Бишкек мэриясы 21-сентябрда быйылкы кыш мезгилине даярдануу боюнча кеңешме өткөрдү. Анда борбор шаарды каптаган кара түтүн маселеси кайра козголду. Мэр Азиз Суракматов абаны булгаган фактор Бишкек ЖЭБи жана көмүр менен жылытылган жеке үйлөр экенин айтты. Ал “абаны булгоого унаалардын көптүгү себеп” деген пикирге макул эмес.
“Азыр көчөдө унаалар көп, бирок кара түтүн жок. Ыш каптоо жылытуу маалында башталат. ЖЭБ иштей баштаганда аба булганарын баарыбыз эле көрөбүз”,- деген шаар башчы ЖЭБдин жетекчиси Андрей Воропаевди абанын булганышына көңүл бурууга чакырды.
Воропаев ЖЭБдин жаңы блогуна түтүндү тазалоочу күчтүү систем орнотулганын, ал ноябрдан тарта иштеп баштаарын билдирди.
“Жаңы блоктун түтүгүн карасаңар, андан такыр эле түтүн чыкпайт. Буу гана чыгып жатат. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы такай текшерүүдө, эч кандай эскертүү боло элек”,- деди ЖЭБ жетекчиси.
Ошентип, “Бишкектин абасын булгоодо” деген күнөө кайра эле элге оодарылганы турат. Бишкектин четинде ондогон жаңы конуштар бар, алардын басымдуу бөлүгүндөгү үйлөр кышында көмүр менен жылытылат.
Жолдубек Качкынбаев