БАЛБАН ТАШЧАЙНАРГА ПРЕЗИДЕНТТИН АТЫНАН ЖАРДАМ БЕРИЛДИ

2-сентябрь күнү Ташчайнар каймана аты менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров эсин жоготуп ооруканага түшкөнү белгилүү болгон. Анын кант диабети менен жабыркап жүргөнүн, микроинсульт алганын жана материалдык жардамга муктаж экенин буга чейин бизге анын өкүл баласы билдирген эле. Учурда ооруканадан үйүнө чыгып келген балбандан 19-сентябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Президенттик аппараттын өкүлү Кудайберген Базарбаев кабар алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Жолугушуу учурунда Нурлан Алишеровго ден соолугун чыңдоого зарыл болгон аракеттерди көрүү үчүн президенттин атынан материалдык жардам тапшырылды. Бүгүнкү күндө Нурлан Алишеров өзүн жакшы сезип калгандыгын жана кийинки рекорддорду багындыруу ниети бар экендигин айтып, ал үчүн толук реабилитациядан өтө тургандыгын билдирди” деп айтылат маалыматта.

Нурлан Алишеровго байланышканыбызда, ал ден соолугу тууралуу буларды айтты:

– 19-сентябрь күнү ооруканадан чыктым. 4 күн комада, андан кийин 10 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Колу-бутум кыймылдабай, тилим булдуруктап сүйлөй албай калган элем, азыр сүйлөп калдым, колдорум, оң бутум кыймылдап калды, сол бутум кыймылдабай жатат. Мен кант диабети, анемия, подагра ооруларынан жабыркап келем. Бул ирет үчүнчү жолу инсульт алдым. Учурдан пайдаланып мага жардам берген врачтарга рахмат айтам. Эми врачтар Воронцовкага дарыланууга жөнөтүп жатышат.

19-сентябрь күнү маданият, маалымат жана туризм министри жана Президенттик аппараттын өкүлү келип, президенттин атынан материалдык жардам таштап кетишти. Бул жардам министрликтин президентке кайрылуусунан улам берилиптир. Мен ооруп жатканда кайдыгер карабай акча чогултуп жардам берген элге ыраазычылык билдирем. Мага азыр дагы жардам керек болуп жатат, дарыларым кымбат болууда.

Нурлан Алишеровго жардам берүүнү каалагандар үчүн:
Элсом – 0776 553535

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан