БРИТАН МУЗЫКАСЫНЫН ХАНЫШАСЫ DUA LIPA

Ийгиликтүү модель, популярдуу ырлардын автору. Хит артынан хит жаратып бат эле миллиондогон музыка сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан британиялык ырчы Дуа Липа тууралуу сөз кылмакчыбыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Дуа Липа (Dua Lipa)

Туулган жылы – 1995-жыл, 22-август

Туулган жери – Улуу Британия, Лондон шаары

Бою – 173 сантиметр

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Жанры – поп, инди-поп, дрим-поп, синтипоп, R&B, дарк-поп

Репертуарындагы ырлары – "New Love", "Be the One", "New Rules", "One Kiss", "Kiss And Make Up", "Physical" жана башка

ЫРГА СУГАРЫЛГАН БАЛАЛЫК

Дуа Липа Лондон шаарында Косоводон келген мигранттын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Дуанын ысымы албан тилинде “мен сени сүйөм” деген маанини билдирет. Ырчы кыз кичинесинен эле музыка менен чоңойгон. Атасы Дукагжин Липа дагы убагында рок-ырчысы болгон. Көп убактысы атасынын жанында өткөн Дуанын музыка жаатына болгон сүйүүсү бала кезинен эле ойгонуп, ырчы болуу анын негизги кыялына айланат. Ал 12 жашка чыкканда ата-энеси кичи мекени Косового көчүп кетишет. 14 жашында Дуа Ютубга Нелли Фуртадо, Кристина Агилеранын өзүнө жаккан ырларын кавер ырдап жүктөй баштайт. Ага биринчи популярдуулук ошол учурда келет. Ырчылык карьерасын өстүрүү үчүн 15 жашында кайрадан Лондонго кайтат. Жакындарынан бөлүнүү ага канчалык оор болсо дагы максатын ишке ашыруу үчүн кандай кыйынчылык болбосун туруштук бере алган.

“Лондондо өзүнчө жашаганым менен, уйкудан ойгонгонумду, сабакка барган-келгенимди апам телефон аркылуу көзөмөлдөп турчу. Ата-энем мага эң чоң колдоо көрсөттү” дейт ырчы.

МОДЕЛДИК ӨНӨРГӨ КАПЫСТАН КЕЛГЕН

Музыкалык билимин өнүктүрүү менен бирге 16 жашында моделдик карьерасын да түптөп үлгүргөн. Модель болуу жөнүндө ойлонгон деле эмес. Бирок сулуулук, бой-келбет айкалышып турса моделдик бизнесте өзүн сынап көрүүгө эмнеге болбосун? Ал бул тармакка капысынан келип калганына карабай ийгиликтүү эмгектенип, көптөгөн белгилүү компаниялардын жүзү болууга жетишет. Ырчы кыз бул кесиби тууралуу эскерип, ашыкча салмак, дене мүчөнү өзгөртүү тууралуу өз ою менен төмөнкүчө бөлүшкөн: “Бир жолу мага салмак таштоо керектигин айтышты. Мен ашыкча салмактан арылууга аракет кыла баштадым, бирок диета менин маанайымды түшүрүп, алсыратып, өзүмө болгон бааны жоготорун түшүндүм. Андыктан ар бирибиз өзүбүздү кандай болсок, ошондой сүйүп-баалайлы. Эч качан бирөөнүн пайдасы үчүн өзгөрүп убара болбош керек”.

ОФИЦИАНТТЫКТАН ЧОҢ САХНАГА СЕКИРИК

2015-жылы белгилүү "Warner Bros.Records" компаниясы менен келишим түзөт. Ушул эле жылы август айында «New Love» деген дебюттук ыры жарык көрөт. Аны улай эле «Be the One» ырын угармандарына сунган Дуа Липа бир жарк этип алды. Анын ар бир ыры өз угармандарын таап, дүйнөлүк чарттардын алдыңкы сабынан орун алып жатты. Ар бир ыры ТОП-100дүктүн алдыңкы катарын толуктайт. Аз убакыттын ичинде жылдызы жанган ырчы кыздын алгачкы концерттик туру Европа өлкөлөрүндө орун алат.

“Келишим түзгөн учурда 18 жашта болчумун. Ресторанда официант болуп иштечүмүн. Келишим түзгөндө мен жумуштан кетеримди, кайра бул жумушка келбесимди ойлоп абдан толкундандым. Жумуштан кеттим. Ар бир таңда студияга барган мага ушунчалык жагып жатты. Мен ошондо өзүмө-өзүм "токтобой аракет кыл, эмгектен" дедим, себеби мен кайрадан ресторанга кайтып баргым келген жок. Башында баары оңой болгон жок. Бирок эки жыл аралыгындагы менин жетишкендиктерим мен күткөндөн да мыкты болду. Ооба, мен үмүттөнгөм. Бирок мындай ийгиликти күткөн эмесмин. Бул учур мени алга жылууга түрттү” деп эскерет.

САХНА ЭМГЕКТИ БААЛАЙТ

Дуа сахнага чыккан жаңы ырчы, бирок эң мыкты. Өзгөчө үн, мыкты аткаруу чеберчилик. Клиптеринин мазмуну да өзгөчөлөнүп турат. Музыка сынчылары ырчынын вокалы күчтүү экенин белгилешет.

Дуа Липа кино чөйрөсүнүн да көңүлүн өзүнө бурдуруп, 2016-жылы ал жөнүндө документалдуу фильм да тартылган.

Талыкпаган эмгектин арты менен 2017-жылы Dua Lipa аттуу алгачкы альбому жарык көрөт. Анын дүйнөгө желдей тараган «New Rules» ыры Британияда гана эмес, дүйнөнүн ар бурчунда чарттарда биринчи болуу менен британ ырчысы Аделдин «Hello» ырынын рекордун ашып өттү. 2019-жылы музыка индустриясындагы эң беделдүү "Грэмми" сыйлыгында "Эң мыкты жаңы аткаруучу" жана "Эң мыкты бийге ылайык ыр" наамдарына татыган. 2020-жылдын март айында «Physical», «Don’t Start Now» ырлары менен коштолгон Future Nostalgia аттуу экинчи альбомун күйөрмандарына сунду.

СҮЙҮҮ ЖАНА ДУА ЛИПА

Феминисттик көз карашты, аялзатынын жан дүйнөсүндөгү бурганакты ырларында чагылдырып, айымдарды күчтүү болууга чакырган ырчы кыздын жеке жашоосу да кызыктырбай койбойт. Чыгармачылык деп жүрүп жеке жашоосун унутта калтырбастан, ырчы сүйүү романдарын курууга жетишкен. Ырчы кыз жигити модель Айзек Кэрью менен таарынышып кетет. Ал ортодо жайкы музыкалык фестивалда Пол Клейнди жолуктурат. Экөөнүн сүйүүсү болгону 5 айга гана созулган. Бир жылдай алыстыкта жүрүп Дуа Айзек менен кайрадан табышат. Бирок бул мамиле узакка созулган жок. Ырчы кыз 2019-жылдын июнь айынан тартып америкалык белгилүү моделдер Белла, Жижи Хадиддердин 21 жаштагы иниси Анвар Хадид менен сүйүү мамилесинде жүргөн чагы. Учурда экөө бактылуу түгөйлөрдөн.

КЫСКАЧА

  • Дебюттук ыры чыккандан 2 жылдан кийин алгачкы дүйнөлүк концерттик турун баштаган.
  • Денесине татуировка тарттырууну жакшы көрөт. Азырынча денесине тартылгандар ага чек эмес.
  • Музыка чөйрөсүндөгүлөр үчүн британ музыкасынын жаңы ханышасы атыккан.
  • Жаш экендигине карабай атасы менен биргеликте косоволуктарга жардам берүү максатында фонд ачкан.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
narynbek2001
2020-09-28 13:33:22
Абдан сулуу айым экен. Фигурасы зынк экен.
+3
manatova
2021-06-04 15:52:21
narynbek2001,ppppppppppppppppp
0
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан