш муунду ушундай өзгөчөлүктөр менен кызыктырып, анан классикалык күүлөрдү үйрөтсөк болот. Комузчуларда классикалык күүлөрдү гана ойнош керек деген түшүнүк бар. Чаңкылдатып эле ойной берүү азыр элге кызыксыз. Ошол күүнү эле заманбап кийинип, бир аз шоу кошуп, сапаттуу чыгарсак элди тарта алабыз. Ошондо комузчуларды тойлорго да көп чакырышат. Мактангандык эмес, бирок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Нурайым (ред.: Азыкбаева) экөөбүз скрипка менен айкалыштырып “Маш ботойду” ойногондон кийин тойлорго чакыруу аябай көп болгон. Бир күндө 12 тойго барган күндөрүбүз болгон.

Азыр белгилүү эстрада ырчылары “силерден кийин чыкпайбыз, номерибиз элге алынбай калат” деп бизден кийин сахнага чыгуудан качышат. Бул өтө чоң нерсе деп ойлойм. Азыркы эстрада ырчылары таанымал, эл аларды жакшы кабыл алышат. Бирок биз профессионал музыкантпыз да. Алардын жанында деңгээлибиз бийик, билим алганбыз. Аны ырчылар өздөрү деле билишет. Бирок эл аны түшүнө бербейт экен. Ошондуктан биз, комузчулар, изденишибиз керек. Жүрө берсек, комуз унутулуп калат. Дагы сонун идеялардын үстүндө иштеп жатабыз. Бизди чет өлкөгө көп чакырышат да. Эски кыргыз күүлөрүн, өзүмдүн күүлөрүмдү кошуп чет өлкөлүктөрдү да таң калтырчу шоу номерлерди даярдап жатам.

– Өзүңүз күү чыгарып жатасызбы?

– Ооба, бир орунда тура бербей, өзүм да күү чыгарганга аракет кылып жатам. Убагында улуу комузчулар күү жазып, өзгөчөлүктөрдү киргизип, ар кандай кол ойнотуп элди таң калтырышкан. Эмне үчүн биз андай кыла албайбыз?

– Сизди комуз чабат деп да билебиз. Ал өнөрдү чоң атаңыздан үйрөнүп жатсаңыз керек?

– Ооба, чоң атам Орозобек Кенчинбаев белгилүү уста. Белгилүү комузчу, ырчылардын баары комузду чоң атама буюртма берип жасатышат. Жакшы комуз болмоюнча жакшы музыка чыкпайт. Чоң атам сапатына аябай маани берет, берилип алып жасайт. Музыканттар “Орозобек атабыз болбосо комуз азыркы деңгээлге жетмек эмес” деп айтып калышат. Профессионалдык деңгээлде комуз чаап, комузчуларга чоң мүмкүнчүлүк түзүп берген устага ыраазычылык билдиришибиз керек деп ойлойм. Мен да быйыл чоң атамдан комуз чапканды үйрөнүп баштадым.

– Чет өлкөлөрдө комузду жакшы кабыл алышат, күүлөрүбүзгө суктанышат деп айтып калышат...

– Комузубузду даңазалап чет өлкөгө көп барып келдик. Көптөр “канча жерди кыдырсак да колго, моюнга, башка коюп ойногон аспап көрө элекпиз” деп таң калышат. Бир ирет Нурайым экөөбүз Москвада концертте скрипка менен айкалышкан “Маш ботойду” ойноп калдык. Орусиянын примадоннасы Алла Пугачёва жаныбызга басып келип, “чын эле өзүң чертип жатасыңбы?” деп ишенбей сурады. Биз петличка-микрофон тагып алып өзүбүз ойноп жатканбыз. Пугачёва жаздырылган музыка деп ойлоптур. “Жандуу ойноп бере аласыңбы?” деп сурады. Ойноп берсем “мүмкүн эмес” деп таң калган. Ошондон кийин Алла Пугачёва 2 жолу иш-чараларга чакырды.

Бир жолу Сочиге бир компания уюштурган сынакка бардык. Ал сынакка көп өлкөнүн өкүлдөрү келишкен. Биз биринчи орунду алдык. Ал жактан белгилүү орусиялык музыкант Григорий Лепс биздин номерди жактырып, кийин 2-3 жолу өзүнүн концертине чакырган. Бул азыр эсиме келген мисалдар. Чет өлкөлүктөр биздин комуздун мүмкүнчүлүгүнө таң калышат, суктанышат.

– Сиз сахнадан комузду берилип ойнойсуз. Азыр да күйүп-бышып айтып берип жатасыз. Комузга байланышкан эң чоң кыялыңызды билгим келди.

– Комузду кыргыз элине гана эмес, дүйнө элине таанытууга аракеттенем. Казакстанга бир чыгармачылык кечеге барып, казак ырчысы Димаш Кудайберген менен сүйлөшүп калдым. Башында Димаштын ырдаганын казак эли жактырчу эмес экен. Ырчы “казак өнөрүн дүйнө жүзүнө таанытам деген кыялым бар болчу” деп калды. Ошол кыялы азыр орундалып жатат. Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында дейт. Димаш Нью-Йоркко чейин домбрачылар менен барып, домбраны америкалыктарга таанытып койду. Менин да комузду дүйнөгө таанытуу кыялым бар.

– Орундалсын! Жеке жашооңузда жаңылыктар барбы?

– Жакшы жаңылыгыбыз бар. Буюрса, көп жылдан бери күтүп жаткан наристебиз ушул айда төрөлөт. Бул жаңылыгыбызды алгач сиздерге айтып жатабыз. Наристебиз кыз же уул болорун Нурайым мага сюрприз болсун деп айтпай жатат.

– Сонун жаңылык экен. Аман-эсен көз жарып алсын! Жакында шайлоо. Ушул наристелердин келечегин ойлоп, туура тандоо кылышыбыз керек. Татыктуу талапкерлерди көрүп жатасызбы? Келечектеги депутаттардан эмнени күтүп жатасыз?

– Чынын айтсам, буга чейин шайлоого катышкан эмесмин. Быйыл баарыбызды ойлонткон жыл болду. Жакшылап ойлонушубуз керек. Азырынча татыктуу партияны көрө албай турам. Бирок арасында жакшы ойлору менен чыгып жаткан жаштар бар. Союз тарагандан бери коңшуларыбыздын кандай өнүккөнүн көрүп жатабыз. Биз деле өнүгө турган мамлекетпиз. Бирок артта калдык. Пандемия көп кемчиликтерибизди көрсөттү. Жадакалса ооруканабыз жок экен. Мындан ары маселелерибиз чечилип, өнүгүү жолуна түшөбүз деген жакшы үмүтүм бар.

– Буюрса. Маегиңизге рахмат! Кыялдар орундалсын!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Suren
2020-09-21 20:15:11
Бактылуу болгула. Акылдуу, таланттуу жигит.
0
Jaka78
2020-09-22 21:00:38
молодеееец
0
Imon7
2020-09-23 08:31:19
Комузда Жакшы ойнойт
0
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА