Маек төрүбүздө ырчы, «Музаман» тобунун мүчөсү Аксай Мукамбет уулу менен анын жубайы Айчүрөк Талантбекова. Сиздерге экөөнүн сюрприздерге толгон сүйүү баянын айтып беребиз. Учурда жубайлар эки кызды тарбиялап жатышат.
– Кандайсыңар, Аксай, Айчүрөк? Экөөңөр кантип табышып калгансыңар?
Аксай: – Салам! Мен Искусство институтунда 3-курста окуп жүргөндө Айчүрөк 1-курс болуп келди. Башында көңүл бурчу эмесмин. Кийин көзүмө башкача көрүнүп баштады. 3-курстун аягында бизди практикага жиберишти. Ошондо тайпалашым өзүнүн практикалык иши үчүн мени ырдап берүү гө чакырып калды. Айчүрөктү бийлеп берүү үчүн чакырыптыр. Айчүрөк хореография бөлүмүндө окучу. Ага чейин бири-бирибизди көрүп жүрчүбүз. Ошондо «расмий» тааныштык. Андан кийин жагайын деп артынан көп чуркадым. Башкалардын артынан чуркабайт болчумун, башкалар мынчалык чуркатчу эмес. Бул болсо сүйлөшүп жатып эле сүйлөшпөй коёт. Өзү чокчоңдогон кыз болчу. Сүйөм, бирок жаман жиним келип, мыжыгып салгым келчү. Шашпа, бир күнү мени сүйөсүң, акыры сүйдүрөм дечүмүн.
Айчүрөк: – Ооба, алдымдан чыкса, колумдан катуу кармап эле «мен сени сүйөм. Бир күнү сени сүйдүрөм, көрөсүң, сага акыры жетем» деп айта берчү. Ошентсе кыз сүймөк беле? Аксайдан коркчумун. Анын үстүнө улуу курстагылар «бул баланы эмне кыласың, ал кыз жандуу» дешчү. Өзүм дагы чыгармачыл адам менен сүйлөшпөйм деген ойдо болчумун. Аксай окуу жайдагы көп кыздарды «ананайын» деп эркелеткенин да угат элем. Мени да ошондой кабыл алып жатат деп ойлоп, айткандарына олуттуу мамиле кылчу эмесмин. Бир жылга жакын артымдан чуркады окшойт. Сюрприздерди көп жасачу. Алгачкы ирет инимден чоң букет гүл берип жиберип сүйүүсүн билдирген. Букеттин ичинде открытка бар экен, анда «мен сени сүйөм» деп жазылыптыр. Мага жагымдуу болду, ошондо ичимде жылуу сезим пайда болгон. Андан кийин Аксай өзгөрө баштады, башка кыздарды «ананайын» деп эркелетпей калды. Сүйлөшүп жүрүп кантип жакшы көрүп калганымды түшүнбөй калдым.
Аксай: – Жагайын деп аябай аракет кылчумун. Азыр андай кылбайт болчумун (күлүп). Айчүрөк экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүз менен, бул мага жан дүйнөсүн бере алган жок, «сүйөм» деп айткан жок. Эки жылдан кийин гана Айчүрөк тараптан ошондой сезимдер байкалып баштады. Бара-бара мен жок жашоосун элестете албай калганын билдим. Андай кийин көп ыйлаттым, өчүмдү алдым да (күлүп).
Айчүрөк: – Башында, балким, мындан да жакшысы чыгып калат, азыр жашмын да деп жүрдүм. Кийин сүйүп калганымды өзүм билбей калдым. Бир кабинетте дайыма фортепиано ойноп, ырдап отурчу. Бир күнү ошол кабинетке чакырды. Кирсем, «Сени убактылуу колдонуп жүргөм. Сүйлөшкөн кызым бар болчу. Аны менен таарынышып жүргөндө сени менен сүйлөштүм. Азыр жараштык, жакында баш кошобуз. Сен бошсуң» деди. Нес болуп турдум, унчукпай чыгып кеттим. Жаман болдум, өзүмө ар кандай суроо бердим, бирок кыйналууга өзүмө жол берген жокмун. Ошону менен Аксай 2 күн институтта жок болду. Мен издеп, досторунан сурап баштадым. Сүйүп калганымды ошондо билдим. Үчүнчү күн дегенде келди. Экөөбүз сүйлөшпөйбүз, учурашпай өтүп кетебиз. Мен бир убакта жек көрүп да, сүйүп да жаттым. Жанымдан өтүп кетсе, жүрөгүм башкача болот. Ошентип 1 жумадай сүйлөшпөй жүрдүк. Бир күнү сабакта отурсам чакырып алды да, баягы кабинетке сүйрөп кирип, «эмне, ишенип алдыңбы? Сени сынагам. Мен сени сүйөм, кандай түшүнбөйсүң?!» деди. Кабинеттен чыгып кетип ыйладым. Эмнеге минтип тамашалайт деп жиним келди. Мен артка кайтпаган адаммын. Бирок ошондо артка кайттым. Кабинетке кирип, «кайра башынан баштайлыбы?» дедим.
– Аксай, сизди көпчүлүк Айчүрөккө кыз жандуу деп айтышчу экен...
Аксай: – Эркектердин баары эле кыз жандуу да. Азыр деле жанымдан өтүп бараткан кыздарды жөн өткөрбөй тийишем. Келинчегим экөөбүз кыздарды чогуу талкуулайбыз.
Айчүрөк: – Мен да тамашакөймүн. Олуттуу боло берген жакпайт. Жашоо ошонусу менен кызык да. Бизде мындай жашаш керек деген эрежелер жок, өзүбүзгө эркиндик беребиз. Бири-бирибизди жаныбызда жок болгон кезде гана кызганабыз. Гастролдорго кетсе «ал жакта көп кыздар бар да» деп ойлоп кызганып кетем.
Аксай: – Мен да жанымда жок болсо кызгана берем.
– Бири-бириңердин телефондоруңарды текшересиңерби?
Аксай: – Айчүрөк мага билдирбей карайт. Мен деле карап коём, бирок мунун телефонунда эч нерсе жок, кызыксыз. Менде контакт көп, көп киши менен сүйлөшөм.
– Күйөрман кыздар да жазып калса керек?
Айчүрөк: – Ооба, жазышат. Жаш кыздар жазышат. Аксай алардын жактырган ырчысы болсо эмнеге жазбасын? Сүйлөшө берсин. Негизгиси, мен күйөөмө ишенем. Аял киши жолдошун ар тараптан колдошу керек, жолдошуна төп келиш үчүн өзүн туура алып жүрүшү керек.
– Аксай романтик экен, үйлөнүү сунушун да өзгөчө киргизсе керек?
Аксай: – Жок, биз 4 жыл сүйлөштүк. Сүйлөшүп жүргөндө «мен окууну бүтүрүп иштесем, айылдагы там бүтсө үйлөнөбүз» деп айта берчүмүн. Ага чейин ата-энем менен тааныштырып койгом. Ошентип жатып эле баш кошуп калдык. Ага экөөбүз тең даяр болчубуз.
– Жакшы. Үйлөнгөндөн кийин эмне өзгөрдү?
Айчүрөк: – Өзгөрүү болгон жок. Мен эне болуп бир аз токтолдум. Мамилебиз ошол бойдон калды. Азыр деле бири-бирибизге сюрприздерди жасап турабыз. Бирок көбүрөөк көңүлдү кыздарыбызга буруп калдык. Азыр биздин 2 кызыбыз бар.
– Кандай ата-энесиңер?
Аксай: – Эркин тарбиялаганга аракет кылабыз. Аша чаап баратса урушуп коём, менден коркушат.
– Аксай балдарына убакыт бөлөбү?
Айчүрөк: – Ооба, атайын бир жактарга алып барып ойнотот. Кыздары атасы түндө тойдон келгенче күтүп отурушат. Келгенде аны менен ойноп, анан укташат.
Аксай: – Кээде күндүз жумушта, түндө тойдо болуп калам. Ошондо кыздарым «ата, кайра эле кете бересиңби, кетпечи» дешет. Боорум ооруп, кетким келбей үйдөн араң чыгам.
– Аксай, үй иштеринде жубайыңызга жардам бересизби?
Аксай: – Мен падышамын деп жата бербейм. Жардам берген жакшы. Кээде тамак жасап жатса, туураша калам, кыздарга тамак берем. Тамакты чогуу жасаган жагат.
– Үйдөгү келишпестиктерди кантип жеңесиңер?
Айчүрөк: – Башында урушуп кетчүмүн. Азыр сүйлөбөй коём.
Аксай: – Айчүрөк жинденип баштаганда мен күлүп отуруп алам. Анан өзү эле басылат.
– Эң романтикалуу учурду эстеп айтып берсеңер...
Айчүрөк: – Баш кошорубузга аз калган. 14-февраль болчу, кар жаап койду. Аксай мага ал күнү концертке кетерин айткан. Телефондон сүйлөшүп жатканбыз. Бир маалда «эшикке чыксаң» деди. Чыксам, чоң букет роза гүл, торт, моюнга такчу чынжырча көтөрүп келип калыптыр. Гүлдү берип, чынжырчаны моюнума такты. Эшикте кар жаап жатат, ошол учур мен үчүн эң романтикалуу болгон.
Аксай: – Айчүрөк да мага сюрприздерди көп жасайт. Даталуу күндөрү эч нерсе деле болбойт деп ойлосоң, ар кандай белектерди берип, бир нерселерди оюнан чыгарып жасай берет. Бул жылуулук тартуулайт. Азыр кээде гүлгө караганда кийим алып берейин же сыртка чыгып тамактанып келели деп калам. Үй-бүлөлүү болгондон кийин сүйүү балдарга өтөт деп коюшат. Ооба, кыздарыбызды сүйөбүз. Бирок ортобуздагы сүйүүбүз өчкөн жок. Азыркы сүйүүбүз мурдагыдан күчтүүрөк. Сүйүүнү сактап калуу да, өчүрүп салуу да өзүңдөн көз каранды. Сүйүүнү багыш керек, анын жашашы үчүн аракет кылыш керек. Сүйбөй калыш бат эле.
– Сүйүүңөр түбөлүктүү болсун! Маегиңерге рахмат!
Перизат Музуратбекова