НАЗИРА АЙТБЕКОВА КИТЕП ЖАЗДЫ

Алпаруучу, актриса Назира Айтбекованын автордук китеби жарыкка чыкты. Китепте Айтбекованын жашоосу, таенеси, баласы, жолдошу менен ажырашкандан кийинки баласынын абалы тууралуу баяндалат. Аялдарга анализ, эркектерге карата сындар дагы камтылган.

– Окуучу, студент кезде ыр жазчумун. Турмуш курганда жоголуп кетти. 2017-жылы жолдошум менен ажырашкандан кийин кайрадан жалгыздыгымды кооздоп, кара сөз түрүндө келди. Жан дүйнөдөгү жараларымды сүрөттөп, жалгыздыгымды жазып, силер менен сыр түйүнүн чече берип бир китеп даяр болуптур. Мени тыңшап, ыйласам кошо ыйлап, күлсөм кошо күлүп, жазганымды окуп жаныма жар болгонуңар үчүн рахмат. Менин дагы бир талантымды ойготтуңуздар. Ой-толгоомду баалап, жакшы сөз айткан сайын жазгым келди. Дем, күч-кубат, шык алдым. "Китеп жаз. Алгачкы окурманың мен болом" деген сайын коркпой, кадам таштадым,- дейт ал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
narynbek2001
2020-09-22 09:42:15
Назира молодец. Абдан мыкты кызын. Кандай болсон до конца ушундай бойдон журо бер. Ар кимдин ушак создоруно конул болбой эле кой.
0
Mister-X
2020-09-22 18:22:02
Ушуну тим эле койбодун да.
+1
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан