(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
ЭРКЕКТИН ТУКУМСУЗДУГУНУН СЕБЕПТЕРИ
Күндөрдүн биринде бизге 33 жаштагы жигит келди. 3 аялы менен тең ажырашып, эми 4-аялы менен жашап жатканына 2 жыл болуптур. Балдары жок экен. Бардыгын сурап билгенден кийин жыныс органдарын текшерип көрдүк. Урук клеткаларын чыктоочу бези улам-улам сезгенип отуруп, берчке айланып кетиптир. Себеби ал сүзөк оорусу менен 15 ирет ооруп, бардыгында тең өзүн-өзү дарылаган. Бул жигиттин тукумсуз болуп калышынын себеби урук чыктагыч безинин иштебей калганында.
Эркек жыныстык жагынан шал болуп, аялга жарабай калганда да тукумсуздук келип чыгат.
АЯЛДЫН ТУКУМСУЗ БОЛУШУНУН СЕБЕПТЕРИ
Кээ бир аялдардын жыныс органдары тубаса жок болот. Мисалы, жатыны, жыныс кыны, энелик эки бези, жатындын эки түтүкчөсү жана башка. Аял боюнан алдырганда да төрөбөй калышы мүмкүн. Жыныс кынынын ичи сезгенгенде эркектин урук клеткалары ал жерден өлүп калышат.
Жатындын моюнчасынын каналы тар болгондо же сезгенип жара болгондо бала болбойт. Себеби эркектин урук клеткалары жатындын ичин көздөй өтө албай калышат.
Төрөбөгөн ар бир экинчи аялдын башкы себеби жатын түтүкчөсүнүн ооруганына байланыштуу. Мисалы, аял тазалыкты сактабаган жашыруун аборт жасоочу жерден боюнан алдырса, учук же жугуштуу сүзөк оорусу менен ооруса жатынынын оң же сол түтүкчөсү сезгенип, бири-бирине жабышып калат. Эркектин урук клеткалары ошол жерден ары өтө албай, тукумсуздук келип чыгат. Ички бездердин туура эмес иштешине байланыштуу аялдын 2 эн безинен урук клеткалары иштелип чыкпай калат да, аял балалуу боло албайт.
Жубайлардын тукумсуздугун дарылоону алардын жыныс органдарын жана урук клеткаларын текшерүүдөн башташ керек. Дарыгерге жубайлардын экөө тең барышы абзел. Биринчи иретте эркектин урук клеткалары текшерилет. Ал үчүн эркек 3-4 күн ичимдик ичпей, тамеки тартпай, дары ичпей жана жыныстык катнашка барбоосу керек. Дарыгерге келгенде спермасы текшерилет.
Эркектин урук клеткаларынын саны да, сапаты да өзгөрүлүп тургандыктан, уруктук суюктугу 2-3 ирет тапшырылып, текшерилет.
Андан кийин аялды текшерүүдөн өткөрүү керек. Аялды текшерүүнү эки эн безинен урук клеткалары ай сайын жетилип чыгып турабы, ошондон баштоо керек.
Жубайлардын тукумсуздугун дарылоодо ар кандай ыкмалар колдонулат. Гормоналдык дарылар, витаминдер, антибиотиктер же хирургиялык жол менен дарылоо сунушталат. Кээде аялды жасалма жол менен уруктандырса болот. Айрым жаш жубайлардын дени таза, жыныс органдары, урук клеткалары баары жайында, бирок бала болбойт. Мындай жубайларга сексологдордун кеңеши керектелет.
Аялдын боюна болтуруш үчүн атайын секс ыкмалары бар. Сексологдор мына ошондой ыкмаларды сунушташат.
Балалуу болуу үчүн жубайлар жаман өнөкөттөрдөн баш тартышы керек. Мисалы, арактан, баңгиликтен, тамекиден, өз алдынча дарылануудан.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Астра Айдарова
erotika@super.kg