Кыргызстандык 27 жаштагы спортчу Зулкарнайн Камчыбеков АКШнын Миссисипи штатында ММА боюнча өткөн эл аралык мелдеште атаандашы америкалык Майк Андерсонду утуп, карьерасында үчүнчү жолу жеңишке жетишти.
Кыргыз мушкери америкалык атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей беттештин 3-раундунда аны нокаутка учуратып, мөөнөтүнөн эрте жеңип алган. Зулкарнайн Камчыбеков буга чейин орто жеңил салмакта беттештерге катышып жүргөн болсо, АКШда өткөн турнирде биринчи жолу жеңил салмакта беттешке чыкты.
Жумабай Акимов