АЛАЙДАГЫ ВАНДАЛИЗМ. КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН ПЕТРОГЛИФТЕР ТАЛКАЛАНУУ КОРКУНУЧУНДА

Алай районунун Мурдаш жана Үч-Дөбө айылдарынын баштары бириккен жерде, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктиктеги ашууда коло жана сак дооруна таандык болушу мүмкүн делген тарыхый эстеликтер жок болуп кетүү коркунучунда турат. Социалдык тармактарга жарыяланган маалымат жана сүрөттөргө караганда, ошол аймактан көмүр кенин казуучу компания жол салуу үчүн жерди бошотуу максатында петроглифтерди сүрдүрүп салган. Мындан улам ташка чегилген жазуулар бөлүктөргө бөлүнүп, бир нечеси топурак алдында калган.

МИҢГЕ ЖАКЫН ПЕТРОГЛИФТЕР

Аска бетиндеги петроглифтер Мурдаш айылынан 45 чакырым батышта, Үч-Дөбө айылынан 20 чакырым түндүктө жайгашкан. Аталган жер Алай району менен Кара-Суу районун чектештирген ашуу болуп саналат. Бул тууралуу бизге Мурдаш айылынын тургуну, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Исламидин Нурдинов айтып берди. Анын айтымында, буга кошумча Мурдаш жана Кара-Кур айылдарынын эли чыккан Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көл да жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда.

Нурдиновдун айтуусунда, бул эстеликтер илимий булактарда “Мурдаш башы аска бетиндеги сүрөттөрү” деген ат менен белгилүү болгон. Андан сырткары башка окумуштуулар келип сүрөткө тартып кетишкен. Бирок изилдөө иштери жүргөн эмес. Анткени аталган аймактын климаттык шарты катаал болгондуктан, узак убакытка изилдөө жүргүзүү кыйынга турат.

– Биз 2020-жылдын жаз айларында Алай тоолорун кыдырып, саякатка чыкканбыз. Ошол учурда бул эстеликтерди байкап калдык. Эстеликтер жөнүндө маалыматты Бишкекке жибергенбиз. Бизге ал эстеликтер тууралуу изилденген маалымат жок экендигин айтышты. Анан өзүбүз изилдей баштадык. Алгач эле эстеликтердин санын тактадык. Болжолдуу түрдө 1000ге жакын ташка чегилген сүрөт бар экендиги аныкталды. Аларды топторго бөлүштүрүп классификацияладык. Буюрса, алдыда эстеликтерге байланыштуу илимий эмгек жазууну пландап жатам. Аска бетиндеги петроглифтерден сырткары бул жерде адам көмүлгөн көрүстөндөр бар. Сырткы көрүнүшүнө карап болжолдой турган болсок, сак дооруна таандык болушу мүмкүн деп айта алабыз. Алар да казылып, изилденип аныкталышы керек. Кээ бир маалымат булактары жазгандай, 1985-жылы биринчи жолу петроглифтерде Улуу Жибек Жолунун схемалык картасы бар экендиги жөнүндө божомол жарыяланган.

“ТАРЫХЫЙ ЭСТЕЛИКТЕР ЖОЛ САЛУУ ҮЧҮН ТАЛКАЛАНГАН”

– Эстеликтерди ачып сүйүнүп отурган чакта бир айдын ичинде тарыхый табылгалардын жанынан көмүр кени табылып, ага алып барчу жол салына баштады. Биз барган 13-сентябрда жол салынып, контейнерлерди, вагондорду алып барып жайгаштырып, жумушчуларга шарт түзүп жатышкан болчу. Атайын техникалар өз иштерин башташкан. Кенди ачып жаткандар Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылынын тургундары. Эгерде техникалар өз ишин уланта берсе, бир жумада бул кооздугу укмуш болгон жерден айрылып калабыз деп тынчсызданып жатабыз.
3-4 миң жылдан бери аман-соо сакталып келе жаткан бул маданий байлык жакында жоголуп кетиши толук ыктымал. Себеби жолчулар байыркы доорлорго таандык петроглифтерди талкалоого жол беришкен. Биз үчүн алтынга алмашкыс эстеликтер күн өткөн сайын талкаланып жатышы эмне деген трагедия? 14-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев эстеликтерди сактоо боюнча өкмөт башчы Кубатбек Бороновго кат жөнөттү.

“КӨК-КӨЛ – КЕЛГИН КАНАТТУУЛАРДЫН АЯЛДАМАСЫ”

– Мурдаш жана Үч-Дөбө айылдарына таандык жерден табылган эстеликтерден 20-30 метр обочороокто мөңгү сууларынан куралган, Көк-Көл аталышындагы көл бар. Көк-Көл аябай кооз жана туристтерди тартуу үчүн өтө ылайыктуу жерлердин бири. Анын айланасынын баары ушундай петроглиф. Байыркы адамдардын сыйынуу жайы болгонун болжолдоп жатабыз. Аталган көлдүн жок болуп кетүү коркунучу бар. Бул жер суук түшкөндө ысык аймактарга учкан өрдөк жана башка келгин канаттуулардын токтой турчу аялдамасы болуп саналат. Ал жерди кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү улар, илбирс, теке, кийик сыяктуу жаныбарлар байырлайт. Эгерде Көк-Көл жоголуп кетчү болсо, бул жаныбарлар башка жакка ооп кетүүсү мүмкүн. Жергиликтүү чабандардын айтымында, кен казылып баштачу болсо мал жайлоочу жайыттардын бузулушуна алып келип, жайыт маселесин пайда кылат. Биз менен бирге Ош шаарында жашаган түркиялык мугалим, фотограф Зафер Динчер да барган болчу. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына эстеликтер тууралуу жарыялагандан кийин коомчулукта кызуу талкуу жаралды. Бул боюнча айылдык активисттер Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылып, эч кандай жооп ала алган эмес. Бүтүндөй мамлекеттин маданият жагын тескеген мекеменин талкаланып жаткан эстеликтер боюнча эч кандай реакция жасабай койгону абдан таң калычтуу.

ТАРЫХКА ЖАСАЛГАН КАЙДЫГЕРЛИК

Алай району Улуу Жибек Жолунун алкагында жайгашкан. Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун айтымында, Алайдагы бул эстеликтер Кыргызстанга өтө белгилүү Саймалуу-Таштагыдай, Өзгөндүн Суук-Дөбөсүндөгүдөй жана Чолпон-Атадагы эстеликтердей өтө уникалдуу тарыхый мурас болуп саналат.

– Буга чейин бул петроглифтердин үстүнөн эч кандай илимий изилдөө иштери жүргөн эмес. Тарыхый табылгалар биздин заманга чейинки мезгилден баштап биздин замандын X кылымдарына чейинки доорду камтыйт. Бул таш бетиндеги эстеликтер сак доорунан баштап орто кылымдарга чейинки мезгилди ичине алат. Кеңири 1000 жылдарды кучагына алган доор десек болот. Эгер изилдене турган болсо, эң алгач Саймалуу-Таш эстеликтериндей ар бирин сүрөткө тартып, номер коюлушу керек. Мамлекет тарабынан илим изилдөөгө каражат бөлүнбөгөнүнөн улам, бир эле бул Алай өрөөнүндөгү эмес, башка жердеги тарыхый эстеликтер деле изилденбей талкаланып калып жатат. Баары каражат маселесине келип такалат. Биз – “Мурас” фонду жана “Тарых” коому тарыхый мурастарды коргоп, ушундай эстеликтердин жок болуп кетишине бөгөт койгон өзүнчө өкмөттүн алдындагы атайын кызмат уюштурулуусун айтып келе жатабыз. Тилекке каршы, ишке ашпай жатат. Мисалы, ушундай абал Баткен шаарынан алыс эмес жерде катталган болчу. Анда таш бетине чегилген сүрөттөр табылган. Аны таш иштеткендер талкалап жаткан жеринен токтотуп калганбыз. Бул биздин тарыхка болгон кайдыгерлик, тарыхты билбегендик. Ошондуктан ар бир аймакта тарыхты терең үйрөтүш керек. Мамлекетте тарыхый эстеликтерди талкалоо – бул кылмыш экендиги түшүндүрүлүшү керек. Кыргызстанда таш бетиндеги эстеликтер Жалал-Абад облусунун Казарман айылында, Чолпон-Атанын Сары-Ой айылында, Өзгөндүн Көлдүк айылында жана Алай районунун Үч-Дөбө айылында көп кездешет.

МИНИСТРЛИК: “ЖОЛ КУРУУ ИШТЕРИ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ”

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги социалдык тармактардагы талкуудан кийин тиешелүү органдарга расмий түрдө кат жолдогон. Петроглифтердин келечеги тууралуу сурап байланышканыбызда, министрликтин басма сөз кызматы буларды билдирди:

– Ушул убакка чейин Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорунун ортосунда табылган көмүр кенинин аймагында чарбалык жана жол иштерин жүргүзүүгө макулдук алуу үчүн кайрылуу келип түшкөн эмес. Маданият министрлиги кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан мекемелерге атайын чара көрүү тууралуу тиешелүү органдарга расмий түрдө кат жиберген. Министрлик бул тарыхый жана маданий мурастардын сакталышын, корголушун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрөт. Учурда археологиялык эстеликтер жайгашкан аймакта бардык чарбалык жана жол иштери токтоп турат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 2000ден ашык тарыхый жана маданий кыймылсыз эстеликтер бар. Мындан тышкары жаңы табылган жана изилдене элек да эстеликтер көп. Сөз болуп жаткан Алайдагы археологиялык эстеликтер толугу менен аныктала элек. Алар 1000 объекттен да көп болушу мүмкүн.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
suban78
2020-09-27 21:57:53
Аксыда кадимки аттардын изи тушуп калган таштар бар. Кантип тушуп калган тушунбойсун. Жаны куюлган цементке из тушкондой тушуп калган. Тулпар туяк деп аталат
0
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА