КЫРГЫЗ ЖИГИТИ "ПОЛЕ ЧУДЕС" БЕРҮҮСҮНДӨ ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ

Ысык-көлдүк мекендешибиз Бекболот Буланбаев Орусиянын 1-каналынын "Поле чудес" телеберүүсүнө катышып, ийгилик жаратты. Анын калпак кийип "Таласым" деген ырды ырдаганы көпчүлүктүн купулуна толуп, интернет колдонуучулары аны алкап жатышат. Буланбаевге байланышканыбызда буларга токтолду:

– 2017-жылы окуп жүргөн кезимде интернеттен бул шоу-программаны көрүп, кызыгып калгандыктан катышып көрүүнү чечкем. Анан эл катары эле "Поле чудестин" сайтында жайгашкан суроолорго жооп берип, документтеримди салып жибердим. Ушул жылдын 15-июль күнү мага белгисиз номер чалып туулган күнүм менен куттуктап, долбоорго катышып кетүүмдү өтүнгөн чакыруу баракчасын жиберишти. Жеңиште сыналгы утуп алдым. Бул туулган күнүмө унутулгус белек болду.

Кошумчалай кетсек, Бекболот Буланбаев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктаган. Учурда Новосибирск шаарында ортопед-травматолог адистиги боюнча аспирантурада окуйт жана Сибирдин Искитим шаарында иштейт. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан