ЖЫЛУУ ЖУУРКАН ИЧИНДЕ...

Элибизде “эки аялдын башы бириксе, узун ушактан башташат” деген сөз айтылып келет. Ал эми эки эркектин башы кошулсачы? Албетте, алар да өткөн-кеткенди эстеп, “баягычы, баягы...”деп сөз кылбай коюшпайт. Бул жолу “Эробекетке” конокко келишкен куйкум сөздүү куудулдар да баштан өткөргөн окуяларын ортого ташташмакчы.

“АТ МИНЕМ ДЕП...”
Куудулдардын бири айылдан келип, мейманканада кыздар менен эс алып калат. Өмүрү мындай нерсени көрбөгөн куудулга кыздардын бири:
– Я верхом ездить хочу,- дейт.
Куудул аны “мунун ат мингиси келип жаткан турбайбы” деп түшүнүп алат да:
– Тиги ипподромдо тааныштарым бар. Ырас эле алар менен жолукмак элем. Эртең ошол жакка баралы, алар сага ат мингенди үйрөтүшөт,- десе, тиги кыз:
– Дурачок, давай, ложись,- деп тиги кишинин эсин оодарыптыр.

“КӨНБӨЙ ЖАТЫШПАЙБЫ...”
Жамбыл Камчиев бирөөгө үйлөнөм десе, Рахман караманча каршы чыгып:
– Эх, досум, түшүнчү! Эмне, үйлөнбөй эле көңүл ачсаң болбойбу?
Анда Жамбыл:
– Кызыксың да, мен силерге окшоп «красавчик» болбосом... Тиги үйлөнбөсөм көнбөй жатпайбы!- деп башын тырмаптыр.

“БОК ЖАМБАШ” АТКА КОНУП...”
Бир оштук жигит таанышы менен Хайдаркенге жөнөп калат. Баратып Кадамжайдагы Жийделик деген көлгө токтошот. Таанышы бир келинди ары карай алып кетет. Жигит экинчи келинди ээрчитип камыштын арасына кирет. Ошондо жердеги бокту жаза басып алып, булганган чолок шымын көлгө ыргытып, минтип ыр жазган экен:
Хайдаркен жакка баратып,
Кадамжай, сага токтодук.
Кадимки менин «айгырым»,
Кабымда жаткан октолуп.
Келин го калган токтолуп,
Тийишет мага шоктонуп.
«Айгырың» чарчап калыптыр,
Алсын дейт бир аз оттонуп.
Жатканбыз ах-ох болуп,
Жашоодо мындай жок болуп.
Жыгылдым анан чалкамдан,
Сүйүүгө көңүл ток болуп.
Жыт кетти сасык буруксуп,
Жамбаштын жарымы бок болуп.
Өзгөчө башка жыт экен,
Өзбек-кыргыз аралаш,
Баскан бейм, «палоо» топтолуп.
Эсимден кетпей Жийделик,
Эки күн жүрдүм жийиркенип.
“Бок жамбаш” атка кондум мен,
Кадамжай, сага бир келип.
Ошентип, үйүнө машина менен араң жеткен жигит “Бок жамбаш” атка конуп кетиптир.

“ЧОҢДУН ЧОҢДОЙ ПРОБЛЕМАСЫ БОЛОТ”
Белгилүү бир куудул эротикалык кино көрүп жатып, жанындагысына айтат:
– Кээде отуруп Кудайга деле нааразы болуп кетем.
– Ой, эмнеге?
– Тиги негрдин “аспабынын” чоңдугун карачы! Кудай ушул кичинекей нерсени бардыгына эле тең кылып койбойбу дейм да...
– Койчу, эй, ушул кичинекей нерсебиздин эле проблемасы канча болуп жатат. Чоңдун чоңдой проблемасы болсо керек,- дептир каткырып.

“БИРИНЧИСИ – РЕПЕТИЦИЯ”
“Бешиликтин” бир жигити үйлөнүп, Рахманга сүйүнчүлөгөнү келет.
– Шеф, сүйүнчү, мен үйлөндүм!
– Азаматсың! Баягы сүйлөшүп жүргөн кызыңды алдыңбы?
– Жок, башка эле кыз... Эмне, болбойбу?
– Болот, болот. Биринчиси өзү репетиция да,- деген экен.


Па-па-родия...

«ЖОРОЛОР» ТОБУ
“ДИЛ КАЙРЫК”

Көптөн бери үйүнө түнөбөй жүргөн кишинин аялына айтып турган жери:

Сага айтпай мен бир жерге барып жүргөм,
Ал үйгө мен үч-төрт күн калып жүргөм.
Ушинтип кийин баары билинерин,
Унутпай дил кайрыкка салып жүргөм.

Анда аялы да жөн турбастан чын сырын ачып:

Мен дагы сарсанаага батып жүргөм,
Сыздаган сырым ичке катып жүргөм.
Акыры келбесиңди билгенден соң,
Кошуна Мурат менен жатып жүргөм.

Күйөөсү:

Өмүрдүн өрттүү кези өткөн кезде,
Өрүкзар гүлүн күбүп төккөн кезде,
Өзүмө окшош бала төрөп бербей,
Өрүктөр гүлдөп турган көктөм кезде.

Аялы:

Толкусам сенин жиниң кагып алам,
Издесем ал келинди таап алам.
Коркпой апкеле бер ал баланы,
Балдарга кошуп аны багып алам,
- дептир айкөлдүгү кармап.


Алигидот

ИЙГИЛИК ДЕГЕН ЭМНЕ?

  • 4 жашыңда шымыңа жайлабасаң;
  • 12 жашыңда досторуң болсо;
  • 20 жашыңда төшөк кумарына батсаң;
  • 35 жашыңда көп акча тапсаң;
  • 60 жашыңда төшөк кумарына бата алсаң;
  • 70 жашыңда досторуң болсо;
  • 80 жашыңда шымыңа жайлабасаң...

Ушунун баары ийгилик деп аталат.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aminali
2010-10-03 03:27:32
Teksti okugandan korok KIZIL ORUKtu irdagan balanin surotun korson bir az jilmaiip alat ekensin,uwul bala ayabai jagat.
+1
cosmopolit
2010-10-04 22:54:49
мадырайышат оздорунчо эле....
0
Nargiz
2010-10-05 11:41:40
Аябай тамашалуу экен
+1
Antosha
2012-01-09 16:10:25
ваха ха ха ха
0
Mirza1983
2013-03-20 10:29:30
Жакшы ийгилик экен.
+1
kamo
2013-04-14 15:53:16
Жоролор тобундагы жигиттер уйлотуп койгон шариктей элего,торсойушуп. А так жакшы.
0
kozukuchugum
2013-06-06 23:48:10
hahaha
0
janys
2013-06-26 15:25:36
Баракелде Дил Кайрыгынар соонун экен тим эле ....
-1
temirov76
2014-12-14 23:11:39
Хайдаркендеги жакты го
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан