ОРУСИЯДАН COVID-19га КАРШЫ ВАКЦИНА АЛЫНЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН

Орусия Кыргыз өлкөсүнө COVID-19 илдетине каршы вакцина жеткирүү маселесин “артыкчылыктуу тартипте” карайт. Маалымат 22-сентябрда Бишкекте президент Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчуктун жолугушуусунда айтылды. Сөз Орусия даярдап, алгачкы сыноодон өткөргөн вакцина тууралуу болууда. Тараптар пандемияга каршы күрөштө өлкөлөрдүн тийиштүү мекемелери ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү керектигин белгилешти. Жээнбеков эпидемиялык оор кырдаалда көрсөткөн колдоосу, Евразиялык фонддун алкагында 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди.

Алексей Оверчук Бишкекке соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына катышууга келди.

Буга чейин радиолордун бириндеги маегинде Сооронбай Жээнбеков COVID-19 илдети дагы эле адамзатка коркунуч жаратып турганын, өлкөгө орусиялык вакцинаны алып келүү абдан зарыл экенин белгилеп өткөн.

Орусиялык вакцина тууралуу: “Быйыл август айында Орусия президенти Владимир Путин дүйнөдө биринчи болуп коронавирус илдетине каршы орусиялык вакцина каттоодон өткөнүн билдирген. Ал “Спутник V” деп аталат. Клиникалык сыноонун алгачкы этаптарынан өткөн. Жакын арада орусиялыктарды COVID-19 илдетине каршы массалык түрдө эмдөө башталары айтылып жатат”.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан