СЕНДЕН КИЙИН... (Эки аялдын таң калычтуу тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айтурган үчүн күн менен түндүн айырмасы жок өтүп жатты. Врачтар мурун уктата турган дары беришсе, кийин өзү сурачу болду. Анткен сайын уйкусу качат, анткен сайын жанын коёрго жер таппайт. Көз алдында башка бир аялды жанталаша өпкүлөп жаткан Искендер. Ичи жалын болуп жатты. Ал жалын Искендер каза болуп калганын укканда да басаңдабай койду. Бүт дүйнө ага жат, мээримсиз, алдамчы көрүндү. Эмне кыларын, мындан ары кантип жашаарын билбей жатты. Анткени ал узак жылдар бою Искендер үчүн жашаган эле. Ага сиңип, дүйнөнү да анын көз карашы менен көрүп калган. “Мен” деген нерсе көкүрөгүндө эчак өчүп, “биз” деген нерсе менен жашап жүргөн экен. Эми жарымы жок.

– Омуртка жабыр тарткан. Баспай калышыңыз мүмкүн.

Врачтар ушинтип айтышты. Башкадан да тагдырдын ушул соккусу катуу тийди. Бирок баш ийбегенге чарасы барбы? Кийин уулу чет өлкөгө кетти. Үч бөлмөлүү үйдө жалгыз калды. Кесиптештери башында келип ал-акыбалын сурап турушчу, кийин алар да келбей калышты. Бул дүйнөдө Айтурган деген ысым таптакыр жок сыяктуу баары унутушту. Жалгыздык жаман. Дубалдарды тешип жиберчүдөй жымжырттыктан башы ооруп кетет. Алаксыш үчүн телевизорду күйгүзөт, кайра өчүрөт. Телефонун карайт, кайра ыргытат. Кудум капаска жаралуу жырткычты камап койгондой ызалуу. Айтурган болгону 40 жаштан өтүп жаткан учуру эле. Мына ушундай абалда жатканда ага күйөөсүнүн досу Урмат келди. Искендердин балдары тууралуу айтты. Көкүрөгү күйүп кеткендей болду. Жакшылап ойлонсо, алтынчы туюму менен бул нерсени сезген экен. Өзүнүн көзүнө карап сүйлөй албаганы, кайдадыр жоголуп кеткендери, кээде телефон албай койгондору... Мунун баарын жумушуна байланыштуу деп түшүнгөн эле. Айтурган текчедеги китепчесин алды. “Сенден кийин...” деп жазылган жазууну көрдү. Калемин колуна алып жаза баштады.

– Сен кийин мени эмне болот деп ойлодуң бекен? Ушунча маселенин алдында өзү жалгыз чыга албайт деп ойлодуңбу? Ооба, башка аял менен мамиле курдуң, балдарың да бар экен. Бирок сен мени ойлочусуң. Мени ойлоп жатканыңды көзүңдөн көрчүмүн. Коркоксуң, Искендер. Башында айтканыңда экөөбүз тең бул тагдырга туш келбейт элек. Эмнеге айткан жоксуң? Балким, мени Эрболдон кийин төрөй албай калганым үчүн аягандырсың. “Сен жанымда болсоң болду, төрөбөсөң да жанымда бол, мен сенсиз жашай албайм” деп ыйлагансың. Эрболдон кийин балалуу боло албай турганыбызды укканыңда чын дилиңден ыйлагансың. А мен бечара ошого ишенгем. Бирок сен мени алдаптырсың. Сага бала керек болгон тура. Болбосо тиги балдар кайдан жаралмак? Эң кызыгы, мен эмне үчүн мунун баарын билген жокмун. Мен ушунчалык аңкоо белем же көр белем?

Дагы далай нерселерди жазды. Ызасы бөксөргөнсүп калды. Таң атып келе жатканда уктап калды.

ххх

Аяна жашоосунда өзүн мынчалык алсыз сезген эмес эле. Искендердин каза болгонун укканда такыр ишенген жок. Ооруканада жулкулдатып муздак жүзүнөн өпкүлөп жатканда да ишенгиси келбей турду. Ушунчалык жакшы көргөн адамынын өлүмүнө өзү күнөөлүү экенине ичи сыздады. Жок болуп кеткиси келип турду. Искендер үчүн жанын бергенге даяр эки аялдын кимисиники оор болду? Кимисинин кайгысы күчтүү эле, билип болбойт эле. Аяна кайра бутуна турганга аргасыз болчу. Анткени анын көзүн караган эки баласы, апасы бар болчу. Анан Искендердин чарасыз жалгыз калганы аялы эле. Искендердин аманаты Айтурган болчу. Муну ага досу Урмат айтты. Бир күнү ал ишине келди.

– Салам.

– Кандайсыз, келиңиз?

– Мен сага бир нерсени айтканы келдим, Аяна.

Аяна бир саамга ойлонуп туруп калды.

– Искендер тууралуубу?

– Жок, Искендердин аялы тууралуу.

Аяна таң кала кашын көтөрө берди.

– Мен ал үчүн эмне кыла алам?

– Айтурган жалгыз калды.

– Билем.

– Жок, сен аны жакшы билбейсиң. Ал өлүп калышы мүмкүн. Сендей күчтүү аялдар алсыз аялдардын табиятын билбейт. Күчтүү аялдар тагдырдын кандай соккусу болсо да көтөрүп кете алышат.

– Мен Искендердин аялына эмне кыла алмак элем?

– Ал баспай калды, кийин басып кетери да белгисиз.

– Анан?

– Баласы да Америкага кетти.

– Мен баары бир эмне кыла алам, түшүнө албай жатам? Эмне каалайсыз менден?- деди Аяна чырт эте. Эмнегедир ушул киши өтө жаман кабар алып келчүдөй болуп, анын чыгып кетишин каалап турду.

– Айтурган Искендердин аманаты. Сага таштаган аманаты. Биз акыркы кезде көп сүйлөшүп калганбыз. Ал өлөрүн билгендей айтыптыр. Ал бул сырды айтканга жетишпей калса, менин айтышымды суранган.

– Сыр, сыр. Тажадым сырларыңардан. Баары бүттү. Эч нерсе калган жок. Искендер өлгөндөн кийин эч нерсе калган жок. Мени жайыма коюңузчу.

Урмат көпкө тиктеди. Көздөрүндө аяныч бар эле. Бир нерсе тилинин учуна келип, кайра кетип жаткандай болду. Туруп чыгып кетерде Аяна акырын үн катты.

– Искендер эмне деди эле?

– Айтурган сенин...

– Эмне менин?

– Айтурган акыркы жылдары апасын издеген эле. Апасынын бир гана сүрөтүн тааптыр. Аны да Искендерге берген экен. Искендер сенин апаңды тапканда... Ошондо Айтурган менен сенин апаң бир экенин билген.

– Эмне-е?

– Мына бул сүрөт. Өлүкканага өлүктү алганы барганымда Искендердин чөнтөгүндө ушул сүрөт жүргөн экен.

Урмат чөнтөгүнөн алып чыгып сүрөттү карматты. Ак-кара сүрөттө чачы сеңселген кара көз, кара каш, сулуу аял күлүмсүрөп турган экен. “Апам” деди Аяна жүрөгү сыздай.

– Айтурган сенин эжең. Тагдырлар мынча чиеленишкенин биринчи көрүшүм. Искендер бул тууралуу мага айтып, экөөбүз тең жол таба албадык эле. Кийин кырсык болду. Мен сага айтышым керек болчу.

Тиги киши чыгып кеткенден кийин Аяна каткырып жиберди. Күлкүсү ызага толуп, аягы барып ыйга айланды. Колундагы сүрөттү тиктеп алып солкулдап ыйлап жатты. “Мүмкүн эмес!” деди башын чайкай. Бирок Искендердин аялы менен апасынын жүзү бир учурда көз алдына келди. Шектенүүгө илинчек таба албады. Мурун эле Айтургандын жүзү кандайдыр бир тааныш боло бергенин эстеди.

– Бул эмне кылганың, апа? Дүйнө ушунчалык адилетсиз болобу? Эмнеден жанталаша качсаң, кайра ошого жабышкан да тагдыр болобу? Мен мунун баарына кантип туруштук берем?

Аяна өпкө кага ыйлап жатты.

ххх

Таң атканда кимдир бирөө эшикти ачып жатканын байкады Айтурган. Жардамчы кызы экен деп ойлоду. Бирок ал эместей.

– Ким бул?

Жооп болгон жок. Араң туруп арабасына отурду. Эшикти ачты. Аяна турган экен. Эки аял үнсүз тиктеше берди. Мурун да бир келип кеткен эле. Анда түз тиктей алган эмес. Мында көзүнө тиктеп турду. Көздөрүнөн эч кандай эрегишүүнү да, жек көрүүнү да, менменсинүүнү да көрбөдү. Аргасыздыкты көрдү. Анан аяныч менен карап жатканын көрдү. Ушул эле калды эле. Душманы аны аяп караганы эле калды эле.

– Жогол!- деди ал тиштене.

– Кетпейм мен.

– Жого-оол!- жарыкты өчүрүп-күйгүзө турган узун таягы бар эле, ошону ала коюп качырды. Жаалданып колдору менен шилтей берди. Тиги аял болк эткен жок. Кудум таяк ага тийбей жаткандай кетенчиктеп да койбой тура берди. Алы деле жок болчу Айтургандын, бакырып жатып үнү чыкпай калды. Эсин жоготуп койду. Эсине келгенинде керебетинде жаткан экен. Ашканада казан-аяктын үнү чыгып жатты. Эшик ачылып тамак алып Аяна кирди.

– Өзүңүзгө келдиңизби?

– Кет дедим...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
gukush_92
2020-09-21 10:00:43
Укмуш...Мынча сонун чыгарма... Дагы Бир жума кутуу керек эми...
+2
kurman911
2020-09-23 21:36:06
gukush_92,дааа
0
Kari
2020-09-21 10:50:51
Тагдырдын татаалдыгына тан калбай арга жок.
0
Samieva8890
2020-09-21 11:54:13
Тушунуктуу...
-1
Dikowka93
2020-09-21 11:52:38
Мен учунчу
-1
ninja82
2020-09-21 14:59:20
мынаке чыгарма
-1
Bermet199694
2020-09-23 12:11:49
Даагы бир жума кутуш керек китеби жок бекен?же узагыраак жазып коюнуздарчы сураныч
0
kurman911
2020-09-23 21:35:41
Даааа....
0
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА