Апалардын жүрөгү башкача, алар балдары үчүн тоодой жүктү да көтөрө алышат. Өмүр бою балдарын жүрөгүндө сактап, жашоосун толук балдарына арнай алышат. Бул ирет белгилүү ырчы Малик Аликеевдин апасы тууралуу сөз болсун. “Апам азыр да бир жакка барса “Малигим жейт” деп чөнтөгүнө бир нерсе сала келет” дейт каарманым. Ырчы менен 89 жашка чыккан Калемкаш Аликеева эне тууралуу баарлаштык.
“АПАМ КҮРӨШКӨ ТҮШЧҮ”
– Мен 5 жашымда атамдан калдым. Атам эсимде жок. Эс тартканы апамды эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун кылган оокатка тың аял катары көрдүм. Апам эркек мүнөз, катуу аял. Мени бейчеки бастырган жок. Айылдагыларды деле тарбиялап койчу. Атка мингенде анча-мынча эркектерди такымга басып койчу. Апам жаш кезинде күрөшкө түшөр эле. Ал кезде чабандар жайлоодо күрөш оюндарын өткөрүшчү. Эсимде калганы – мен 5-класста апам экөөбүз жайлоого барып, апам башка колхоздон келген бир аял менен күрөшкө түштү. Мен болсо “эми эмне болот?” деп коркуп, элдин арасында апамдын чапанын кармап алып отурам. Күрөшкө түшкөн аял экөө чогуу чоңойгон экен. Анан кармашып жатып, экөө “кой, чогуу чоңойдук. Эки эл карап турат, уят. Кармашалы, бирок бири-бирибизди жыкпай эле коёлу” деп сүйлөшүшүптүр. Анан эле бир маалда апамдын бир буту көтөрүлүп барып кайра түштү. Көрсө, тиги аял сүйлөшкөндөрүнө карабай көтөрүп чабайын деген экен, ошондо апам “намыс деген андай эмес, мындай болот” деп туруп аны көтөрүп чааптыр. Бир убакта башкарма, парторг, элдин баары чуркап барып апамды көтөрүп кетишти, ызы-чуу түшүп калышты. Мен эмне болгонун түшүнбөй калдым, башымды туман каптап кетти.
Апам мени катуу кармады. Ал кезде Индиянын кинолору аябай популярдуу болчу. Кино келет дегенде биз, жаш балдар, эки күн мурун тегерек-четтин баарын жыйнап, короо-сарайды тазалап баштачубуз. Күндө кылып жүргөн жумушубуз. Бирок кино дегенде берилип, көчөгө чейин шыпырып салат элек. Анан барып ата-энелерден “5 тыйын берип коёсузбу? Кино келет экен” деп суранчубуз. Кинону мектеп окуучулары үчүн күндүз коюшчу. Ага да кирип, кечкисине да калып уурданып кирчүбүз. Эми кинонун таасири шумдук болчу. Кайгылуу кино болсо, көрүп отургандын баары ыйлачу. Ойлоп көрсөм, анда элдин киного, маданиятка болгон көз карашы башкача болчу экен. Кино көргөндөн кийин андагы ырларды комузга салчумун. Анда деле апам сыймыктанса керек. Апам сезимдерин ачык билдирбеген адам. Анын кубанганын, сыймыктанганын көздөрүнөн, маанайынын көтөрүлүп калганынан, далбастап коёрго ашын таппай калганынан билем.
Мектепте окуп жүргөндө мени райондук, облустук конференцияларга, фестивалдарга алып кетишчү. Ошондо мугалимдер “балаңызды чакырып жатышат” деп сүйүнчүлөп келишер эле. Апам түнү менен уктабай, менин кийимдеримди, жаныма салып берчүлөрүн даярдачу. Мугалимдериме да курут, майларын салып берчү. Кийин Фрунзеге чакыра башташты. Ал апам үчүн өзүнчө чоң кубаныч болду. Мектептин директору өзү келип, “Фрунзеге чакырып жатат” деп айткан эле. Анда да апам май-чайын берип, коёрго ашын таппай, колунда барын берип узаткан. Ушул кыймыл-аракеттеринен эле сыймыктанып, кубанып жатканын билчүмүн. Дагы бир ирет Таласта Комсомолдун сьезди болуп, Комсомол комитети мектепке келип окуучулар, ата-энелердин баарын чогултуп, алардын алдында мага Ардак грамота тапшырып, 10 сом берди. Анда активист балдарга жакшы көңүл бурушчу. Ошондо ата-энелер мага батасын берип, өзүнчө чоң майрам болгон.
Ырчы болушума, жеткен ийгиликтериме апамдын салымы чоң деп айтып эле жүрөм. Бир ирет ырдагым келбей калган. Ошондо апам “ырдашың керек, атаңдын жолун жолдошуң керек” деп чыбыкты колуна көтөрүп алып, комузумду карматып жаңы жылдык кечеге алып барган. Ошентип жүрүп ырдап кеттим. Апам өзү да жакшы ырдайт. Ал ырдаса, мен комуз чертип коштоп коём. Апам ырчы болсо, атактуу ырчылардын катарында жүрмөк деп ойлойм. Үнү жакшы, бирок ырчы болбой калган.
“КАЙДА БАРБАЙЫН, ЭМНЕ ИШ ЖАСАБАЙЫН, АПАМ ДАЙЫМА ОЮМДА ЖҮРӨТ”
– Апам даамдуу бал кымыз жасачу. Апамдын кымызын башкалар да жакшы көрүп, мактап ичишчү. Анан да апамдын көмөч казанга бышкан наны менен жаңы тартылган каймагынын даамы азыр да оозумдан кетпейт. Нанды майда туурап, каймак майга аралаштырып аны кымыз менен берчү эле, даамы бир сонун.
Апам баарын бетке айтат, бир нерсени жашыруу, куулук-шумдук кылуу оюнда да жок. Балдарына ошол мүнөзү өткөн. Апам бизди калп айтпаганга тарбиялады. “Жакшылык кыл, жакшылык кылсаң, андан болбосо, башкадан кайтат” дейт. Өзү баарына жакшылык кыла берген адам.
Кичинемден азыркы күнгө чейин кайда болбоюн, эмне иш жасабайын, апам дайыма эсимде жүрөт. Аны унутуп калган күнүм болгон эмес. Дайыма биринчи кезекте апам оюмда турат. Бир жерге барсам, кичинекей нерсе болсо да апама ала келем. 1988-жылы Финляндияга иш-чарага бардым. Ошондо чет жакка биринчи жолу чыктым. Финляндиядан апама токуй турган жип алып келип бергем. Анча-мынча жемпир, байпак токуп калчу. Москвадан кыпкызыл чоң жоолук алып келип бердим. Ал жоолук азыр да бар. 70 жашка чыкканда апамдын портретин тарттырдым. Сүрөт бүткөндө көрүп кетейин деп барсам, апама кичинекей көк жоолук салып тартып коюптур. Анан баягы өзүм чет жактан алып келген жоолукту салып тартуусун сурандым. Сүрөтчү сүрөттү кайра оңдоп, кызыл жоолук салып тартып берген. Ал портрет үйдө илинип турат.
Алтайдан келе жатканда жолдон бир жерден кофе куя турган идиш көрүп калдым да, апамдын чайга сүт кошуп ичкенине ыңгайлуу экен деп аны алып келип бердим. Апам дайым жүрөгүмдө. Азыр да борборго барып калсам, апама деп чайлардын, конфеттердин жакшысын ала келем.
“АПУЛЯ, АПОУ” ДЕП ЭРКЕЛЕЙМ”
– Мен үчүн апамдын жанымда жүргөнүнүн өзү чоң белек. Өмүрү узун болсун, мени эркелетип жанымда жүрө берсин. Апам үчүн азыр деле кичинекей баламын. Азыр деле “мага кичинекей бала көрүнөсүң” дей берет. Бир жерге барса “Малигим жейт” деп жегенинен чөнтөгүнө сала келет. Жакшы тамак болсо, “Малик жейт” деп катып коюп, мага берет. Башкалар “Малигиң кичине бала беле?” деп урушуп калышат, апам ага болбойт. Мен болсо “апуля, апоу” деп эркелейм. Кубанып кетип, каткан куруттарынан бери алып келип берет. Азыр апам экөөбүз жашап жатабыз. Эжем келип, тамагыбызды жасап берип, каралашып турат. Мен ооругандан бери апамдын жаны тынч албайт. Түн ортосунда туруп келип, мени карап кетет. “Эмне керек, чай ичесиңби?” деп сурайт. “Ашказанга жарма жакшы” деп эртең менен туруп жарма кайнатат. Бүгүн да жарма кайнатып берди, ичип алып ток болуп отурам.
Апам сезимдерин ачык билдирбеген адам дебедимби, мен ооруп жатканда да ичинен кайгырганы менен, такыр билгизген жок. Эл келсе, “басып кетсе эле болду” дей берет. Азыр эми басам деп турам, апамдын көңүлү ток болуп калды. Ооруганда жанымда апам, эжем, досум болду. Бул күндөр да өтүп баратат. Эмки айдан баштап басууга аракет кыла баштайм. Врачтар “азырынча коё тур” деп жатышат. Буюрса, басып калсам, апамдын юбилейин өткөрүп, элден бата алсам деген тилегим бар. Андан тышкары концерт берсем, концертиме апам да катышып, ак батасын берсе деген кыялдар менен жашап жатам.
Перизат Музуратбекова