АКТЁР РҮСТӨМ АСКЕНОВ АТА БОЛДУ

"Тамашоучу”, актёр Рүстөм Аскенов 21-сентябрь күнү кыздуу болду. Ата болуп кубанып турган актёр буларга токтолду:

– Ата болгондогу сезимдер башкача экен. Төрөт оор нерсе экенин жубайым төрөгөндө билдим, энелерге ийилип таазим кылгым келет. Кызым 3 килограмм 500 грамм салмакта, бою 51 сантиметр болуп төрөлдү. Ден соолуктары жакшы. Биз үй-бүлөдө 4 эркек чоңойдук. Анан мен дайыма апама “кыз багып албайлыбы” деп айта берчүмүн. Минтип Кудай өзүмө кыз берди, кубанып жатам. Наристенин атын коё элекпиз. Апам кыздардын аттарын тизмектеп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан