Дастан Шаршеев, мушкер: «СПОРТЧУЛАР САЯСАТКА БАРСАК, ЖЕБЕЙ, ТАЗА ИШТЕЙ АЛАБЫЗ»

Бул мырзада атуулдук сезимдер күчтүү экени даана байкалат. Ал өлкөгө пайда келтирем, элиме кызмат кылам деп ар тараптан изденип, билек түрө ишке киришкен чагы. 1,5 ай мурун Ысык-Көл облусунун жетекчисинин жардамчысы болуп дайындалган спортчу Дастан Шаршеев менен жаңы киришкен кызматы, спорт жана башка темада маектештик.

– Саламатсызбы, Дастан мырза, иштериңиз жакшыбы? Мамлекеттик кызматка көнүшүп калдыңызбы?

– Жакшы, буюрса. Үйрөнүп жатабыз.

– Алгач сунушту кандай кабыл алдыңыз? Мен бул кызматка даярмынбы деген ойлор болдубу?

– Негизи мага күтүүсүздөн болду. Албетте, сунушту ойлонуп кабыл алдым. Анткени өзүбүздүн жерибизге колумдан келип турганда кызмат кылууну чечтим. Эми буюрса, иштеп баштадык. Жумуш көп.

– Спортто жүрүп мамлекеттик кызматка өттүңүз. Оорчулук жаралдыбы?

– Азыркы учурга чейин эле оор. Бирок Кудайга шүгүр, билимим бар. Чемпион болуш деле оңой эмес. Бир эле күч эмес, башты да иштетиш керек. Бул нерсени мен билбейм, колумдан келбейт деп кылбай койгон болбойт. Кудай «өз элиңе, жериңе барып кызмат кыл» деп оомат берди, буюрса, иш үстүндөбүз.

– Бийлик өкүлдөрүнө көп сындар айтылат, сиз дагы сындап келгенсиз. Кызматка барган соң оюңуз өзгөрдүбү?

– Чындыгында, сын айтыш оңой экен. Иштеп жатканыбызга бир жарым ай болду. Ысык-Көл аймагын айланып, ар бир айылга барып ал жактагы жагдайлар менен таанышып чыктык. Акыбал кандай, эмне иш башташыбыз керек, пландап алып «10 кадам» деген программа менен иш алып барып жатабыз. Деги эле Ысык-Көлдө абал оор. Биринчиден, көп айылдарда таза суу жок, экинчиси – бул жол маселеси, жерлер трансформация боло элек. Жайыттарды бөлүштүрүп, каралган-каралбаган көл жээктерин тактап, эмдиги жылдан баштап жергиликтүү тургундарга иштеткенге бергени жатабыз. Үч жылдан кем эмес убакытка алып, көл жээгин карап иштетишет.

– Пандемия күч алган оор учурдан кийин оюңуз кандай өзгөрдү?

– Абдан өкүнүчтүүсү, азыр тууган-туушкан болуп муну-тигини шайла деп бөлүнүп урушуп жатабыз. Пандемия маалында баарыбыз арабабызды чогуу сүйрөп биримдиктүү, күчтүү болуп жаттык эле. Азыр эки жаат болуп бийлик, мандат талашмай болуп кетти. Бирок ошол эле талапкерлердин арасында чыгаан жигиттер бар. Ошолор депутаттыкка барса көп нерселерди өзгөртөт. Пандемия маалында көптөгөн илимдүүлөр, акындар, аалымыбыз Чубак ажы өтүп кетти. Адамдар көз алдыбызда өмүр менен коштошкон учурлар болду. Батиринен куулуп чыгып калган, ачка отурган канча үй-бүлөнү көрдүк. Эч нерсеси жок ыйлап отурган жесир аялдарды, жетим балдарды, эне-аталарды көрдүк. Ушулардын баары кызматка барууга түрткү болду. Өткөндө айлык алдым, айлыгым 9600 сом. Жумушка айлык акы үчүн барган жокмун. Элиме кызмат кылайын, бийликке жетпеген сөзүн жеткирейин, колумдан келгенин чечейин деп бардым.

– Депутаттыкка талапкерлигиңизди коюу жөнүндө ой болгон жокпу?

– Үч партиядан сунуш келген. Жакшылап таразалап, жөн эле бирөөнүн куралы болуп калбайын дедим. Депутат болуш оңой эмес, бул чоң жоопкерчилик. Мен азыр 30 жаштамын, тажрыйбам жетишпейт. Ал жакка барып алып, пайда алып келбей, зыян келтирип албайын деген ойдомун. Кабыл алынып жаткан мыйзамдарга макулдугуңду беришиң керек, ал эмне мыйзам экенин билбей туруп колдоп берип койсоң ага да жооп бериш керек. Кудайым буюрса, келечекти терең ойлоп, депутаттарга сын айта бербей, иш жүзүндө өзүмдөн баштадым. Балким, кийинки чакырылыштарга барам.

– Бул жылы депутаттыкка бир топ спорт өкүлдөрү ат салышууда. Буга каршы пикирин билдиргендер дагы бар. Сиз кандай көз караштасыз?

– Спортчулар эмне адам эмес бекен? Мушташканды эле билип, саясатчы боло албайбы? Профессионал спортчу болуш оңой эмес. Биз ошончо мээнет кылып, желегибизди желбиретип даңктап жаткан өлкөбүз сатылып, карызга чөгүп бара жатса, биз элибизге кызмат кылбаганда ким кылат? Биз, спортчулар, саясатка барсак, жебей, таза иштей алабыз. Бизде бардык нерсе жолго коюлган, казынадан жебей таза иштеп бер, болду.

– Өткөн жылы эки беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңүүчү болгонсуз. Бул жылга кандай пландар бар эле? Өзбек мушкери Нурсултан Рузибоев менен беттешүүгө чакырык таштагансыз. Ал беттеш эмне болду?

– Беттештер бар эле, ишке ашпай калды. Алар тууралуу айтпай эле коёлу. Ал чакырыгымды кабыл алдым деди. Бир туруп чыгам, бир туруп чыкпайм дей берди. Акыры жайына койдум.

– Азыр кызматтагы адамсыз, машыгуулар кантип жатат? Спорт да убакытты талап кылат, экөөнү бирге алып кетүүгө мүмкүнбү?

– Азыр мурдагыдай машыгууларга убакыт деле жок. Эртең менен саат жети жарымдарда жумушка барабыз, онлайн чогулуш болот. Ошону менен колум деле бошобойт. Буюрса, жаңы жылдан кийин машыгууларды улантам. Берилген убакытты туура пайдаланып эки тармакты тең бирге алып кеткенге колумдан келишинче аракет кылам.

– Жеңиш менен катар жеңилүү болот. Спортту таштайм деген ойлор болгонбу? Деги эле жеңилүү абалынан кантип чыгасыз?

– Утулуп калганда көп нерсе оюңа келет. Ачка-ток экениңе карабай тер төгө машыгып, талыкпай эмгектенип жүрүп жеңилип калганда «жөн эле элдей болуп оокат кылайынчы» деген ойлор болот. Ошондой кезде адамды каалоо, үмүт, умтулуу алдыга жылдырат. Спорт – бул талыкпаган эмгек. Ага канча берсең ошончо аласың. Утулганда капаланасың, чөгөсүң. Бирок жаныңда машыктыруучуң, досторуң болот. Кайрадан күчтөп машыгууларды баштап, аракетиңден тайбайсың. Эгер машыгууң үзгүлтүккө учурап, уйкуң калыпта болбосо, артка кетесиң. Деги эле профессионал спорт – чоң китеп. Тартипти карманса ар бир адам бийиктикти багындыра алат.

– Рингдеги кызуу кандуу Дастан жашоода кандай?

– Эми ал биздин жумуш. Рингге мушташканы чыгам. Жашоодо сиз көрүп тургандай, жөнөкөй, жоош, бир мүнөз эле жигитмин.

– Бойдоксуз, бул суроого токтолбой кетсек болбойт. Кандай кыздар жагат? Же үйлөнүү алдында турасызбы?

– Буюрса, эмдиги жылы үйлөнөм деп турам. Ар бир нерсенин өз убактысы келет экен. Үйлөнбөй жүрсөм, демек, анын убактысы келе элек. Мага апама окшош кыздар жагат. Апам аябай сулуу, кыйын аялзаты. Өзү кичинекей болгону менен, жүрөгү чоң. 4 эркек, бир кыздын апасы, мүнөзү сонун, баарын терең ойлонот. Баарына тең караган абдан эмгекчил киши.

– Спортчуларга мамлекеттен жетиштүү көңүл бөлүнбөйт деген нааразычылыктар айтылып келет. Спорт менен жан бакса болобу?

– Мамлекетке доомат артуудан мурун «мен өлкө үчүн эмне кылып жатам?» деп суроо бериш керек. Бизде мамлекет кылбайт деген нерсе калыптанып калган. Керек болсо адамдар өзү жашаган жерин да тазалап коюшпайт. Эшигинин алдын чөп баскан, таштандылар жатат. Ошол өзү жашап жаткан жерди сонун кылып тазалап койсун. Баары өзүбүздөн башталат. Спорт – акчаны талап кылат. Чыдап ийгилик жарата берсең, акча өзү келет. Мисалы, мен үй-жай, баарына бир гана спорттун арты менен жеттим.

– Ишиңизге ийгилик каалайм. Элдин уулу болуп, эл кызматында жүрө бериңиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
katerina.li
2020-09-29 13:18:01
Ооба ишендик.
-1
Nurelmadina
2020-09-29 23:10:56
Дастан кыргыздын патрийот жигитеринин бири
0
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан